Аймак

ОшМУнун СТУДЕНТТЕРИ ДУШАНБЕ ШААРЫНДА ФОРУМГА КАТЫШТЫ

ОшМУнун СТУДЕНТТЕРИ ДУШАНБЕ ШААРЫНДА ФОРУМГА КАТЫШТЫ

 957 Бардыгы /

2019-жылдын 24-27-октябрь күндөрү Тажикстан республикасынын Душанбе шаарында өткөн “Тажикстан-Азия – 2019” аттуу IV студенттик форумга Ош мамлекеттик университетинин алдынкы студенттеринен, магистранттарынан жана аспиранттарынан куралган 11 делегат катышып келди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент С.М. Амиралиев жетектеп барды. Тажик улуттук университети менен Алтай мамлекеттик университети уюштурган бул форумга Азиядагы 8 өлкөнүн: Россия, Армения, Кытай, Казакстан, Кыргызстан ж.б. 30дан ашуун окуу жайларынан (Казань федералдык, Тува мамлекеттик, Орус-Армян славян, Абай атындагы казак улуттук, педагогикалык, Караганда мамлекеттик индустриалдык, С Айни атындагы тажик мамлекеттик педагогикалык, Самарканд мамлекеттик, Кыргыз улуттук, Кыргыз экономикалык ж.б. университеттер) 150гө жакын өкүл катышып, улуттар аралык достук мамилени бекемдешип, маданият аралык диалог жана аймактар аралык кызматташуу маселелерин таалкуулашып, жаштар ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган, биргелешкен студенттик долбоорлорду пландоонун жана турмушка ашыруунун үстүнөн иштешти.

Борбор калаада өткөн бул жолугушуу “Чек арасыз билим”, “Илимий жигердүүлүк”, “Маданият аралык диалог”, “XXI кылымдын лидерлери”, “Жаштар чөйрөсүндөгү социалдык долбоорлор” деген 5 негизги багыттан туруп, Азия регионундагы окуу жайлардын ортосунда интеграциялык процесстерди кеңейтүүнү жана студенттердин, студенттик уюмдардын өз ара кызматташуусун күчөтүүнү максат кылды.

Иш-чара билим берүүчүлүк, маданий, спорттук жана экскурсиялык программалар менен коштолуп, аларга ОшМУнун студенттери активдүү катышып, жыйынтыгында ардак грамоталарга  ээ болушту.

Эскерте кетсек, Ош мамлекеттик университети ушул жылдын сентябрь айынан баштап, Азия университеттеринин ассоциациясына мүчө болуп келүүдө.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17