Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,568 Бардыгы / Соңку тапта Өзгөн жергесин премьер-министр Акылбек Жапаров өзү түгөл кыдырып, буга улай олуттуу мүчүлүштөрдү дагы ашкереледи. Мунун себептерин жана аткарылыш аракетин Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВдон сураштырдык. -Каныбек мырза, Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров негизинен кайсыл обьектилерге баш бакты? –Кыргыз Өкмөтүнүн түздөн-түз жардамы аркасында Өзгөндө айланма автожол курулмакчы. Бул кылым курулушу 2 миллиард […]
3,569 Бардыгы / Соңку тапта Өзгөн жергесин премьер-министр Акылбек Жапаров өзү түгөл кыдырып, буга улай олуттуу мүчүлүштөрдү дагы ашкереледи. Мунун себептерин жана аткарылыш аракетин Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВдон сураштырдык. -Каныбек мырза, Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров негизинен кайсыл обьектилерге баш бакты? –Кыргыз Өкмөтүнүн түздөн-түз жардамы аркасында Өзгөндө айланма автожол курулмакчы. Бул кылым курулушу 2 миллиард […]
Каныбек АПБАСОВ: “ӨЗГӨНДӨ 1519 ҮЙ-БҮЛӨ ДАГЫЛЕ КООПТУУ ТИЛКЕДЕ ЖАНСАКТАШАТ”
29.03.2024 / Автор anarkan_kg![Каныбек АПБАСОВ: “ӨЗГӨНДӨ 1519 ҮЙ-БҮЛӨ ДАГЫЛЕ КООПТУУ ТИЛКЕДЕ ЖАНСАКТАШАТ”](https://aimak.kg/wp-content/uploads/bfi_thumb/-районунун-акими-Каныбек-АПБАСОВ-scaled-3k1t8lwk7kv7swk7glf2m8.jpg)
![Каныбек АПБАСОВ: “ӨЗГӨНДӨ 1519 ҮЙ-БҮЛӨ ДАГЫЛЕ КООПТУУ ТИЛКЕДЕ ЖАНСАКТАШАТ”](https://aimak.kg/wp-content/uploads/bfi_thumb/-районунун-акими-Каныбек-АПБАСОВ-scaled-3k1t8lwk7kv7swk7glf2m8.jpg)
3,570 Бардыгы /
Соңку тапта Өзгөн жергесин премьер-министр Акылбек Жапаров өзү түгөл кыдырып, буга улай олуттуу мүчүлүштөрдү дагы ашкереледи. Мунун себептерин жана аткарылыш аракетин Өзгөн районунун акими Каныбек АПБАСОВдон сураштырдык.
-Каныбек мырза, Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров негизинен кайсыл обьектилерге баш бакты?
–Кыргыз Өкмөтүнүн түздөн-түз жардамы аркасында Өзгөндө айланма автожол курулмакчы. Бул кылым курулушу 2 миллиард 600 миң сомго толук кандуу бүткөрүлөт. Мындац аракет мамлекеттин жана жеке тараптардын өнөктөштүгү аркасында гана жүзөгө ашырылууда.
Мындан тышкары байыркы Өзгөн калаасында көп кабаттуу үйлөр дагы курулат. Анткени, бул аркылуу турак жай маселеси кошо жайгарылат. Дээрлик 500 чакты үй-бүлө заманбап башпаане менен камсыз этилет.
Буга улай Өзгөн шаарынын босогосундагы Азнабакиев атындагы сейил багы бүтүндөй жаңыланат. Бул жайда анан дагы спорт аянтасы тикеленет. Кыдырата бак-дарактар олтургузулат. Ошондой эле сейил бактан түптүз эле шаарга түшүрчү Асма көпүрө пайдаланууга тапшырылат. Ошондой эле эскилиги жеткен “Айчүрөк” кинотеатры таптакыр каралбай калган болчу. Ал дагы капиталдык жактан ремонттолуп, Өзгөн шаарынын мэриясынын карамагына гана өткөрүлөт.
-Борбор Азиядагы эң байыркы Өзгөн базарынын тагдыры кантээр экен?
-Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинин токтому бар. Ошого ылайык Өзгөн шаарынын борбордук базары бүт бойдон калаа сыртына толук бойдон көчүрүлөт. Ал эми мал базар дагы Прогресс кыштагына көчүрүлүп, ал жакта соодагерлерге заманбап шарттар жаратылат.
-Өзгөн районундагы көпчүлүк айылдар жаратылыш кырсыктарынын (катаклизминин) тилкесинде гана жайланышкан. Тилекке каршы, жергиликтүү тургундарды эмнеге коопсуз жайларга көчүрбөй гана келатасыздар?
-Акыркы маалыматтарга караганда, Өзгөн районунда жалпы жонунан 11жаратылыш кырсыгы (катаклизми) жүрчү жай катталган. Бул аймактарда, чындыгында, 1519 үй-бүлө дагыле жансактап келатышат. Адаттагыдай бул жарандардын арасында биз түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын ого бетер күчөттүк. Өз ара жолугушуулурга дасыккан адистер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын өкүлдөрү дагы катышып, калктын колуна а түгүл эскертүү баракчаларын дагы милдеттүү түрдө тапшырып жатабыз.
-А “Социалдык контракт” программасына канча үй-бүлө тартылды?
-Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” программасына 20223-жылы – 50, ал эми 2023-жылы – 535 үй-бүлө тартылган. Буларга ажыратылган 100 миң сом негизинен жеке ишкерликке гана сарпталып келатат. Алардын аткарылышы биздин такай көзөмөлүбүздө. Ал эми быйыл бул акцияга 1430 үй-бүлөнү тартууну пландаштырып жатабыз.
-Каныбек мырза, баса, айыл өкмөт башчыларын ротациялоодо жана дагы дайындоодо мурдатан кендирибизди кескен коррупция жана дагы тааныш-билишчилик жокпу?
-Өлкөбүздө кадрдык резерв базасы түзүлгөн. Биз ошолордун арасынан татыктууларын жана иштермандарын гана иргеп, анан дагы тамырын тартып, ошондой эле бетме-бет аңгемелешип, анан гана дайындап атабыз. Мунун баары тең онн-лайн режиминде жүрүп жатпайбы. Демек, Сиздер күмөн санаган коррупциянын жана дагы тааныш-билишчиликтин бул жерде аты түгүл жыты жок!
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2024/03/ОЗГОН-РАЙОНУНДА-640x465.jpg)
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2024/03/ОЗГОН-РАЙОНУНДА-640x465.jpg)
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
02.08.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН КЕЗЕКТЕГИ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КЕЛДИ
-
26.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАЙЫТТАР ЖАНА ТОКОЙЛОР ЖАКШЫРТЫЛАТ
-
-
-
01.08.2023 / Автор anarkan_kg ЖРТнын ЖЫЙЫНТЫГЫН ЭЧ КИМ ӨЗГӨРТӨ АЛБАЙТ!
-
-
Маек
Самат МАКЕШОВ: “УЛУУ ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНА ЧЕЙИНКИ КАНАЛДАРДЫ ДАГЫЛЕ ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАБЫЗ!”
Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан,…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.