Аймак

ТАШКЕНТТЕ «ИНСТАГРАМДАГЫ» КАТТАЛУУЧУЛАРЫН КОРКУТКАН ЖИГИТТЕР КАРМАЛДЫ

ТАШКЕНТТЕ «ИНСТАГРАМДАГЫ» КАТТАЛУУЧУЛАРЫН КОРКУТКАН ЖИГИТТЕР КАРМАЛДЫ

 1,236 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН.  Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 3-апрелде кабарлагандай, үч жигит «Инстаграмдагы» түз эфир учурунда кишилерди кемсинтип, зордук-зомбулук менен коркуткандыгы үчүн кармалды.

Расмий билдирүүдө “Инстаграмдагы” Greenrapoff аттуу колдонуучу быйыл январда кишилерди коркутуп-үркүткөн видеолорду жайгаштырганы айтылат. Видео соцтармактарга жайылып, чоң талкуу жараткан.

Бул иш боюнча Ташкентте 19 жана 20 жаштагы эки жигит кармалды. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш сотко жөнөтүлдү. Билдирүүдө үчүнчүсү тууралуу маалымат айтылган эмес.

Быйыл январда Ташкент шаарынын Шайхантохур районунун үч жашоочусу түз эфир учурунда аларга катталган 70 миңдей кишини сөгүп, өспүрүмдөрдүн бири көрүүчүлөрдү бычак менен коркуткан.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17