Аймак

2019-ЖЫЛЫ ТАЖИКСТАНДА ТЫЮУ САЛЫНГАН УЮМДАРДЫН 160тан АШЫК МҮЧӨСҮ КАРМАЛГАН

2019-ЖЫЛЫ ТАЖИКСТАНДА ТЫЮУ САЛЫНГАН УЮМДАРДЫН 160тан АШЫК МҮЧӨСҮ КАРМАЛГАН

 858 Бардыгы /

Өткөн жылы Тажикстандын аймагында террористтик жана экстремисттик уюмдардын 162 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Рамазон Рахимзода басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын көбү Тажикстанда тыюу салынган уюмдардын, анын ичинде «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун, «Салафия» диний агымынын жана «Ислам кайра жаралуу партиясынын» мүчөлөрү болушкан.

— ИМ тобунун 81, «Салафия» агымынын 54, «Ислам кайра жаралуу партиясынын» 8, «Жамоати Ансоруллахтын» 3, «Түркстан ислам кыймылынын» 2 жана «Аль-Каида» менен «Талибандын» бирден мүчөлөрү кармалды, — деди министр.

Рамазон Рахимзода мындан тышкары башка өлкөлөрдүн аймагындагы согуштарга катышкан 248 тажик жараны өз эрки менен мекенине кайтып келгенин белгиледи.

Тажикстан ИИМинин ыкчам маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдөгү согуштарда 100дөн ашык тажик жараны каза болгон. Учурда 5 миңден ашык тажикстандык издөөдө.

Ал ортодо «Ислам кайра жаралуу партиясынын» бозгунда жүргөн жетекчилиги партиянын канча мүчөсү кармалгандыгы боюнча так маалымат жок экенин билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө тажик укук коргоо органдары партияга эч кандай тиешеси жок же партиядан бир нече жыл мурда чыгып кеткен адамдарды да кармаганы жазылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17