Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,567 Бардыгы / Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарында айдоочу аялдарга карата көзөмөл күчөтүлдү. Жол полициясынын кызматкерлери автоунаа айдап бараткан аялдарды токтотуп, түрдүү шылтоолор менен айдоочулук күбөлүктөрүн алып, машинелерин айып жайга токтотууда. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү тургундардын айтымында, унаа айдаган аялдарга каршы мындай рейддер шаарда бир жумадан берип жүрүп жатат. “Мисалы, айдоочуну токтоткон полиция кызматкерлери автоунаага кошумча […]
1,568 Бардыгы / Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарында айдоочу аялдарга карата көзөмөл күчөтүлдү. Жол полициясынын кызматкерлери автоунаа айдап бараткан аялдарды токтотуп, түрдүү шылтоолор менен айдоочулук күбөлүктөрүн алып, машинелерин айып жайга токтотууда. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү тургундардын айтымында, унаа айдаган аялдарга каршы мындай рейддер шаарда бир жумадан берип жүрүп жатат. “Мисалы, айдоочуну токтоткон полиция кызматкерлери автоунаага кошумча […]
ТҮРКМӨНСТАНДА АЯЛДАРДЫН АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨРҮ КАЙРАДАН АЛЫНУУДА
23.06.2022 / Автор anarkan_kg1,569 Бардыгы /
Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарында айдоочу аялдарга карата көзөмөл күчөтүлдү. Жол полициясынын кызматкерлери автоунаа айдап бараткан аялдарды токтотуп, түрдүү шылтоолор менен айдоочулук күбөлүктөрүн алып, машинелерин айып жайга токтотууда.
Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү тургундардын айтымында, унаа айдаган аялдарга каршы мындай рейддер шаарда бир жумадан берип жүрүп жатат.
“Мисалы, айдоочуну токтоткон полиция кызматкерлери автоунаага кошумча жабдуу орнотулганын айтып, бирок ал жабдууларга тыюу салынганы тууралуу чечимди же мыйзамды көрсөтпөй жатышат. Мындай шылтоо менен ондогон аялдын айдоочулук күбөлүгүн алып, машинелерин айып жайга токтотушту”, – деди жергиликтүү аялдардын бири.
Анын айтымында, полициянын мындай рейддерине кабылган аялдардын көбү Түркмөнбашы шаардык акимчилигине кайрылып, жол полициясынын кызматкерлерине карата чара көрүүнү талап кылышкан.
“Бирок акимчиликтин өкүлдөрү даттанууларыбызды уккандын ордуна кайра бизди айыпташты. Кызматкерлердин бири: “Аялдарга унаа айдап эмне кереги бар? Үйдө отуруп, балдарыңарды тарбиялагыла. Сайраңдаганды гана билесиңер. Жаш жигиттерге көз салгандан уялбайсыңарбы? Силердин чоң энеңер менен апаңар унаа айдады беле? Жөн койсо башка чыгып кетесиңер” деп аялдарды акимчиликтен кууп чыкты”, – деди ал.
Түркмөнстан Конституциясынын 29-беренесине ылайык, өлкөдө аялдар менен эркектер бирдей укуктарга, эркиндикке ээ жана аларды ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрү бар. Аталган беренеде “Жынысына карап тең укуктуулукту бузгандар мыйзамда каралган нормалар менен жоопкерчиликке тартылат” деп жазылган.
Бирок иш жүзүндө өлкөдө бир нече жылдан бери аялдардын автоунаа айдоо укуктары чектелип келет. Полиция кызматкерлери ойдон чыгарылган түрдүү шылтоолор менен алардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып, кайра кайтарып бербей койгон учурлар көп катталган.
Түркмөнстанда быйыл мартта бийликке мурдагы президенттин уулу Сердар Бердымухамедовдун келиши менен аялдардын тышкы келбетинн көзөмөл күчөгөн. Апрелде өлкөдө айрым косметикалык операцияларга, маселен төштүн пластикасына же татуажга тыюу салынып, көчөдө тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары көбөйгөн.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.