Аймак

КАЗАКСТАНДА КАМАКТАГЫЛАР КЫЙНООГО КАБЫЛГАНЫН БИЛДИРИШҮҮДӨ

КАЗАКСТАНДА КАМАКТАГЫЛАР КЫЙНООГО КАБЫЛГАНЫН БИЛДИРИШҮҮДӨ

 1,059 Бардыгы /

Казакстандын Орол шаарындагы катаал режимдеги абакта отурган 246 киши Адам укуктары боюнча бюронун жергиликтүү өкүлчүлүгүнө кайрылып, кемсинтүүгө жана кыйноого кабылышканын билдиришти.

Алардын айтымында, 23-январда Улуттук гвардиянын кызматкерлери камераларда тинтүү жүргүзүп, камактагыларды сабап, бир нече саат жылаңач суукта кармашкан.

Жазаларды аткаруу кызматынын Батыш Казакстан облустук департаменти кыйноо болгонун четке кагып, учурда бул боюнча аталган абакта текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

— 23-январда чынында эле тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында чөнтөк телефондор, миздүү предметтер, жарандык кийимдер өңдүү бир топ тыюу салынган буюмдар табылган, — деди мекеме өкүлү.

Өткөн жылы Алматы облусунун Заречный айылындагы абакта тартылган ондогон видеотасма интернетке жарыяланган. Аларда камактагыларды кыйноо, режимди бузуу, уставдан тыш мамиле кылуу жана коррупция учурлары көрсөтүлгөн. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында 14 түрмө кызматкери иштен алынып, аларга каршы кылмыш иши козголгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17