Аймак

ООГАН СОГУШУ, ТАТААЛ ТАГДЫР

ООГАН СОГУШУ, ТАТААЛ ТАГДЫР

 4,642 Бардыгы /

Кочкоров Орозалинин Ооганда жүргөндө түшкөн сүрөтү (оңдо)


Он жылга жакын аралыкка созулган Ооган согушунда Советтер Союзунун курамындагы башка союздук республикалар сыяктуу эле Кыргызстан да бул согушка өзүнүн 7141 уулун узаткан. Анын 252си курман болгон, 586ы майып, 1500дөн ашыгы жарадар болуп кайткан, төрт адам дайынсыз жоголгон.

Мен 2007-жылы «Труд» гезитинин 15-февралдагы №26-санындагы «Бизди унутпа, Родина» (Не забывай нас, Родина!») деген макаланы окуп калгам. Анда Ооган согушунда дарексиз жок болгон көп улуттуу советтик жоокерлердин тизмеси жарыяланган болчу. Алардын арасынан Кыргызстандык эки жоокердин фамилиясы бар эле. Анын бири Кочкоров Орозали болчу. Андан ары «Кочкоров Орозали Токтоназарович катардагы жоокер, 1963-жылы туулган, үй адреси: Кыргызстан, Ош облусу, Ленин району, Сакалды айылы. Афганистанда 51883-аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн. 1983-жылы 14-апрелде Герат провинциясында дайынсыз жоголгон. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча 1990-жылдын апрелине карата туткунда болгон деп саналат» деген маалымат бар экен.

Тизменин аяк ченинде Евгений Харитонов да бар болчу. Ал жөнүндө «Харитонов Евгений Иванович, катардагы жоокер, 1960-жылы туулган, үй адреси: Кыргызстан, Сокулук району, Сокулук айылы. Армияга 1978-жылы 15-октябрда чакырылган. 1979-жылы 27-декабрдан тартып Афганистанда 93992- аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн. 1980-жылдын 6-июлунда дайынсыз жоголгон.

«Россияская газетасынын» 2009-жылдын 13-февралында чыккан санында 1980-жылы 26-июнунда Бадахшин провинциясында дайынсыз жоголгон сокулуктук сержант Петр Алексеевич Зимонтовский менен 1980-жылы 18-апрелде ушул провинциясында дайынсыз жоголгон сержант Кудайбердиев Нурбек Шамшидиновичтин фамилиясы жарыяланган.

Өткөн жылы кагаздардын арасына ошол гезиттерди таап алып, ушул маалыматты кайрадан окуп чыгып, «согуш талаасында дайынсыз жоголгон» деген кабар анын жакындары үчүн оор экендигин көз алдыма келтирип, «дайынсыз жоголгондордун белгисиз тагдырлары ата-энелеринин кайгысын эселеп арттырат эмеспи…» деген жүрөк өйкөгөн ой сезимди кыйнады.

Алардын жакындарын иликтөөгө аракет кылдым. Өткөн жылдын аягында Жалал-Абад шаарына иш сапар менен барганда, Ооган согушунун ардагерлеринин облустук кеңешинин төрагасы Толубай Энназаровго жолуккан болчумун. Андан Ноокендик Кочкоров Орозалинин туугандарын сураштырдым. Төрага мага «караштырып беремин» деген убадасын берип, экөөбүз бири бирибиздин телефондорубузду жазып алганбыз.

Жакында Толубай мага телефон чалып:

-Төлөнбай аке, мен Кочкоров Орозалинин бир тууган Аскарали деген агасын таап сүйлөштүм. Эртең Ош жана Жалал-Абад шаарынын Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин жетекчилери жолугушат. Убактыңыз болсо биз тарапка өтсөңүз,- деп калды.

Эртеси Ооган согушунун ардагерлеринин Ош шаардык Кеңешинин жетекчилери менен бирге Жалал-Абадга өттүм. Бизди бир топ Жалал-Абаддык Ооган согушунун ардагерлери менен Кочкоров Аскарали күтүп туруптур.

Сөздү Толубай Эрназаров баштады:

-Биз Кочкоров Орозали менен бир бөлүктө кызмат кылган Тургунбаев Олжобайды да чакырттык эле, анын зарыл иши чыгып келе албады. Орозали жөнүндөгү маалыматты анын бир тууган агасы Аскаралиден алып турсаңыз болот. Ал инисинин сүрөттөрүн да ала келиптир.

Кийинки сөздү Аскарали алды.

-Биз көп үй-бүлөдө чоңойдук. 10 бир тууганбыз. 7 уул, 3 кызбыз. Атам Кочкоров Токтоназар менен Мырзакматова Паизбүбү экөө тең Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүшкөн айылдагы алгачкы мугалимдерден болчу. Алар Ленинград (азыркы Болуш Паязов атындагы) мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыгышкан. Орозали үй-бүлөдөгү 5-уул. 1963-жылы туулган. Ал 8-классты бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги электр монтаждоочуларды даярдоочу кесиптик-техникалык окуу жайына кирип, анда 3 жыл окуган.

1981-жылы 3-апрелде Советтик Армиянын катарына чакырылып,Самаркан шаарында машыгуудан өткөндөн кийин Афганистандагы Советтик аскерлердин чектелген контингентинин курамында Герат шаарындагы №51883 -аскердик бөлүктө кызмат кылган.

Үйгө тез-тез кат жазып атам менен апамдын ден соолугун, кичүү инилерин, карындаштарын окууларын сурап турчу. «Кызматым жакшы, биздин бөлүктө кызмат кылган кыргыз балдар да бар, рейддерге чыгабыз» деп жазгандары эсимде. Ооганда жүргөн сүрөттөрүн да жөнөткөн.

Кочкоров Орозалинин Ооганда жүргөндө түшкөн сүрөттөрү (экинчи катардагы оңдон  биринчи )

Арадан эки жыл өтүп, Орозалини аскерден «жакында келет» деп турганбыз. Андан кичүү Касымалыны армияга узаткан күн болчу. Аны узатып келгенбиз. Андан 2 саат өтүп өтпөй, райкомдун биринчи секретары, колхоздун башкармасы Жуманазар Бечелов, айылдык кеңештин төрайымы, аскер комиссары, дагы бир топ аскер кийимин кийген адамдар үйгө кирип келишти.

Алар бизге «силердин уулуңар Кочкоров Орозали Афганстанда дайынсыз жоголду» деген ат көтөргүс кайгыга салган кабарды угузушту. Баарыбыз уккан кулагына ишенип- ишенбей бир саамга дел болуп туруп калдык. Апам менен карындаштарым чыңырып ыйлашып, эмелеки тынч турган үй заматка ыйга, ызы-чууга толуп чыкты.

Апам байкуш жаагынан аккан жашка көңүл бурбай, аларга:

-Койгула, антпегиле! Менин балам тирүү! Жакшылап издесеңер табылат… деп, анын аягына чыга албай тамагы буулуп, үнсүз ыйлап жатты.

Айыл жеринде аксакалдардын сөзү өтүмдүү эмеспи. Алар баарыбызды кайрадан тынчтандырып, келгендер ата-энебизге кайрат айтып, сооротууга аракет кылышкан.

«Дайынсыз жоголду» деген кабар абдан жаман экен. «Уулум жакында келет!» деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан апама бул жагымсыз кабар абдан оор тийди. Эч кимдин башына мындай мүшкүлдү салбасын! Апам байкуш бакшыларга көп барды, алар «уулуңуз тирүү» деп айтышса, бир кабар угуп каламбы» деп көзү өткөнчө эле күтүп жүрдү. «Балам тирүү болсо, келип калабы, көрүп каламбы» деп эзилип жүрүп, 1997-жылы 70 жашында эле дүйнөдөн өттү.

Атам да ичинен көп сызылып жүрчү, бирок анысын сыртка чыгарбай, апабызды сооротууга аракет кылчу.

Ошол жылы 6-майда бизден 15 чакырым ар жакта жайгашкан Бирлик деген айылда жашаган Орозали менен бирге кызмат кылган Тургунбаев Олжобай деген бала келип калды. Ал инимдин панамкасы, кайыш куру, фотоальбому салынган дипломатын көтөрүп келиптир. Аны апамдын колуна тапшырган. Апам ошондо да Орозалинин кайыш курун, панамкасын жыттап, сүрөттөрүн көрүп, көпкө чейин шолоктоп ыйлаган.

Өткөн жылы июнь айында Кара-Көлдө жашаган Гүлай эжемдин уулу Канжар деген жээним НТС телеканалынын «Итоги недели» программасын көрүп жатып, таякеси Орозалинин тирүү экендигин угуп калат. Ал бизге телефон чалды.

Бир туугандар интернеттен НТС телеканалынын 2018-жылы 17-июндагы Россиялык белгилүү журналист Ирида Зейналова алып барган «Итоги недели» программасын издеп таап, Телеканалдын кабарчысы Анатолий Майоровдун Гераттагы аскердик музейде иштеген кызматкердин Орозалинин тирүү экендиги, азыркы учурда Гур провинциясынын бир шаарында электрик болуп иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматты угуп, канчалык карманганыбызга карабастан баарыбыздын көзүбүздөн жаш кылгырды.

Биз НТС каналынын телеканалдын кабарчысы Анатолий Майоровдун маалыматтарына таянып, Бишкектеги Ооган согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин тең төрагасы Жолдошбек Бейшеевге кайрылдык. Ага рахмат, КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын алдындагы жоокер-интернационалисттердин иштери боюнча комитеттин жардамына таянып, бир тууганыбыз Орозалинин тирүү экендигин тастыктап, ал жашаган шаарды тактап беришти…

Ошол мезгилде Акбаралинин уюлдук телефонуна кимдир бирөө чалып калды.

Ал мага кайрылып:

– Ноокендин Бирлик деген айылда жашаган Орозали менен бирге кызмат кылган Тургунбаев Олжобай телефон чалып, сизди сурап жатат, аны менен да сүйлөшүп көрөсүзбү? – деп калды.

Мен башымды ийкедим.

Ооган согушунун ардагеринин эс тутуму мыкты окшойт, мындан 36 жыл мурда болгон учурду ай-күнү, саатынан бери таптак айтып берди.

– Биз Гератта №51883 «б» -аскердик бөлүктө кызмат кылганбыз. Орозали дайынсыз жоголгон күн 1983-жылдын 14-апрель айында түшкү саат 12 болчу. Командирден «кезектеги рейдге кеткендердин ичинен Кочкоров Орозали менен Аманов Уктам кайтып келген жок, баарыңар издөөгө чыккыла!» деген буйрук келди. Жоголгон эки жоокерди бүт дивизия издеп чыкты. Алар душмандар менен акыркы огу калганча атышкан. Себеби, дарыянын жээгинен автоматтан атылган 56 гилзаны таптык.

Душмандар тирүү же жарадар болгон советтик солдаттар жана офицерлер үчүн белгилүү суммадагы акча алып тургандыктан, алар үчүн экөөнү өздөрү менен алып кеткен материалдык жактан пайдалуу болчу. Менин оюмча, экөө тең жарадар болуп, эс учун жоготкондо душмандар аларды арабага салып алып кетишкен. Анткени, дарыянын жээгинде турган араба канга боюлуп калган экен.

Беш кол барабар эмес экен, Орозали жөнүндө сөз болгондо кээ бирөөлөр «балким өз ыктыяры менен колго түшкөн эмеспи» деген жанды кашайткан суроо бергендер да болду. Аларга «Мен Орозалини жакшы билчүмүн. Экөөбүз бир райондон болгондуктан көп маектешчүбүз. Ата-энеси, ага-инилери, карындаштары тууралуу көп айтчу. Анын келечек максаты бийик болчу. Аманчылык болсо, апрель же май айында дембель болсок, жай айында политехникалык институттун энергетика факультетине кирип окуйм» деп калчу. Туулуп өскөн жерге кайтканга аз гана убакыт калган учурда бөтөн жерде калып калуу акылга сыйбаган нерсе!» деген жооп берчүмүн. Албетте, душмандардын колуна түшкөн Орозалини андан кийинки тагдыры кандай болгондугу биз үчүн белгисиз. Анын башынан көп кыйынчылыктар, жан чыдагыс кыйноолор өткөн болушу мүмкүн.

Бирок, Орозали душмандын колуна жарадар болуп калгандыктан гана аргасыз түшкөн деп ойлойм. Ал келбеттүү, шамдагай экендигин Базар-Коргондун Фрунзе колхозунан барып, биздин бөлүктө кызмат кылган Юсупов Пайзилда деген бала да тактап берет.

Бул окуяны аягына чейин тастыктоо үчүн Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Жолдошбек Бейшеевге кайрылдык.

Ал Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык Кеңеши Орозали Кочкоровдун бир туугандарынын жана НТС телеканалынын 2018-жылы 17-июндагы Россиялык белгилүү журналист Ирида Зейналова алып барган «Итоги недели» программасынын кабарчысы Анатолий Майоровдун көрсөткөн маалыматтарынын негизинде бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министригине кайрылуу жасагандыгын айтып, сөзүн андан ары мындай улантты:

– Бирок, тилекке каршы, министрликтен канаттандырлык жооп ала албадык. Өткөн жылдын 24-октябрында Москвада КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын алдындагы жоокер-интернационалисттердин иштери боюнча комитеттин координациялык Кеңешинин отурумуна катышып, мен комитеттин төрагасынын орун басары Желтаков Михаил Юревичке бул маселе боюнча кайрылдым. Анын иликтөө тобунун кызматкерлери жердешибиз Кочкоров Орозалини таап берүүгө абдан чоң эмгек жасашкандыгын баса белгилеп өтүү зарыл. Учурдан пайдаланып аларга ыраазылык билдирип койгубуз келет. Алар Кочкоров Орозалинин жашаган, иштеген жерин жана үй-бүлөлүү экендигин так аныктап беришти.

Дайынсыз жоголгон жоокерлер менен жолугушуунун, сүйлөшүүнүн атайын процедуралары бар. Азыркы учурда бул багытта тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп жатат. Ал аягына чыкса жалпыга маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Орозали Кочкоровду бир туугандары менен сүйлөштүрөбүз. Аманчылык болсо, сиздер менен дагы жолугабыз.

Мындай күтүлбөгөн, адаттын тыш окуянын кандай өнүгөрүн мезгил өзү көрсөтөт, аманчылык болсо, аны да окурмандарга баяндап беребиз.

Коомчулук, журналисттер сокулуктук Петр Зимонтовский, Евгений Харитонов жана бишкектик Нурбек Кудайбердиевди тереңирээк изилдеп көрсө, алардын да дайыны чыгып калат беле…» деген ой келди.

Кочкоров Орозалинин бир тууган Кочкоров Аскарали  (оңдон алтынчы)

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,

Кыргыз Туусу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17