Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДЫН УЛУТТУК КООПСУЗДУК МИНИСТРИ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

ТҮРКМӨНСТАНДЫН УЛУТТУК КООПСУЗДУК МИНИСТРИ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

 757 Бардыгы /

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жарлыгы менен Түркмөнстандын улуттук коопсуздук министри Яйлым Бердиев кызматынан алынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бердиевдин отставкасы анын башка кызматка өткөндүгү менен байланыштуу. Азырынча анын кайсыл кызматка дайындалганы белгисиз.

22-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Бердымухамедов ишиндеги кемчиликтери үчүн Бердиевге сөгүш жарыялап, анын аскердик наамы генерал-полковниктен генерал-майорго чейин төмөндөтүлгөн.

Өз булактардын маалыматына караганда, жакынкы күндөрү Түркмөнстандын күч түзүмдөрүнүн бир нече жетекчиси кызматтан алынат. Бул кадрдык өзгөрүүлөр 2020-жылга белгиленген конституциялык реформага байланыштуу экени айтылууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17