Аймак

Жеңиш Жоробеков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы: «Милицияга элдин ишеничи канчалык даражада экенине эл өзү тараза»

 1,801 Бардыгы /

Жеңиш Жоробеков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы:  «Милицияга элдин ишеничи канчалык даражада экенине эл өзү тараза»

Кыргыз милициясы 90 жылдык тарыхында ар кандай татаал жолдорду башынан кечирип келди. Жашырганда эмне, ар кандай жагдайлардан улам элдин милицияга ишенбөөчүлүк мамилелери да болду. Бирок кандай гана шарт болбосун коомдук коопсуздуктун милициянын күчү менен сакталып келатканы айныгыс чындык.
Акыркы учурда жагымдуу бир жагдай буга чейин кылган кылмыш, тартип бузуу жана башка терс көрүнүштөр менен милициянын көңүлүн буруп турсак, азыр Жалал-Абад областынын милиция кызматкерлери коомчулукту –окуучуларды, жаштарды, ата-энелерди, ардагерлерди жана жалпы эле жарандарды өзүнө тарткан жана шыктандырган, көп улуттун башын бириктирген, таалим –тарбиялык мааниси зор “Мекеним менин – Кыргызстан” деп аталган иш-чаралардын сериясын өткөрүү менен өзгөчөлөнө баштады.
Бул иш-чара Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгына Жеңиш Жоробеков келген учурдан бери башталды. Ушул ураандын астында областтын бардык аймактарында мектептерде, ата-энелер, жаштар, ардагерлер, мекеме-ишканалар арасында өткөрүлүп келе жатат. Биз мына ушул иш-чараларды уюштуруп, башында турган Жеңиш Жоробековду маекке тарттык.


-Жашырганда эмне, бир аз мурун милицияга элдин ишеними азая түшкөн эле, азыр ар бир иш-чара эл менен чогуу жасалып жатат. Азыр милиция кызматкерлеринин сапаты, шарты кандай?

-Милицияга элдин ишеничи канчалык даражада экенине эл өзү тараза. Бирок ар бир келген жетекчи ошол ишеничти жогорулатуу максатында иш-чараларды түзөт. Анын ичинде биринчиден- милиция кызматкеринин түздөн-түз кесиптик милдети. Экинчиден – ошол милдетти аткарууда кызматкерлерге шарт түзүп берүү, кесиптик деңгээлин жогорулатуу. Үчүнчүдөн -иш-чаралардын аткарылышынын эл тарабынан колдоого алынышы үчүн коомдук иштерди аткарып, жасап жаткан жумуштарын элге убагында ачык, туура жеткирүү аркылуу элдин ишенимине жана колдоосуна ээ болуу.
Азыркы мезгилде милиция кызматкерлеринин иш орундары РОВД, ПОМдордо жана участкаларда бир аз кемчиликтер бар. Анан дагы милицияларда автотранспорт жактан көйгөй бар. Аймактык участкаларда 5-6 тескөөчү болсо, аларда 1 гана унаа бар. Кээ бир участкаларда тескөөчүлөр менчик унааларын пайдаланышат. Бул болсо тескөөчүлөрдүн окуя болгон жерге убагында жетип келүүсүнө тоскоолдук жаратат.
Учурда кызматкерлер өз кесибин жогорулатуу максатында ИИМдин академиясында, жогорку окуу жайлардын юридикалык бөлүмдөрүндө 200гө чукул кызматкерлер окуп жатышат. Милиция кызматкерлеринде кандай гана жогорку билим болбосун сөзсүз юридикалык билими болушу керек. ИИМдин академиясында күндүзгү окуу бөлүмүндө орто мектепти бүткөн 100гө чукул студенттер билим алышууда. Бул да болсо милиция кызматкерлеринин өз кесибин дагы да тагыраак жана жогорку деңгээлге алып чыгуусуна өбөлгө түзөт.

-Жеңиш Мамаюнусович, Сиз Тогуз-Торо районунда ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп турганда да, Жалал-Абадда да эки жагдайга катуу басым жасаганыңыз байкалды. Бул -кесиптештериңизге шарт түзүү жана социалдык багыттагы иш чаралар, мисалы, бир жылдан бери “Мекеним менин Кыргызстан” деген ураандын астында өтө эле көп иш-чараларды өткөрдүңүз. Бул иш-чарага бардык район-шаарлардын милиция кызматкерлери, коомчулук катышты. Эмне үчүн мындай иш чарага көп көңүл буруп жатасыз?

-Мен ал жерде 4 жыл эмгек өтөдүм. Жаңы дайындалган мезгилде ал жер тоолуу, татаал жер болгондуктан кааласа-каалабаса көңүл буруу абдан керек болчу. Ал жердеги күч органдарынын имараты 1982-жылы ардагерлердин демилгеси менен курулган экен. Аталган имараттын үстү бетон жана анын үстүнөн тол менен капталган. Ошол себеп абалы өтө начар болгон. Андан калса, ал имарат “колдонууга жараксыз”,- деген өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу бар болчу. Имараттын үстүнөн жамгыр өтүп, кышында жылытуучу система жок болгондуктан меш жаккан учурда ичи ысып, тамдын башындагы карлар эрип, кайрадан ичкериге агып кирчү эле.
Көп учурда шектүүлөрдү кармап, убактылуу кармоочу жайга койгондо көйгөй жаратчу. Анткени кышында жылытууга шарт болбогондуктан тууган -уруктары алып келген жууркан- төшөктөрдү аргасыз берүүгө мажбур болчубуз. Жаз мезгилинде аба жетпей медициналык жардамдарга көп кайрылып турганбыз. Убактылуу кармоочу жайда тургандар эки багыт менен зыян тартып турушчу. Биринчиси эркинен ажыратылса, экинчиси ал жерде ден соолугунан ажырашат эле.
Кийин ИИМден уруксат алып элдин колдоосу менен марафон өткөрдүк. Мамлекет тарабынан да акча каражатын чечип бергенден кийин жаңы имараттын курулушу башталды. Ал учурда имарат бүткөнгө чейин Тогуз-Торо эли бизден өз жардамдарын аяшпай, бизге чоң күч болушту. Натыйжада азыркы Тогуз-Торо ИИБдин кызматкерлери заманбап 2 кабаттуу имаратта эмгек өтөп жатышат. Шарттарды түзүү менен биз милиция кызматкерлерине талаптарды мурункудан да жогору коё баштадык. Убактылуу кармоочу жайда кармалган жарандарыбыздын укуктарын бузууга жол бербей жатабыз. Өздүк курамдын 90%ы жергиликтүү кызматкерлер болгондуктан эл да туура көрүп мамиле кылышууда. Өзгөчө укук коргоо органдарына бийликке болгон ишеними артып, милиция менен элдин ортосундагы мамиле бекемделди.

-Кайрымдуулук иштерин да жасап, медициналык жактан жардам көрсөтүп, шарты жок окуучуларды Ысык-Көлгө чейин эс алдырып келе жатасыздар? Мында кандай максатты көздөдүңөр?

-Жалпысынан бүгүнкү күндө облус боюнча 473 мектеп, 21 кесиптик лицей, 16 орто окуу жайларыбыз бар. Ошолордун арасынан баары болуп 677 өспүрүм биздин профилактикалык каттоодо турат. Биздин максат бир гана мектепке келбеген, тартип бузган, ичимдикке жакын болгон, башка балдар менен чыгыша албаган балдарды аныктап, тактап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Көзөмөл ирээтинде моралдык, психологиялык жактан, күч органдары жактан эле таасир бере бербестен балдардын тартип бузгандарынын себеби эмнеде деген суроону өзүбүзгө суроо берип, анализ жасадык. Чынында каттоодо тургандардын көпчүлүгүнүн ата-энелери бизнес максатында же болбосо көр оокаттын айынан чет өлкөлөрдө жүргөнү аныкталды. Көбүнүн үй-бүлөсүндө атасы же апасынын жоктугу, кээ бирлеринин ата-энеси ажырашып же соттолгондор экен. Бул албетте, баланын тарбиясына терс таасирин берет. Андан сырткары бул тизмеде жакыр үй-бүлөлөрдүн да балдары бар. Кээ бир учурда мектепке барбашына кийүүчү кийимдин жоктугу себеп болууда. Бул дагы класстагы балдар чөйрөсүн “бай” же “кедей” деген теңсиздикке алып келет. Алардын мамилесине таасир берет. Ошол себептен балдардын аң-сезимин өстүрүп, кеңейтүү максатында өспүрүмдөр менен жыл сайын тегерек стол, жолугушуу, конференция, профилактикалык маектешүү менен эле чектелбестен балдар арасында ынтымакты, улуттар аралык биримдикти чыңдап мыйзамдарды таануу, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында облустун балдарынан түзүлгөн 60 баладан 2 топ 3 күндөн Бишкек шаарына, Ысык-Көл жергесине саякаттатып келдик. Ал жерде балдарыбыз ИИМдин имараты менен кыдырып , музейин көрүп Бишкектеги атайын ыкчам отряддын көрсөтмөлөрү менен кинология борбору, министрликтин академиясы жана Кыргыз милициясынын өткөн даңазалуу жолу менен таанышып, бүгүнкү күндө коомдо жасап жаткан иштери боюнча маалымат алышты.
Бул саякат аларга абдан жагып, эстен кеткис элестерди калтырып, аң-сезимине жана көз караштарына жакшы таасир берди десем жаңылышпайм.
Муну аткаруудагы максатыбыз жаштар биздин келечек, аларды тарбиялоодо коомчулугубуздун сырттан гана сын-пикирдүү позициясы болбостон баарыбыз биргеликте кайсы гана кесиптин ээси болбойлу жаштарды тарбиялоодо салым кошушубуз абзел. Анткени бул биздин жарандык милдетибиз. Эгерде элибиздеги ушул күчтөрдү бириктире алсак, биз ошондо гана мамлекетибиздин келечеги бар деп айта алабыз.

-Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кандай иш жүрүп жатат. Жалал-Абадда кылмыштуулуктун кайсы түрү өсүп жатканы байкалат?

-Коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери кандай гана иш-чараларды өткөрбөсүн мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын катышуусунда, жер-жерлерде, райондук администрациянын, айыл өкмөттөрдүн жана коомчулуктун колдоосу менен өтүп жатат. Жыйынтыгында милиция кызматкерлери өткөрүп турган иш-чара боюнча эл арасына маалыматтар берилип жана элдин ичинен чыккан өкүлдөр менен өткөргөн иш-чаралары жыйынтыктуу жана ийгиликтүү болуп жатат. Акыркы учурларда “Элдик кошуун”, “40 чоро”, “Милициянын жаш досу” кылмыштуулуктун алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, аксакалдар кеңеши, аялдар комитети, жаштар уюмдары катышканда элдер туура кабыл алып, аткарылган иш-чаралар өз максатына жетип жатат. Тилекке каршы учурда облусубузда кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бир топ иш-чаралардын өтүп жаткандыгына карабастан кылмыштуулуктун кээ бир багыттары боюнча өсүүсү багытталууда. Мисалы, мал уурулук, алдамчылык, автоунааны жат түрдө ээлеп алуу фактыларын атап кетсем болот. Ошол себептен бүгүнкү мезгилде эң эле орчундуу маселелердин бири бул мал уурулук деп эсептейбиз. Мал уурулук боюнча кылмыштар аныкталып бирок, бети ачылбагандыгынын себептеринин бири чек арадан Өзбекстанга өтүп кетиши болууда.
Өзбекстан менен облусубуздун 5 району чектешет жана алар менен талаш-тартыш жараткан 24 участка бар. Чек ара багытындагы мал уурулук боюнча Аксы районунда 19, Ала-Бука районунда 5 кылмыш иши аныкталып, катталып ушул күнгө чейин бети ачылбай келет. Бул боюнча Өзбек тарап менен эски келишимдерди жандандырууга аракет кылуудабыз. Мал уурулуктарды мындан ары болтурбоо максатында чек ара кызматкерлери менен иш мерчемдерди түзүп, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

-Өспүрүмдөрдүн арасында өткөн жылдары өзүн өзү асып алуу (суцид) көбөйүп кетти эле азайдыбы?

-Өспүрүмдөр арасында өткөн жылы 9 айдын ичинде 17 факт катталса, быйыл да 17 факт катталды. Бул багытта быйыл жыл башынан тарта мектептерде ата-энелердин, коомчулуктун, райондук имамдардын катышуусунда бир нече ирет чогулуштар өткөн. Ата-энелер комитеттеринин жасап жаткан иштерине кошумчалар киргизилди. Такталган 17 фактыдан бир дагы рэкетчилик же опузалоо жок. Изилдеп караганда баардык фактылардын себептери ата-энеси, үй-бүлө мүчөлөрү жана жогорку класстагы улан-кыздардын сезимдеринен чыккан мамилелеринин негизинде катталган фактылар. Өз өмүрүн кыюу фактылары боюнча мектептик жана бүт өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы иш-чараларды тынымсыз өткөрүп жатабыз. Ага бир эле мисал, аскердик алгачкы даярдоодогу “Мыктыгерлер” сынагын айтсак болот. Бул иш-чаралар жаштар маданиятын жогорулатып, элин-жерин сүйүп, дагы да толеранттуу болууга чакырат.

-Экономикалык мүнөздөгү кылмыш, коррупцияга каршы кандай иштер жасалды?

-КРдин Президенти тарабынан 2013-жылдын 12-ноябрында 215 сандуу (мамлекеттик бийликте саясий жана системалык коррупцияны жоюу) максатында чыгарылган указынын негизинде ИИМдин буйруктарынын жана көрсөтмөлөрүнүн астында иш мерчемдер бекитилген. Бул багытта бир нече жолу обладминистрацияда чогулуштар өткөрүлүп, облустук прокуратурада 5 жолу координациялык кеңешмелер мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин жана райондук акимдердин катышуусунда өткөрүлдү. Коррупцияга каршы укук коргоо органдарынын жана фискалдык органдын жетектөөсү жетишсиз. Ошол себептен массалык маалымат каражаттарында жана интернет-сайттарда ишеним телефондору ачылган. Жыйынтыгында коррупциялык системаны демонстрациялоодо бир топ кылмыш иштери козголуп, мамлекеттик жана элдик мүлктөр кайтарылып, казынабызга бир топ акчалар салынды.
Жыйынтыктап айтканда милицияда иштегендер да элдин уулу, кызы, атасы, эже-карындашы. Ошол себептен биз элдин колдоосуна муктажбыз. Биз коомго жат көрүнүштөргө биргелешип аракеттенсек, күрөшсөк, ар кандай –патриоттук – спорт, маданий жана башка иш- чараларга активдүү катышып, жаман нерселердин алдын алсак, жаштарга туура багыт көрсөтүп, ардагерлер активдүү болсок элдин турмушу тынч, көңүлү куунак болот. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө, улутубузга, динибизге карабай “Мекеним менин –Кыргызстан” деген ыйык сезим жашаса, анда мамлекетибиз бакубат, кубаттуу мамлекет болот. Артыбызда жакшы тарбияланган муун келет.

-Куруп берген маегиңиз үчүн сизге чоң рахмат!

Маектешкендер: Орозалы Карасартов, Санрабия Сатыбалдыева, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17