Аймак

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН МЕКЕНЧЕЛДИККЕ ТАРБИЯЛООДОГУ ҮЙ-БҮЛӨНҮН РОЛУ

 915 Бардыгы /

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН МЕКЕНЧЕЛДИККЕ ТАРБИЯЛООДОГУ ҮЙ-БҮЛӨНҮН РОЛУ

РОЛЬ СЕМЬИ В ПАТРИОТИЧЕСКОМ ВОСПИТАНИИ УЧАЩИХСЯ В НАЧАЛЬНЫХ КЛАССАХ

Sulaeva Saltanat Daurbekovna

Jalal-Abad region, Ala-Buka district,

№3 secondary school

them. Nurkula Orozalieva,

bashtalgych classtyn mugalimi

THE ROLE OF THE FAMILY IN THE PATRIOTIC EDUCATION OF PRIMARY SCHOOL STUDENTS

Аннотация: Бул макалада башталгыч класстын окуучуларын мекенчелдикке тарбиялоодогу үй-бүлөнүн ролу жөнүндө жана окуучуларга ата-эненинин, мугалимдин тийгизген таасири, ал аркылуу окуучуларды мекенчелдикке тарбиялоонун заманбап каражаты, педагогикадагы заманбап билим берүү программалары жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу болгон көйгөлөргө жоопторду алабыз.

Аннотация: В данной статье мы ответим на вопросы о роли семьи в патриотическом воспитании учеников младших классов и влиянии родителей и учителей на учащихся, современных средствах патриотического воспитания учащихся, современных образовательных программах в педагогике и ее возможностях.

Annotation: In this article, we will find answers to the questions about the role of the family in the patriotic education of primary school students and the influence of parents and teachers on students, modern means of patriotic education of students, modern educational programs in pedagogy and its capabilities.

Түйүндүү сөздөр: мекенчелдикке тарбиялоо, мекенчилдик аң-сезим, мекенди сүйүү, салттуу дөөлөттөр, кайдыгерлик, эгоизм, индивидуализм, социалдык, руханий-адептик компонент, интеграция.

Ключевые слова: патриотическое воспитание, патриотическое сознание, патриотизм, традиционные ценности, индифферентность, эгоизм, индивидуализм, социальная, духовно-нравственная компетентность, интеграция.

Key words: patriotic education, patriotic consciousness, patriotism, traditional values, indifference, egoism, individualism, social, spiritual and moral competence, integration.

Азыркы учурда окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо маселеси актуалдуу маселелердин бирине айланууда. Себеби, “…кыргыз коомунда мекенчилдик аң-сезимдин, мекенди сүйүүнүн, урматтоонун салттуу дөөлөттөрү улам бошоңдоп, …жаштарда, өзгөчө мектеп курагындагы балдар арасында, жүрүм-турумунда кайдыгерлик, эгоизм, индивидуализм илдеттери күч  алып, …” [1. 88-б.] ал жаңы мүнөздөмөлөргө ээ болуп, ошого жараша аны чечүүнүн жаңы ыкмалары да маанилүү болуп жаткан учур. Мекенчилдикти – “…социалдык жана руханий-адептик компонентти интеграциялаган…” эң маанилүү баалуулук катары карасак болот.

Албетте, үй-бүлөдө башталгыч класстын окуучулары мекенчилдиктин алгачкы сабактарын алышат. Коомдун адеп-ахлак ченемдери балага адегенде ата-энелер тарабынан коюлган талаптар түрүндө көрүнөт, үй-бүлөнүн бүткүл жашоо образында камтылгандай көрүнөт, ал тургай аң-сезимдүү болбосо да, жүрүм-турумдун бирден-бир мүмкүн болгон ыкмасы катары сиңилет. Демек, үй-бүлөдө адаттар, жашоо принциптери калыптанат. Бул болсо үй-бүлөдө кандай мамилелер түзүлөт, кандай баалуулуктар жана кызыкчылыктар биринчи планда турат, балдар кандай болуп чоңоюшат дегендик эмеспи.

Негизинен ата-эне балдарына жашоо жөнүндөгү түшүнүгүн: жаратылышка, элдик ырларга, элдик салттарга, жашоону жакшыртып, кызыктуу кылган адамдарга болгон сүйүүсүн өткөрүп берет. Көп жылдар бою балдар ата-энелери менен жакынкы токойдо, талаада, көлдө сейилдеп жүргөндөрүн эстеп, кызыктуу таасирлерге жана тажрыйбага бай болушат. Демек, сейилдөөлөр баланын жан дүйнөсүндө туулуп-өскөн жаратылышка болгон улуу сүйүүнүн алгачкы учкунун жандырат. Ошондой эле үй-бүлөлүк майрамдык кечелер, чоңдор менен кооз аянтты бойлоп майрамдык фейерверктерге чейин жүрүш – мунун баары балдарда өмүр бою сакталып калган өзгөчө, жаркын сезимдерди ойготот.

Күнүмдүк турмушта ата-энелер мекенчилдик сезимдеринин конкреттүү көрүнүштөрү менен балдарына көп көңүл бурулат. Мисалы: атасы жумуштан келип, жумуштагы иши, ийгиликтери жөнүндө шыктануу менен айтып берет. Же апасы үй-бүлөлүк альбомду барактап, балдарына үй-бүлө мүчөлөрү, туулган жери үчүн күрөшкөн сыйлыктары бар чоң ата, чоң энелери жөнүндө баяндайт жана алардын иши үчүн, үй-бүлөлүк жашоодогу окуяларды эскерет.

Эгерде үй-бүлө искусствону баалап, балдарга элдик музыкалык чыгармачылыктын жана көркөм өнөр чыгармаланын шедеврлерин көргөзсө, уктурса, өлкөбүздүн бардык элдеринин искусствосун урматтаса – мунун баары балдарда мекенчилдик сезимди ойготот. Эң негизгиси, Ата-Мекенге болгон сүйүү, ок атылып, снаряддар жарылганда гана пайда боло бербестигине окуучуларды ынандыруу абдан маанилүү. Ал эми адамдын турмушун жакшыртууга – мектепте жакшы окууга, жакшы иштөөгө, биздин жардамыбызга муктаж болгондорго жардам берүүгө дайыма умтулуусунда күрүнүп тургандыгын окуучуларга жеткирүү маанилүү деп эсептейбиз. Демек, жакшы ишке колдоо көрсөтүү, жамандыкка, зордук-зомбулукка каршы туруу да мекенчилдик. Кээ бир учурларда балдарынын асыл сезимдерин ата-энелер өздөрү өчүрүп, зарыл учурда жардам берүүгө жол бербей, жамандыкка каршы туруу, чындык “чыркырап” турганда унчукпай коюуга мажбурлаган учурлар турмушубузда көп кездешкендигине макул болуубуз керек. Бул, ата-эненин чоң жаңылыштыгы.

Кээде ата-энелер балдарынын көзүнчө өлкөбүздүн коомдук түзүлүшүндөгү кемчиликтерди, баланын жашоосу бүтүндөй “кара тактар” менен көрүнүп тургандай кылып, ушунчалык жаман сөздөр, жагымсыз үндөр менен айтышкан учурлар кездешет. Бул учурда, үй-бүлө тарбиясындагы кемчиликтерден улам ар кандай жаман көрүнүштөр жаман жакка өзгөрө баштайт да, баладагы ыйык болгон үй-бүлөгө, ата мекенди урматтоого жана сыйлоого болгон көңүл коштук мамиле үстөмдүк кыла баштайт десек болот.

Демек, балдарыбыздын мындай болуп калбашы үчүн үй-бүлө менен мектеп биригип, мекенчилдикке максаттуу багытталган иштерди жүргүзүү керек экен. Анткени, балдарга мекенге болгон сүйүүнү сиңирүү, анын жыргалчылыгы үчүн эмгек кылуу, ата мекенди тышкы душмандардан коргоого умтулуусуна тарбиялоо учурдун актуалдуу маселелеринен. 

Мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташтыгы – бул биринчи кезекте “…үй-бүлөнү, баланы үй-бүлөдө тарбиялоонун өзгөчөлүктөрүн жана шарттарын комплекстүү жана системалуу изилдөөнү камтыган максаттуу жана узак мөөнөттүү…” [2. 67-б.] иштин натыйжасы. Демек, башталгыч класстын окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоодо мектеп менен үй-бүлөнүн педагогикалык өз ара аракети дифференцияланган мамилени ишке ашырууда натыйжалуураак болот. Анткени, аны ишке ашыруу үчүн жалпы педагогикалык да, конкреттүү да шарттарды сактоо зарыл.

Бирок, акыркы жылдары мектеп шартында окуучуларды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу өтө төмөн, ата-энелердин убактысы жок. Мындан тышкары, окуучулардын эс алуу секторунда кризис бар. Учурда, мектеп окуучулары көп убакыттарын, телекөрсөтүү жана интернет клубдарында өз алдынча өткөзүп жатышканы маалым.  Бул болсо мектеп окуучуларынын баалуулук багыттарын калыптандырууга терс таасирин тийгизери анык. Ушул өңүттөгү кемчиликтерди төмөндөгүчө атасак болот. Алар:

  • көптөгөн ата-энелерде, өзгөчө ар кандай курактагы окуучуларды мекенчилдик тарбиялоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон билимдердин жана көндүмдөрдүн жоктугу;
  • окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоонун үй-бүлөгө мүнөздүү каражаттарын жана формаларын билбөөсү;
  • согуштун жана эмгектин ардагерлерине, жаратылышка, тарых жана маданият эстеликтерин коргоого, шаарларды жакшыртууга, коомдук пайдалуу эмгекке тартууга жана аларга камкордук менен мамиле кылууда кээ бир ата-энелердин терс мамилеси;
  • үй-бүлөлөрдүн белгилүү категориясы үчүн мекенчилдикке тарбиялоодо оң багыттагы үлгүлөрдүн жоктугу.

Демек, жогорудагы кемчиликтерди жок кылуу аракетинде башталгыч класстагы окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоодо мектеп менен үй-бүлөнүн педагогикалык өз ара аракети үй-бүлөлүк салттарга негизделиши керектиги зарыл жана алардын потенциалын пайдалануу процессинде төмөнкү милдеттерди чечүүнү сунуштайбыз. Алар:

  • эңмаанилүүжанакызыктууүй-бүлөлүксалттардыаныктоо;
  • ата-энелерүчүнатайын “Ата-энерге жардам” аттуу маалыматтык бурчтунболушу жана анын дизайны;
  • окуучулардымекенчилдикке тарбиялоодоүй-бүлөлүксалттардынмаанисибоюнчатоптукконсультациялардыуюштуруу;
  • ата-энелердинжанаокуучулардынкатышуусуменен«Сенин үйүңдүнсалттары», «Үй-бүлөлүксалттар – анынкелечеги», «Өткөн жылдардан – жакынкыжылдарга» аттуу темалардын негизиндеата-энелержыйындарын даярдоо.

Үй-бүлөдөтарбияберүүнүн“…негизгиыкмалары – булүлгү, баланынжашоосунуюштуруужанабалагажардамберүү…” [3. 82-б.]. Мына ушул багытта окуучулардыната-энелеримененбиргелешкениш-чараларды кенже мектеп окуучулары менен уюштурсак болот. Алар: окуу, үйжанаандантышкарыжумуштар, оюндар, спорт, театр. Мунун баары мекенчилдик тарбия катары кызмат кылат. Ошондой эле музейлерге экскурсиялар, үй-бүлөлүк эс алуунун формаларынын бири боло алат. Мында, “…музей экспонаттары менен таанышуу кенже мектеп окуучуларына өткөн жылдардагы окуяларга сүңгүп кирүүгө, өз шаарындагы, аймактагы жана өлкөсүндөгү кереметтүү адамдардын турмушу менен таанышууга, искусствонун, илимдин жана техниканын…” [4. 68-б.],  ар кандай тармактарындагы жетишкендиктер менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Бул учурда ата-энелердин түздөн-түз катышуусун камтыган изденүүчүлүк иштери да окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоодо чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Мында, окуучулар музейдин же долбоордук иш-чаранын негизинде сунушталган темалардын бири боюнча изилдөө иштерин аткара алышат. Мисалы: “Үй-бүлөнүн тагдыры – өлкөнүн тагдыры”, “Баатырм – мекендештерим”, “Тарыхтан тирүү күбөлөр”, «Баатыр чоң атам» сыяктуу темаларды айтсак болот.

Үй-бүлө менен мектептин биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасы аскердик-мекенчилдик темадагы балдар долбоорлору да болот. Аларга төмөнкүлөрдү кошсок болот. Мисалы:  «Окуучу – баатырлар», «Баатыр –балдар», «Аталардын даңкы – окуучулардын канаты» ж.б..

Мындан тышкары, башталгыч класстын окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоонун натыйжалуу каражаттары катары:  – эмгектин, согуштун ардагерлери менен баатырлары, өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана милиция кызматкерлери менен биргеликте иш-чараларды уюштуруу; – Ооган, Баткен согушунун жана башка жергиликтүү кагылыштардын катышуучулары менен жолугушуулар;  – аскердик даталуу күндөрүнө арналган майрамдарды өткөрүү; – Ата Мекенибиздин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу; – аскердик-спорттук оюндар.

Ошондой эле, башталгыч класстын окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоодо үй-бүлө маанилүү башкы ролдун бири экендигин дагы бир жолу тастыктап көрөлү. Мында, окуучу ата-энеси менен бирге тарбияга катышат – мына, так ушул баланын жашоосунун чындыгы болот жана ал абдан маанилүү. Бул «Бала – ата – эне» үчилтиги. Мындай учурда мугалимдин милдети мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы максималдуу тарбиялык потенциалга ээ болгон өз ара аракеттенүүнү уюштуруу болуп саналат.

Акыркы учурдагы болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөр жана окуучуларды тарбиялоо менен байланышкан жаңы көйгөйлөр мекенчилдик тарбиянын маңызын, анын коомдук турмуштагы ордун жана ролун кайра карап чыгууга алып келди. Демек, мекенчилдиктин негизинде тарбиялоону чечүү маселеси окуу-тарбия процессин уюштурууга жаңы ыкмаларды талап кылат. 

Албетте, жогоруда айтылгандардын баары актуалдуу. Бирок, балада жогорку адеп-ахлактык принциптерди калыптандыруу үчүн ата-энелер өздөрү бул принциптерди карманышы зарыл. Ошол эле учурда үй-бүлөнүн оң социалдык жана адеп-ахлактык тажрыйбасын түзүү гана эмес, аны баланын өзү кантип сиңирип алганын да эске алуу маанилүү. Башталгыч класстын окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоодо бала, үй-бүлөлүк жашоонун шарттарынан эмнени кабыл алат же эмнени кабыл албайт – деген, суроо жооптуу милдет экенин унутпасак. Демек, “…балдарыбыз биздин карылыгыбыз экенин дайыма эстен чыгарбашыбыз керек. …жакшы тарбия – биздин бактылуу карылыгыбыз, …жаман тарбия – бул биздин келечектеги кайгыбыз…” [5. 97-б.].

Колдонулган адабияттар:

  1. Байгазиев С. Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы. – Бишкек, 2012. – 97-б
  2. Духовно-нравственное развитие и воспитание младших школьников. Методические рекомендации. Пособие для учителей общеобразоват. учреждений. В 2 ч. ч. 1 / (Т.Л. Белоусова, Н.И. Бостанджиева, Н.В. Казачёнок и др.); под ред. А.Я. Данилюка. – М.: Просвещение, 2011. – 88-б.
  3. Максутов Т., Мырсабеков А. Улуттукпедагогиканыннегиздери. – Ош, 1996. – 82-б.
  4. Патриотическое воспитание: система работы, планирование, конспекты уроков, разработки занятий/ авт.-сост. И.А. Пашкович. – Волгоград: Учитель, 2006. – 67-б.
  5. Рысбаев С. Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы. //Билим куту. – Бишкек, 2006. – 68-б.

Сулаева Салтанат Даурбековна

Жалал-Абад облусту, Ала-Бука району,

№3 Нуркул Орозалиев атындагы

жалпы билим берүүчү орто мектеби,

башталгыч класстын мугалими

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17