Аймак

БИШКЕК ШААРДЫК ЖАНА РАЙОНДУК МИЛИЦИЯ БӨЛҮКТӨРҮНҮН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

БИШКЕК ШААРДЫК ЖАНА РАЙОНДУК МИЛИЦИЯ БӨЛҮКТӨРҮНҮН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

 1,140 Бардыгы /

БИШКЕК. Кечээ, 7-февраль күнү ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь
Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын
кызматкерлери тарабынан уюштуруу мерчемине ылайык Бишкек шаардык ИИББдин жана анын аймактык түзүмдөрүнүн өздүк курамын “АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук
чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы
текшерилди.

ИИМдин басма сөз кызматы  билдиргендей, “АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Бишкек ШИИББы, Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов
РИИБы боюнча өздүк курамдын чогулушу “жакшы” деген баага татыктуу
болду. Жыйынтыгында чогулган жалпы өздүк курамга саптык кароо жүргүзүлүп, жалпы
мазмундагы бир катар кемчиликтер аныкталды. Алар негизги иш пландары
жана ИИМге тиешелүү атайын пландарда бир катар кемчиликтер орун алган.

Орун алган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча ИИМ жетекчилиги бир катар
тапшырмаларды белгилеп, кайрадан текшерүүгө ала тургандыгы белгиленди.
Мына ушундай кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерүү мындан ары да
улантылмакчы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17