Аймак

ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ

ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ

 1,188 Бардыгы /

          ОШ. Ош технологиялык университетинин жетекчилиги Орусиянын Омск облусунан келишкен атайын делегация менен кең-кесири жолугушту.

          Орусиянын Омск облусунан келишкен жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен бул жолку атайын кездешүүнүн жүрүшүндө билим берүү, илим изилдөө, студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, студенттерди практикадан өткөрүү жана дагы конок лекцияларын уюштуруу маселелери кенен-чонон талкууланды.

          Аталган иш-чаранын соңунда болочокто Омск облусу менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү, ар кандай илимий долбоорлорду биргеликте жүзөгө ашыруу тармагында кызматташтык программасына кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр дагы кызуу жүрдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17