Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
9,911 Бардыгы / Сабактын темасы: ВЕТЕРАН МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ Жолугушуунун максаты: «Бар бол – ветеран»А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар ветеран менен таанышат.Б) Өнүктүрүүчүлүк: Ветеран – деген сөздүн маанисин билишет. Согуштун жаман экенин угушат.В) Тарбия берүүчүлүк: Ата-Мекенин сүйүүгө, коргоого, улууларды, ветерандарды урматтоого тарбияланышат. Жолугушуунун жабдылышы: Сүрөттөр согуш жөнүндө, музыкалык апаратуралар.Жолугушуунун жүрүшү: 1. Музыканын коштоосу менен Ветеранды тосуп алабыз.2. Саламдашуу. […]
9,912 Бардыгы / Сабактын темасы: ВЕТЕРАН МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ Жолугушуунун максаты: «Бар бол – ветеран»А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар ветеран менен таанышат.Б) Өнүктүрүүчүлүк: Ветеран – деген сөздүн маанисин билишет. Согуштун жаман экенин угушат.В) Тарбия берүүчүлүк: Ата-Мекенин сүйүүгө, коргоого, улууларды, ветерандарды урматтоого тарбияланышат. Жолугушуунун жабдылышы: Сүрөттөр согуш жөнүндө, музыкалык апаратуралар.Жолугушуунун жүрүшү: 1. Музыканын коштоосу менен Ветеранды тосуп алабыз.2. Саламдашуу. […]
ВЕТЕРАН МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ.
07.09.2016 / Автор anarkan_kg9,913 Бардыгы /
Сабактын темасы: ВЕТЕРАН МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
Жолугушуунун максаты: «Бар бол – ветеран»
А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар ветеран менен таанышат.
Б) Өнүктүрүүчүлүк: Ветеран – деген сөздүн маанисин билишет. Согуштун жаман экенин угушат.
В) Тарбия берүүчүлүк: Ата-Мекенин сүйүүгө, коргоого, улууларды, ветерандарды урматтоого тарбияланышат.
Жолугушуунун жабдылышы: Сүрөттөр согуш жөнүндө, музыкалык апаратуралар.
Жолугушуунун жүрүшү:
1. Музыканын коштоосу менен Ветеранды тосуп алабыз.
2. Саламдашуу.
Ак калпагын кийсе башына,
үйгө конок келсе аябаган ашын да.
Салам айтам жалпыга
Салам айтам ушул жерде.
Олтурган конокторго!
Салам айтам ак калпактуу кыргызыма,
Салам айтам асмандагы жылдызыма.
Салам айтам менда отурган меймандарга,
Салам айтам бизге келген Афганистан ветеранына!
1. Хор: Кыргыздарым
2. Тааныштыруу
Мугалим: – Урматтуу балдар, мына бизге Авганистандагы согушка барып келген, айылыбыздын турушу, ветеран – Смайылов Ашым агайыбыз келип олтурам. Ашым агайыңар өз көзү менен Ооган согушун (билет) көргөн. Суроолоруңар болсо берсеңер болот.
1- суроо Сезимай. Смайылов Ашым агай сиз кайсыл мектепте окугансыз?
Жооп: Мен мурунку М.И.Калинин азыркы, силер окуган Т.Жоробаев мектебинде окуп билим алганмын.
2- суроо. Анарбек. Сиз кандай баалар алгансыз? Окууга кызыккансызбы?
3- Суроо. Айганыш. Канча жашыңызда жоокер болдуңуз?
Жооп: – 18 жашымда жоокер болдум.
4- суроо. Ооган согушунан корккон жоксузбу?
– Жок, себеби мекенди коргош керек эле?
– Жигиттик милдетимди аткардым.
5-суроо. Байжигит: Душманды жакындан көрдүңүзбү?
Жооп: – Ооба, көрдүм, көптөгөн өлүп жаткан адамдарды да көрдүм, ичим ачышты, бирок айла жок. Тирүү калганыма сүйүнөм.
6-суроо: Канчанчы жылы бардыңыз? Канчанчы жылы кайтыңыз?
Жооп: Мен 1980-жылы 16-июнда бардым 1982-жылы 1-майда кайтып келдим.
7-суроо. Көргөн согуштардан бирин айтып бериңиз?
Жооп: Түндө 11-12лерде «тревога» болду баарыбыз автомат, пулңмот алып жөнөдүк. Катар кетип баратсак алдыбыздан 3-4 паралон көрүндү, жок болду. Көрсө душмандар экен. Салдаттарга ок тийип өлүп жаты. Бирге жүргөн досум жок, көрсөм ок тийиптир . снайпер менен атыптыр. Биз да жеңдик, артка чегинген жокпуз.
8-суроо. Биздин кыштактан баргандар барбы?
Жооп: – Ооба, бизден Халмурзаев Гайби, Тойчубеков Каныбек, Жунусов Нематтар барган. Ала-Бука районунан көпчүлүк барган.
9-суроо: Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Ашым агай, ата-энеи, мекенибизди сагынгансызбы?
Жооп: – Ооба өлбөй көрөр бекенмин деп тилек кылдым. 1982-жылы 1-майда келдим, жолдошторумду, ата-энемди, жеримди көргөндө көзүмө жаш алдым.
10-суроо: Бизге эмне дээр элеңиз?
Жооп- Силер жакшы окугула, улууларды сыйлагыла, жерибиз, мекенибиз силердин колуңарда.
– Көптөгөн суроолор берилди, жооптор алынды.
– мугалим: Урматтуу ветеран агай биз менен жолугушууга келгениңиз үчүн чоң рахмат. Өмүрүңүз узун болсун. үй-бүлөңүз бактына бар болуңүз. кезектеги ырлар сиз үчүн арналат.
5. Декламациялар
Чек арачы.
Чер токойдо ак кар жамынып,
Чек арачы турат жайгана.
Тынч уйкуда кыргыз өлкөсү,
Түн карангы, жымжырт айлана.
Чек арага жакын үңкүр бар,
Кокус душман бөгүп жатпасын.
Чек арачы даяр кармоого,
Кандай душман башын бакпасын.
Жашаш үчүн дайым эн эркин,
Биздин аскер, бизди кайтарат.
Чер токойдо ак кар жамынган,
Чек арачы агай сак турат.
Хор: Мекендин чегинде (музыка менен)
Мугалим жыйынтыктайт. (музыканын коштоосу менен аяктайт).
Кыргызстандан Ооган согушуна 7 миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн эле. Алардын 252си курман болду. 1500 миңи жарат алган. 600гө жакыны майып болуп кайтышкан. 15-февралда Совет доорундагы жоокерлердин Ооган аймагынан чыгарылганына 27 жыл толду. Бул дата кыргыз жеринде жыл сайын белгиленип , Ооган апаатында курман болгондор эскерилип келе жатат. Биздин жолугушууда аларды эскерүү менен жыйынтыкталат.
1 минут эскерүү болот.
үйгө тапшырма: Элестөө менен сүрөт тартуу. Музыка коштоосунда аяктайт.
Майрам САМИЕВА, Ала-Бука району Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.