Аймак

ДАНИЯ УКРАИНАГА 100ГӨ ЖАКЫН LEOPARD 1 ТАНКТАРЫН ЖАНА CAESAR СИСТЕМАЛАРЫН БЕРЕТ

ДАНИЯ УКРАИНАГА 100ГӨ ЖАКЫН LEOPARD 1 ТАНКТАРЫН ЖАНА CAESAR СИСТЕМАЛАРЫН БЕРЕТ

 843 Бардыгы /

Дания Украинага 100гө жакын Leopard 1 үлгүсүндөгү танктарды берүүгө даярданууда. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Троэльс Лунд Поульсен Одессадагы брифинг учурунда билдирди.

“Украинага Leopard танктарын жайдын башында бере баштайбыз. Алардын жалпы саны 100гө жакын болот деген үмүттөмүн. Бул эркиндик үчүн күрөштө украин армиясына кыйла пайдалуу жардам болот. Мындан тышкары Leopard 2 танктарын да берүү маселесин талкууласак болот”, – деди Поульсен.

Ал ошондой эле кийинки жумада Украина Даниядан CAESAR артиллериялык системаларын алышы мүмкүн экенин кошумчалады. Учурда украин аскерлери Даниянын полигондорунда аталган куралды колдонуу боюнча машыгуудан өтүүдө.

Февралда Дания, Германия жана Нидерланд өлкөлөрү Украинага берүү үчүн эски Leopard 1 танктарын калыбына келтирүүгө каражат бөлөрү белгилүү болгон. Бул үч өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө Украина жакынкы айларда бери дегенде эле Leopard 1 A5 үлгүсүндөгү 100 танк алары айтылган. Мындан тышкары украин аскерлери машыктырылып, материалдык-техникалык колдоо, тетиктер жана ок-дарылар берилери жазылган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17