Аймак

БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШҮП ЖАТЫШАТ

БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШҮП ЖАТЫШАТ

 858 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткен облусунда жергиликтүү милиция кызматкерлери электрондук документтер менен тыкыр иш жүргүзүүнү дыкаат үйрөнүп жатышат. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда. Баткен жергесиндеги милиция кызматкерлери электрондук документ жүгүртүү маалыматтык системасын ырааттуу түрдө ишке ашыруу боюнча атайын окуулардан дагы өтүшүүдө. Ички иштер министрлигинин Катчылыгынан адистер аталган облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө өздүк курамга окутууларды өткөрүшүп, а түгүл практикалык усулдарды дагы даана көргөзүп жатышат.

Белгилей кетчү жагдай: аталган окутуу Кыргыз Республикасынын  президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активтештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын, ошондой эле Ички иштер министрлигинин тескемесинин талаптарын аткаруу максатында гана уюштурулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17