Аймак

ДҮЙНӨЛҮК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯ ОШМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА КЫЗЫКДАР

ДҮЙНӨЛҮК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯ ОШМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА КЫЗЫКДАР

 1,200 Бардыгы /

          ОШ. ОшМУга Урал регионунда жайланышкан Дүйнөлүк инвестициялык компаниянын жетечиси  В.Ф.Славина менен ЕврАзия Элдеринин ассамблеясынын баш катчысынын орун басары М.В.Федоров баш багышты.

Коноктор адегенде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, өз ара кеңири баарлашты. Дүйнөлүк инвестициялык компаниянын жетечиси  В.Ф.Славина студенттердин стартап борборлору менен жеринде таанышып, алдыда бизнес идеяларды жүзөгө ашыруу үчүн инвесторлорду байма-бай тартып кызматташууга абдан кызыкдар экендигин дагы жашырган жок. Сөз арасында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университеттин тышкы байланыштары, студенттердин жана  окутуучулардын бизнес идеяларын жүзөгө ашырууга багытталган бир катар алгылыктуу иш-аракеттер жана Жаштар бизнес сейил багы туурасында кеёири маалыматтарды дагы берди. 

Андан ары коноктор Эл аралык билим берүү программалар жогорку мектебинде ачылган Жаштар бизнес сейил багын кенен-чонон кыдырышып,  стартаптар менен дагы жеринде таанышышты. Эгерде алардын талабына жооп берген мыкты бизнес идеялар болсо, менторлорду таап каржылоого дагы жардам беришмекчи.

Баса, Орусиянын Урал регионунда жайгашкан Дүйнөлүк инвестициялык компаниянын жетечиси  В.Ф.Славина менен Евразия элдеринин ассамблеясынын баш катчысынын орун басары М.В.Федоров Ош шаарында өтүп жаткан  Орус-Кыргыз инвестициялык форумуна катышышууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17