Аймак

САМАРКАНДДА НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН КИЙИН 52 ҮЙДҮ СУУ КАПТАДЫ

САМАРКАНДДА НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН КИЙИН 52 ҮЙДҮ СУУ КАПТАДЫ

 627 Бардыгы /

 

Өзбекстандын Самарканд шаарында 6-апрелдеги нөшөрлүү жаандан кийин 52 турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

“Зыянга учураган үйлөрдү суудан жана баткактан тазалоо иштерине министрликтин 84 кызматкери, 11 атайын техника, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын, уюмдардын 83 өкүлү катышты”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары бир катар көчөлөр менен короолор суу алдында калган.

Азырынча жаратылыш кырсыгы келтирген чыгымдын көлөмү айтыла элек.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17