Аймак

“КИМ БИЛЕРМАН-КИМ ТАПКЫЧ”

 4,124 Бардыгы /

“КИМ БИЛЕРМАН-КИМ ТАПКЫЧ”

“Көпчүлүк көптү билет,бирок баарын эч ким билбейт” – деген сөз бар. Баарын билет деп мактанбайм, бирок көптү билген ,көп окуган , окууга , билимге дилгир болгон окуучулар менен сиздерди тааныштыргым келип турат. Бул акыл ордо  долбоорунун 3- айлампасы саламатсыздарбы ! Анда эмесе катышуучуларды тосуп алсак:

1.Авазбеков Бектур

2.Исмаилов Каныбек

2.Турсункулов Жоодар

3.Токтобаева Баяна

4.Тажибаева Жазгүл

  1. Сманов Ибрагим

Оюндун эрежеси менен тааныштырып өтсөм. Оюн үч бөлүктөн турат.

1.Жалпы 18 суроо ( тест түрүндө)

2.Категориялар ( 8 категория)

3.Логикалык суроо

1-бөлүк :  18 суроо

1.Кыргызстанда жалпысынан канча шаар бар?

А) 12     б)   14     в) 18     г) 22

2.Кыргыз сому качан кабыл алынган?

А)  1993- ж        б)  1990- ж      в)  1995-ж     г) 1992

3.Кыргызстанда канча район бар?

А) 19   б)15   в)42    г) 44

4.Ж. Баласагын кайсы сом бирдигинде?

А) 1000      б)100       в) 20     г) 50

5.2018- жылы Ч. Айтматовдун канча жылдыгы белгиленди?

А) 85     б)  87     в) 90    г)95

6.Накыл кепти улагыла: Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско эмне кылба?

А) бер       б)куй    в) бербе     г)айт

7.Жакшы менен сүйлөшсөң көңүлүң ачылат,  бийик өбөгө чыксаң эмнең ачылат?

А) жүзүң     б) кулагың     в) башың    г) көзүң

  1. Төмөндөгүлөрдүн ичинен антоним сөздү тап:

А)элпек, жеңил      б)бетме- бет     в) жүз- жүз     г)өйдө- төмөн

9.” Сенин атың жоломан.Уктуңбу? Сен Жоломансың. Мен сенин энеңмин. ” Бул Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасынан үзүндү?

А)Эрте келген турналар     б) Бетме- бет     в)  Кылым карытар бир күн     г)Саманчынын жолу

  1. Кыргызстанда Сарычат,Ээрчат мамлекеттик жаратылыш коругу  кайсы областа жайгашкан?

 А)Талас       б) Баткен     в)Ысык- Көл       г) Ош

11.Сүйлөмдүн бир өңчөй тыныш белгилеринин арасына кайсы тыныш белги коюлат?

  А) көп чекит    б)  кош чекит     в)чекит    г) үтүр

  1. Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү качан белгиленет?

А) 3- сентябрь     б) 1- октябрь      10- ноябрь    г) 5- октябрь

13.Элибизде накыл кеп бар: Алыс жерге куда болсоң артынчактап аш келет, жакын жерге куда болсоң эмне болгон кеп келет?

А) жакшы сөз    б)түрдүү накыл     в) түрдүү ушак      г) жакшы кеңеш

  1. Затты, окуяны, мезгилди атап көрсөткөн кайсы сүйлөм?

  А)жактуу    б)жайылма     в) атама     г)кемтик

  1. Кыргыз элинин улуттук аспабы?

 А) комуз    б) сыбызгы     в) домбра     г)акардион

  1. 2019- жыл кайсы жыл деп белгиленди?

  А) аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы  б) ден соолук жылы  

  в) карылар жылы                                                                 г)  ыйман,адеп жылы

17.”Эр Төштүк”  эпосунда жер жүзүндө болуп жатканды уккан ким эле?

А) Куюн мамыт         б) Жер тыңшар мамыт    в) Көрөгөч мамыт      г)эч ким

  1. Кожожаш кууган эчкинин аты?

А) Сур эчки   б) ак эчки     в) Алабаш    г)кара эчки

 

 

 

2- бөлук:  Категориялар

1.”Макал- лакап” категориясы

2.” Кыргыз тили” категориясы

  1. “ М”категориясы
  2. “ Канаттуулар” категориясы
  3. “Кыргыз кереметтери” категориясы

6.” Боз үй” категориясы

  1. “ Кесипкөй” категориясы
  2. “ Кинолор” категориясы

 

                                 1.“ Макал – лакап ” категориясы

  1. Дат темирди жейт, дарт эмнени жейт? Өмүрдү
  2. Дос таарынса бергенин эмне кылат? Алат

3.Атаңды көргөндөн эмне сура? Акыл

  1. Досуң миң болсо да аздык кылат, эмнең бирөө болсо да көптүк кылат? Душманың
  2. Ийне көзүнөн сынат, ким сөзүнөн сынат? Чечен
  3. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган эмнени сүйбөйт? Күлкү

7.Лакапка ишенсек карынын кеби кайсы буюмга салынат? Капка

  1. Иниси кимди көрүп өсөт? Агасын

9.Баатырдык билекте эмес , кайсы жерде? Жүрөктө

10.Ашына жараша табагы, ишине жараша эмнеси? Тамагы

 

  1. “ Кыргыз тили ” категориясы

1.” Чеке, бешене” деген сөздүн синоними? Маңдай

2.Бөлүнбөй турган сөздүн түпкү бөлүгү? Уңгү

3.” Ысык”- деген сөздүн антоними? Муздак

  1. Маани бербөөчү сөз түркүмдөрү кайсылар? Кызматчы сөздөр
  2. Айкындооч мүчөлөр канчага бөлүнөт? 3
  3. Эки же андан көп сөздөн туруп, бир эле маанини билдирген сөздөр? Татаал сөздөр
  4. Чекит, үтүр, кош чекит, суроо,илеп белгиси, – булар эмнелер? Тыныш белгилер
  5. Сөз жасоодо уңгуга эмне уланат? Мүчө
  6. ”Коён” – деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар? 4 тамга, 5 тыбыш
  7. Ээге багынып, ал –абалын, кыймыл –аракетин, сын- сыпатын билдирет? Баяндооч

 

                         3.”М ” категориясы

1.Кыргыз элинин эң улуу баатыры? Манас

2.Кайсы мультфилимде жыландын аты Каа? Маугли

  1. Аскер кызматкерлерине берилүүчү наам? Майор
  2. Мүчө түзүлүшү боюнча адамга окшош сүт эмүүчү жаныбар? Маймыл
  3. Белгилүү бир көрүнүктүү окуяны белгилөөгө арналган салтанаттуу күн? Майрам

6.Эл тарабынан түзүлгөн акыл насаат берүүчү кыска, элестүү, таасирдүү сөздөр эмне деп аталат? Макал.

7.Ат байлоо үчүн жерге орнотулган жыгачты эмне дейбиз? Мамы

8.Кыргыз элинин гениалдуу “ Манас” эпосун айтуучу? Манасчы

  1. Көзгө көрүнбөгөн майда нерселерди чоңойтуп көрсөтүү оптикалык прибор? Микраскоп

10.Нерв системасынын борбордук бөлүгү эмне деп аталат? Мээ

 

  1. “ Канаттуулар ” категориясы

1.Манас кайсы канаттууну таптап куш кылдым деп айткан? Кулаалы

  1. Бул канаттуу сактыгынан эмес суктугунан өлөт? Сагызган
  2. Кайсы канаттуу балапандарына уя салбайт? Күкүк

4.Султанмурат баштаган Ак- Сай десанттары кубанып тосуп алган куштар? Турналар

  1. Түнкүсүн уктабай күндүзү уктаган адамдарды ушул канаттууга салыштырат? Үкү
  2. Кыргыз гербинде бул канаттунун сүрөтү тартылган? Шумкар
  3. Томогону топу кылып кийген жырткыч канаттуу? Бүркүт
  4. Кайсы куш күйүп кайра өз күлүнөн кайра жарала алат? Феникс
  5. Мурда бул чымчыктар кат таашып келишкен? Көгүчкөн

10.Жакшы ырдаган ырчыны ушул чымчыктын үнүнө салыштырып келишкен? Булбул

                        5.” Кыргыз кереметтери” категориясы

1.Кыргызстандын бермети кайсы көл? Ысык- Көл

  1. Кыргызстандагы эң ири шаркыратма? Чоң Арсланбап
  2. Чүй облусунун Токмок калаасынын түштүк жагында жайгашкан мунара? Бурана

4.Баткенде өскөн сейрек кездешүүчү кызыл китепке киргизилген гүл? Айгүл

5.Кыргыздарга таандык эң көлөмдүү чыгарма? Манас

  1. Тоодон кулаган шар суу эмне деп аталат? Шаркыратма

7.Жаңгак токою менен таанымал аймак кайсы? Арсланбап

  1. Эң бийик чоку? Жеңиш чокусу

9.Эң байыркы шаар? Ош

10.Кооз жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр кандай китепке киргизилген? Кызыл

 

                        6.” Боз үй ” категориясы

1.Бозүйдүн сөөгү деп эмнени айтабыз? Уук

  1. Боз үйдү куроодо балка, мык колдонулабы?жок
  2. Боз үйдүн эпчи жагындагы ашканасы эмне деп аталат? Чыгдан
  3. Боз үй тигилерде эң алгач эмне жайылат? Кереге
  4. Кереге менен түндүктү бириктирген узун таяктар эмне деп аталат? Уук
  5. Макалды ула: Керегем сага айтам келиним сен ук, уугум сага айтам _______сен ук? Уулум
  6. Ууктун үстүнө жабылган кийиз? Үзүк
  7. Чыгдан эмнеден жасалат? Чийден
  8. Боз үйдүн кайсы элементи КРнын мамлекеттик символикасында чагылдырылган? Түндүк. Тууда
  9. Кыргыз элинин турагы? Боз үй

 

7.” Кесипкөй” категориясы

  1. Мунун ар бири ардактуу деп саналат? Кесип
  2. Окттябрдын 1- жумасында ушул кесип ээлери өз майрамын майрамдашат? Мугалимдер
  3. Макалга ишенсек : Чымчыкты сойсо да ким союш керек? Касапчы
  4. Тоңкулдак токойдо эмненин ишин аткарат? Санитар
  5. Мультфилимдин каарманы Айболит кандай кызмат аткарган? Доктор
  6. 2- ноябрда кайсы кызматкерлердин күнү белгиленет? Милиция

7.Бул кыргыздын белгилүү кыз 18 жашында  башкарма болуп, бирок басмачылардын колунан  мыкаачылык менен өлтүрүлгөн? У Салиева

  1. Көгүчкөндөр мурда бул кесип ээлеринин милдетин аткарып келишкен.?почтачы
  2. “Манас “ эпосундагы Ошпур ким? койчу
  3. Кайсы кесиптин ээлери дипократтын антын берет? Доктурлар

 

  1. “ Кинолор” категориясы
  2. Кожоюнун 10 жыл бою күткөн кино? Хатико

2.”Мен Анара эмесмин” деген Асема кайсы кинонун каарманы? Боз салкын

  1. Индиянын эгиз кыздарынын тагдыры кайсы кинодо чагылдырылган? Зита-Гита
  2. Нью-Йорк шаарына барып юрист болуп, ийгиликке жетишкен кыргыз жигитини тагдыры кайсы кинодо чагылдырылган? Салам Нью –Йорк
  3. Э.Абдыжапаровдун 1- музыкалык кинокомедиясы? До+Фа
  4. Айсбергди сүзүп чөккөн кеме тууралуу кино ? Титаник
  5. Биринчи мугалим кино тасмасында Дүйшөндүн ролун аткарган актёр? Болот Бейшеналив
  6. “Белгисиз маршрут ” кино тасмасында окуя кайсы транспорттун ичинде өтөт? Микро автобус
  7. Байлардын ортого чоң суммада акча коюп мелдешкен кыргыз кино тасманын аты? Миллионддук мелдеш
  8. Кайсы кыргыз кино тасмасында балдар акчанын баркына жетишпейт? Бир мешок акча

 

  1. Бөлүк: Логикалык суроо

1.Бул сөз өсүмдүктүн жана теңдеменин эмнеси боло алат? Тамыры

2.Фудбол  оюну баштала электе оюндун эсебин айтууга болобу? Болот 0/0

3.11,69,88 булардын кандай окшоштуктары бар? Бул сандар тигинен  да оңунан да бирдей

  1. Эмнеге алманын данеги күрөң, ал эми банандын данеги көгүш? Жок
  2. Асманда бар жерде жок, саманда бар , чөптө жок? А

6.Эмнени чийки жебейт, кайнатып да жебейт? Лавр жалбырагы

7.Бадалда беш алма өсүп турат, анын  үчөөсүн жесең канчоо калат? өспөйт

Назгүл МАМБЕТКУЛОВА, Нуркул Орозалиев атындагы №3 жалпы орто билим берүүчү мектебинде акыл ордо долбоорун ишке ашырууда  7- а классында өткөрүлгөн интеллектуалдык таймаштын  үчүнчү айлампасынын иштелмесин даярдаган кыргыз тили жана адабияты мугалими  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17