Аймак

ОШТО УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

ОШТО УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

 2,952 Бардыгы /

ОШ. Оор беренелер менен бир канча жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун эң активдүү мүчөсү акыры кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анткени, 2022-жылдын 5-июль күнү Ош шаарында белгисиз атуул коркутуп-үркүтүп, анын жанындагы 300 АКШ долларын жана 60000 сомун ачык эле тартып алып койгондугун билдирген. Ошондуктан, аталган факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) белгилери менен катталып, шектүүнү кармоо боюнча атайын иш- чаралар уюштурулду.

Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бул кылмышка шектүү чыңары Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү сыңары каттоодо турган, мурда Россия Федерациясында бир нече жолу оор беренелер менен соттолгон жана Кыргыз Республикасында дагы бир нече жолу соттолгон Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Э.А кармалды.

Ушул тапта шектүүнүн үстүнөн ар тараптуу иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Күмөндөлгөн адам Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17