Аймак

Баланын кыркы кантип чыгарылат

 53,539 Бардыгы /

. “Баланын кыркын чыгаруу каадасы” Бала төрөлгөнүнө кырк күн болгондон кийин наристенин кыркын чыгаруу каадасы аткарылган. Кыркын чыгаруу үчүн таза ийдишке кырк кашык суу санап куюлган. Учурунда ар бир кашык суу кыргызды бириктирген кырк уруунун аталып куюлчу экен. Маселен бир кашыгын “Сарбагыш атасынын касиетине кызмат кылсын”- десе экинчисин ” Саяк атасынын касиетине кызмат кылсын, үчүнчүсүн Мундуз атасынын касиетине кызмат кылсын”- дегеп кыр урууну толук атагандан кийин ал сууну баланын денээсине сүртүп жуунтуп атканда жалпы тилек айтылат. “Наристенин өмүрү узун болсун.Ден соолугу чың болсун.Акылы зирек болсун. Кырк уруу кыргыз элине ак кызмат кылсын. Кырк уруу аталарынын касиети дайым колдосун.Ата Мекенине, эли жерине тирек болсун.Эл керегине жарасын. Ата эненин уулу эмес элдин уулу болуп чоңойсун…”- деген өңдүү. Азыр кырк уруунун атын эч ким толук билбей калды. Ошондуктан жалпы тилектер айтыла берет. Баланы жуунтардын алдында чачынан кырк кесим кайчыланып кесип алынат. Ар бир кескен сайын учурунда кыр уруунун аты аталган экен. Кырк уруунун касиети колдоп коргоп жүрүшү үчүн. Ошол касиеттерге арыналып кесилип алынып атканы айтылган. Кайчыланган чачты таза ак чүпүрөккө ороп катып сактап коюп кийин эр эзеге жетип өзүнчө бөлүнгөндө колуна тапшырган. Аны андан ары сактайбы же ырымын кылып жерге көөмп коебу чачтын ээси өзү билет. Ырым жырым бүткөндөн кийин баланы таза жуунтуп бөлөп уктатып коет. Кыркы чыккандан кийин бала тынч уктап калат деген ырым бар. Айрым учурда кырк курам болгон кийим да кийгизишкен. Бул да калып кетти. Менимче түпкү негизги мааниси кырк курам кыргыздын ынтымагы бекемделип муштумдай биригип турушу үчүн жасалса керек. “Ар бир уруунун касиетине кызмат кыласың. Ар бир уруунун касети сени колдойт”- деп атпайбы.

Чолпонбек Абыкеев,жазуучу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17