Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА БЮДЖЕТТЕ ИШТЕГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕРДЕН МАЙРАМГА КАРАТА АКЧА ЧОГУЛТУЛУУДА

ТҮРКМӨНСТАНДА БЮДЖЕТТЕ ИШТЕГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕРДЕН МАЙРАМГА КАРАТА АКЧА ЧОГУЛТУЛУУДА

 1,023 Бардыгы /

Түркмөнстанда Бейтараптык майрамына карата мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден акча чогултулууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Ашхабаддагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдөгү медициналык жайларда, мектептерде жана бала бакчаларда акча чогултула баштады.

— Кызматкерлерден айлыгына жараша ар башка суммада акча алынууда. Мисалы, бейтапканада иштеген медайымдар 2000 манаттан, бала бакчадагы тарбиячылар 1000 манаттан берип жатышат, — деди кабарчы.

Түркмөнстанда Борбордук банк тарабынан бекитилген расмий курска ылайык, 3,5 түркмөн манаты 1 АКШ долларына барабар. Өлкөдө орточо айлык 228 долларды түзөт.

Кабарчынын айтымында, Ашхабаддагы бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге майрамга карата веложүрүш уюштурулары, бул үчүн жаңы велосипеддерди сатып алуу керектиги айтылган.

Түркмөнстанда Бейтараптык майрамы 12-декабрда белгиленет. Өлкөдө майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде велосипеддерди сатып алууга элден жылына бир нече жолудан акча чогултулат. Өлкө бийлиги түрдүү майрамдарда веложүрүштөрдү уюштуруп келет.

Сентябрда Мары жана Лебап облустарындагы мамлекеттик кызматкерлер велосипед сатып алуу үчүн 40 манаттан тапшырууга милдеттендирилгени кабарланган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17