Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

REUTERS: АКШ УКРАИНАГА 150 ЧАКЫРЫМГА ЧЕЙИН УЧА ТУРГАН РАКЕТАЛАРДЫ БЕРЕТ

REUTERS: АКШ УКРАИНАГА 150 ЧАКЫРЫМГА ЧЕЙИН УЧА ТУРГАН РАКЕТАЛАРДЫ БЕРЕТ

 924 Бардыгы /

АКШ Украинага 2 миллиард доллардан ашык суммага аскердик жардамдын жаңы топтомун даярдоодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги президент Жо Байдендин администрациясындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, жардамдын бул топтомуна алгачкы жолу 150 чакырым алыстыктагы бутага таамай тие турган ракеталар кирет. КепGLSDB (Ground Launched Small Diameter Bomb) деп аталган жогорку тактыктагы ракеталар жөнүндө болууда. Буга чейин өнөктөштөрү Украинага 80 чакырымга чейин гана уча ала турган ракеталарды берип келишкен.

Reuters агенттиги өткөн жылдын ноябрь айында эле GLSDB ракеталарын өндүргөн Boeing компаниясы Украинага дал ушул ок-дарыны берүүнү сунуштаганын кабарлаган.

Система ракеталык кыймылдаткычтуу кичи диаметрдеги бомбалардан турат. Ал глобалдык GPS навигациялык системасынын жардамы менен башкарылат. Аны аба ырайынын бардык шарттарында, ошондой эле чопкутталган транспорт каражаттарына каршы да колдонууга болот.

Ракетанын баш жагында бүктөлө турган кичинекей канаттары бар. Алар ракета учактан кое берилгенден кийин 100 чакырымдан ашык аралыкка таамай учуп барып, 1 метр диаметрдеги бутаны жок кылууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле маалда Вашингтон 300 чакырым алыстыкка уча турган ATACMS рекаталарын берүү тууралуу Киевдин өтүнүчүн канааттандырган жок. АКШ украин аскерлери ал ракеталар менен Орусиянын аймагын атып, согуш көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогудай курчуп кетиши ыктымал деп тынсызданууда.

Буга чейин украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Киев аннексияланган Крым жарым аралына чабуул жасоого мүмкүндүк бере турган ракеталарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

Аскердик жардамдын жаңы топтомуна “Пэтриот” зениттик-ракеталык комплексине көмөкчү жабдуулар, таамай тийе турган ок-дарылар жана танкка каршы “Жавелин” комплекстери кирет деп күтүлүүдө.

Reuters’тин маалыматына караганда, аскердик жардамдын жаңы топтому тууралуу ушул жуманын ичинде жарыяланат.

Буга чейин АКШ, Европа өлкөлөрү, Канада, Жапония жана Австралия Украинага ондогон миллиард долларлык аскердик, гуманитардык жана каржылык жардамдарды беришкен.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17