Аймак

КАРДИОЛОГИЯ БОРБОРУ ЖАБЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ

КАРДИОЛОГИЯ БОРБОРУ ЖАБЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ

 3,818 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Толук бүтө элек имаратта иштеп жаткан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору жабылуу алдында турат. Ал жерге мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү «ал имараттын эксплуатациясына уруксат берилген эмес» деп эскертүү беришти.

Экотехинспекциянын өкүлдөрү билдиргендей, имараттын эксплуатациясы мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алынбагандыктан, ал жерде иштегенге мүмкүн эмес. Бир айдын ичинде ал кемчиликтер жоюлбаса Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору жабылат. Ал эми аталган мекеменин директору Калдарбек Абдраманов мамлекеттик экотехинспекциянын ошондой шарты бар экенин, толук бүтмөйүнчө кирип иштөөгө болбойт деп эскерткенин айтты. Ошол эле учурда каржылоонун айынан оңдоо жумуштары кечигип, аргасыздан толук бүтпөгөн имаратта иштөөгө туура келип жатканын билдирди.

“Биздин мекемебиздин ондолуп-түзөө иштери боюнча мамлекеттин реакциясын Эгемендүүлүк боюнча алган интервьюңузда да кыскача кошуп айткан элем. (“Аймак” гезити, №25 саны: Эгемендүүлүк бизге эмне алып келди?) – Саламаттык сактоо системасына  нааразы болгон эл, күчкө салып бир нерсе жасап, реформа жасамыш болуп жаткандай кыр көрсөткөн медицинанын  жетекчилери, баары ушул кырдаалга  эмне себеп, чечүүнүн кандай  реалдуу жолдору бар деген  маселеге  көңүл бурушпай калды. Орто жолдо биз врачтар эле күнөөлүү  болуп жатып калдык.

Буга даана мисал 5 жылдан бери Жалал-Абаддагы түштүк эли үчүн  уюшулган жалгыз  кардиоборбордун ремонту толук бүтпөй турат. Өкмөт тарабынан 4 жылдан бери бир тыйын акча бөлүнбөй келет. Мамлекет акча табалбай, “оорулар оорубай, өлбөй кое тургула” деген  таризде. Ошол эле  учурда  күндө 50  адам, жылына 29 миң адам жүрөктөн  каза  болууда. Мына  ушундай  акыбал, 28  жылдык  (эгемендүүлүк жылдарындагы) медицинадагы “жетишкендик”!). 

Негизи бул көйгөйдү жыл сайын эле көтөрүп чыгабыз. Ишке ашырып, көңүл бөлгөн киши жок. 3 кабаттуу кардиология борборун оңдош үчүн бир топ жыл мурун эле 70 млн. сомго долбоор жазылган. Бирок каражат жогунан иш жылбай токтоп турат. Ага карабай биз жылына ушул жерде 300дөн ашык бейтапка операция жасайбыз. Толук бүтпөгөн имаратта күн сайын ангиографиянын жардамы менен эки-үчтөн бейтапка операция жасалып жатат. Ошолордун бирөөсү курч инфаркт илдети менен келет. Мамэкотехинспекциянын эскертүүсүн да туура кабыл алып жатабыз. Бирок имарат толук бүтпөй, бизде аргасыздык болуп жатат. Жабылып калса бейтаптарга эле оор болот” – дейт К.Абдраманов.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын кесепетинен көз жумгандар көбөйүүдө. Өлгөндөрдүн 52 пайызы жүрөк-кан тамыр оорусунан жабыркагандар. Кардиологдордун билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда жылына жүрөккө миңге жетпеген операция жасалат. Өлкөдө жүрөккө операция жасаган 5 борбор болсо, алардын экөө Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан мамлекеттик илимий борборлор.

 “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17