Аймак

«КИТЕП – БИЗДИН ДОСУБУЗ» АТТУУ АДАБИЙ МУЗЫКАЛЫК КЕЧЕСИ

 209,150 Бардыгы /

Ала-Бука районундагы №6 М.Эргешов атындагы орто мектебинде Тарых жана маданият жылына карата ѳткѳрγлгѳн райондук китепканачылардын семинарында ѳткѳрγлгѳн 4-а классынын
«КИТЕП – БИЗДИН ДОСУБУЗ» аттуу адабий музыкалык кечеси

1-окуучу. Окуучулар билесинерби бγгγн биздин мектепте кандай иш-чара ѳтγп жаткандыгын.
2-окуучу. Ооба билебиз бγгγн биздин мектепте «Тарых жана маданият» жылына карата китепканачылардын семинары болуп жатат,келгиле анда келген конокторубуз менен саламдашып, 2 бѳлγмдѳн турган «Китеп – биздин досубуз» адабий кечебизди жана китепканачы агай эжекелерге арналган ыр бийлерибизди тартууласак.
3-окуучу. Саламатсыздарбы, урматтуу коноктор, сиздер менен бγгγн жолугушуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Бγгγн биздин мектепке абдан кѳп китепканачы эжекелерибиз келишиптир.
4-окуучу. Ооба сиздердин тγйшγктγγ жана сыймыктуу кесибинизди талыкпас эмгегиниздерди эске алып, бγгγнкγ майрамыныздар менен куттуктайбыз.
5-окуучу. Урматтуу китепти суйуп, аларды кадырлап сактаган китепканачылар! Сиздер китепке камкордук кѳрγп жатып, китептерди эле сактабастан дγйнѳнγ,кен-келечекти сактап келесиздер.
6-окуучу. Анда эмесе сиздерди куттуктап Жапа-Салды айылынын №6 М.Эргешов атындагы орто мектебинин 4-а классынын окуучулары ѳз айылын урматтап, сыйлоо менен «Айылым» деген ырды аткарып беребиз. Хор. Айылым.
Китепканачыларга арналган ырлар.
1-окуучу. Жакшы сγйлѳп, жакшы кѳргѳ окурманын
Сыйлайт анын китептерди окуганын
Жаш кыялды улуу жолго жетелеген
Тааныштырып, илим-билим чокуларын.
2-окуучу. Китепкана – мага бир чон сырдуу дγйнѳ
Эжекемден жомок алам мен сγйγнѳ
Сырттары кооз китептерди карматканда
Кубанычтан алып-учуп келем γйгѳ.
3-окуучу. Китептерди сактаган
Дайым баалап, сактаган
Жомокторго чакырган
Yй курушкан акылдан
Китеп сγйгѳн эжекелер бγгγн бизде
Ыссык салам айтсак дейбиз биз силерге
Биз силерге чын ден соолук каалайбыз
Сиздер кылган эмгектерди баалайбыз
Талыкпай иштеп жγрγнγздѳр чарчабай
Биз ырларды сиздер γчγн арнайбыз.
4-окуучу. Жумушка эрте келген
Бизге кооз китеп берген
Китепканачы эжекебебиз кѳптγ билген
Китептерди тытпагын
Барактарын жыртпагын
Деген сѳзγн досум сен ук тындагын.
5-окуучу. Жалпы баарыныздарга
Кары-жашыныздарга
Ыраазычылык билдиребиз чын жγрѳктѳн.
6-окуучу. Кѳчѳттѳрдγ бγрдѳткѳн
Кγнсγнѳрбγ нур тѳккѳн
Ырахмат айталы сиздерге
Пайдаланып булл мγнѳттѳн.
7-окуучу. Билимдерден жасай билген алтын бешик
Китепканачы билгендерге улуу кесип
Дил азыгын карматты колубузга
Кызыктарга, аруулукка ачат эшик.
8-окуучу. Эми китеп жѳнγндѳгγ ырларга кезек берсек.
Билбегенди билгизген
Мееге сезим киргизген
Ак булуттун γстγндѳ
Айга жакын жγргγзгѳн.

Хор. Китеп менин акылым
Китеп менин жакыным.

9-окуучу. Турмуш сырын γйрѳткѳн
Кѳркѳм чечен сγйлѳткѳн
Кѳкѳлѳтγп кѳнγлγндγ
Табихатты бийлеткен.
Хор : Китеп менин акылым
Китеп менин жакыным.
1-окуучу. Китепсиз билим болбос
Китепсиз акыл болбос
Китеп-бул адаштырбас
Кенешчи, акыл жолдош.
2-окуучу. Казынасы акыл кенчтин
Танбастыр аны эч ким
Болосун чолок акыл
Окубай калсан беш кγн.
3-окуучу. Китепти сγй. Баркын бил
Китептин кѳп акылы
Ким китепке дос болсо
Ал ошонун жакыны.
4-окуучу. Сγттѳй таза тилеги
Дениздей талабы
Кѳктѳй тунук акыйкат, Анын ар бир бара
5-окуучу. Таалайдын жолун кѳрсѳтγп
Чакырып турат келгин деп
Арамдыктан тазалап
Жакшылыка ээрчитет.
6-окуучу. Ошондуктан баркын бил
Кирдебесин бир чети
Сыя тѳгγп булгабай
Жакшы сакта китепти.
7-окуучу. Мына ушул алтын китеп
Адамзат ушундан ар кыл акыл кγтѳт
Китеп окуган айга, кγнгѳ да жетет.
8-окуучу. Эми сиздерге эки китептин мезгилин кѳрсѳтѳбγз.
Бир кγнγ басмаканадан бир чыккан эки китеп жолугушуп маектешип калышыпты.
1-китеп. – Кандай досум, кѳрγшпѳгѳнγбγзгѳ кѳп болду, иии сага эмне болду? Ѳнγн азып, бозоруп, жγдѳп алыпсынго. Арыктап да кетипсин деги жашоон кандай?
2-китеп. Ээ досум менде айта берсем арман кѳп мектепке келген сон эн жаман окуучуга туш болдум.Ал мени сырттап карамак турсун, барактарыма чийип, боёп, жазып салат.Керек болсо жалкоолугу кармаганда, тапшырма аткарбаш γчун барактарымды айрып салат, сыртымды этимден эчаак эле бѳлγп салган, башка китептерден уялам.Ал болсо «3»тγ кээде албаса, алган баасы «2». А ѳзγн жѳнγндѳ айтчы, сен жакшынакайсын го, жылтырайсын, барактарын да аппа, тапптаза боюнча го?
1-китеп. Мен болсо эн жакшы окуучунун колундамын.Ал мени
алган кγнγ эле сырттап, окуп, барактарымды да бγктѳбѳйт,
кадырлап кармайт.Барактарымда бир да жазуу чийуу кѳрбѳйсγн,
колун дайыма самындап жууп, анан мени окуйт.Мени дайыма
китеп текчеде сактайт.Мен да аны дайыма «5» деген баага окутам.
Экѳѳ. Бул жомокто табышмак жок
Китептерде айып жок
Кандай окуучу экенин
Ойлонуп кѳр ѳзγн талда.
Окуучу. Азыркы мезгилде Китеп жакшыбы же Компьютерби? Деген суроо баарыбызды ойлонтот анда эмесе китеп менен компьютердин сѳзγн угалы.
2-окуучу. Китеп менен компьютер
Ызычууга тγшγштγ
Экѳѳ терен ойлонуп
Бир кемеде сγзγштγ
Китепке ѳзγнчѳ мактанып
Компьютер мындай кеп салды
Китепти абдан басынтып
Кыр издеп жалындап жанат.

Китеп менен компьютер.
Компьютер: КИТЕП:
Эй сыр сандык китепче, Капалык менде болбойт,
Кѳнγл буруп карагын. Кѳнγлγм Кирге толбойт.
Сендеги заман эскирди, Билип койгун эскирсем да,
Азыр менин заманым. Бул китеп баарын ондойт.
Балдардын бары китепти, Адаштын, А балким бγгγн,
Окушпайт азыр мен бармын. Заманын болгон чыгаар.
Оюндун бары менде бар. Эстей жур китеп деген,
Мен ѳстγм артта сен калдын. Эч ѳчпѳс тарых сымал.
Эй китепче карачы, Китептин дѳѳлѳтγ бар,
Барактарын эскирген. А сенин кѳнγлγн тар.
Сендей азыр китепти, Китепти окуп келет,
Таба албайсын эч кимден. Балдардын акылы бар.
Эй китепче карачы, Эскирбейм,унутулбайм,
Азыр сага кеч кирген. Менде бар улуу дастан.
А мен азыр жарыкмын, Сенде болсо бγт баарысы,
Бγт баарын бат тийген. А менде болот дарман.
Капа болбо сѳзγмѳ, Сага баткан кγн да атаар.
Кѳнγлγндγ кирдетпе. Бγрдѳп турган гγл да ачаар.
3-окуучу. Биздин кечебиздин биринчи бѳлγгγ аягына чыкты.
Эми экинчи бѳлγмдѳ сиздерге арналган ыр бийлерибизди
тартуулайбыз.
4-окуучу. Комузчуларыбыз жаштар маршын чертип, Апакем
деген ырды комуздун коштоосунда аткарып берсин.
5-окуучу. Мѳлмѳлγм деген ырга бий.
6-окуучу. Балдарыбыз насаат ырын аткарып беришет.
7-окуучу. Балдар Торгоюм ырына бийлеп беришет.
8-окуучу. Кыргызымдын жигиттерин ырдап беришет.
9-окуучу. Азыр биз Ала-Тоо биздин жерибиз деген ырды аткарып
беребиз. (Хор ырдашат.)
10-окуучу. Мына ушуну менен биздин эки бѳлγмдѳн турган адабий
музыкалык кечебиз аяктады, кѳнγл бурганыныздар γчγн чоон
рахмат.
Тарых жана маданият жылына карата «УЛУУ ҮРКҮНГӨ 100»деген темада адабий кече

1-окуучу: Айгыр менен атан- тѳѳ,
Арык кылды кайран эл.
Ѳлгѳн жерде терисин,
Чарык кылды кайран эл.
Кара жанын курч уруп,
Карып калды кайран эл.
«Арзан шаар кайда деп»деп
Тѳтѳлѳдγ кайран эл.
Карылары баса албай,
Жѳтѳлѳдγ кайран эл.
Жаш балдарын мойнуна,
Кѳтѳрѳдγ кайран эл.
Эртели кеч дос,жарын,
Кѳрγшпѳдγ кайран эл.
Чогулушуп ѳлгѳнγн,
Кѳмγшпѳдγ кайран эл.
2-окуучу: Казан аяк табактар,
Yйγн сатты кайран эл.
Кымыз бозо ачыткан,
Кγбγн сатты кайран эл.
Тоо токойдун ичинен,
Дγбγр сатты кайран эл.

Yйгѳ жайган тѳмѳнчѳ,
Жγгγн сатты кайран эл.
Нечен кѳчѳт термелγγ,
Тγрγн сатты кайран эл.
Кийимдерин кыла албай,
Жγнγн сатты кайран эл.
3-окуучу: Кγмγш чапкан Куюшкан,
Жγгѳт сатты кайран эл.
Эчнерсени калтырбай,
Тγгѳл сатты кайран эл.
Тγрдγγ-тγрдγγ кѳчѳтγ,
Шырдак сатты кайран эл.
«Арзан шыйрак мында»деп,
Ырдап сатты кайран эл.
Актай чийди кызылга,
Чырмап сатты кайран эл.
4-окуучу: Ачкасына чыдабай,
Арзан сатты кайран эл.
Кийип турган γстγндѳ,
Тонун сатты кайран эл.
Илме менен сайдырган,
Сайма сатты кайран эл.
Мал базарга барышып,
Жарма сатты кайран эл.
Баш кошуп чогу байыр алалбай,
Сыйлап жγрѳт кайран эл.
Азаттыкты энсешип,
Зарлап жγрѳт кайран эл.
Улуу Yркγндγн 100 жылдыгына карата кѳрγнγштѳр коюлду.
Драма буткѳндѳн кийин Бийчилер «Ай селки» бийин бийлешти, бий ийриминин катышуучулары, Мамат-Кадыр, Болот, Адилет, Нуразиза, Нуриза, Элиза.
Китеп жѳнγндѳ маалыматтарр айтылды.
1-окуучу: Дγйнѳ жγзγндѳгγ библоклиптамония деген оору бар булл оору менен ооруган адамдарга китеп уурдаган жагат. Стивен Булнбери атуу клиптамон ал ѳмγрγндѳ 268 китеп канадан 23 мин сейрек кездешγγчγ китептерди уурдаган.Азыркы кγндѳ анын уурдаган китептери 20 милон АКШ долларына бааланууда.
2-окуучу: Кыргызстанда эн чон китеп Жусуп Мамайдын «Манасы» анын салмагы 6 килограм.
3-окуучу: Дγйнѳ жγзγндѳгγ эн чон китеп булл «Географиялык атлас»анын салмагы 320 килограм анын узуну 1 метр.
4-окуучу: Дγйнѳ жγзγндѳгγ эн узун жазылган ѳмγр баян булл Унистон Черчилге тиешелγγ анын узундугу 22 томдон турган.
– Китеп сγйγγчγлѳр ийриминин катышуучуларынын аткаруусунда «Жалын бий» аткарылды Мамадалы уулу Уларбектин аткаруусунда «Кыргызстаным» чыгармасы жаңырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17