Аймак

«ХИЗБУТ-ТАХРИР» ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМУНУН ОШТОГУ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАРМАЛЫШТЫ

«ХИЗБУТ-ТАХРИР» ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМУНУН ОШТОГУ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАРМАЛЫШТЫ

 1,392 Бардыгы /

ОШ. «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик Уюмунун Ош облусунун аймагындагы жетекчилеринин диверсиялык аракеттерине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик Уюмунун аймактык жетекчилеринин жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тыкыр иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө диний адабияттар, брошюралар (“Хизбут-Тахрир” ДЭУ тарабынан чыгарылган), СД дисктери (10 даана), флеш- карта, планшеттер (2 даана), телефон аппараттары (5 даана) табылып алынды.

Табылган документтер диний экспертизага жөнөтүлд, Эми ушулардын  жыйынтыгына жараша гана айыптоо чаралары каралат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17