Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
886 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ЖККУга мүчө-мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мөөнөткө мыйзамсыз миграцияга каршы жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана […]
887 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ЖККУга мүчө-мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мөөнөткө мыйзамсыз миграцияга каршы жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана […]
РЕСПУБЛИКА АЙМАГЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯНЫ УЮШТУРГАН 104 ФАКТЫ АНЫКТАЛДЫ
05.07.2023 / Автор anarkan_kg

888 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ЖККУга мүчө-мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мөөнөткө мыйзамсыз миграцияга каршы жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында “Нелегал-Трафик” аталышында ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Бул иш-чара мыйзамсыз миграцияны уюштурууну, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын бузууга байланышкан фактыларды аныктоого багытталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын миграция мыйзамын бузган жалпысынан 425 факты аныкталган. Анын ичинен Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 14 факты аныкталган.
– Кыргыз Республикасына аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 160 факты аныкталган.
– Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 210 факты аныкталган.
– Чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 41 аныкталган.
Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн жалпы суммасы 2.546000 сомдон ашык түзгөн айып пул салынган.
Андан сырткары “Нелегал-Трафик” ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын
жүрүшүндө эл аралык издөөдө жүргөн 1 адам кармалып, экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча кылмыштын 13 фактысы, мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 5 факты
аныкталып, 4 ок атуучу курал табылып алынган.
Рейддин жүрүшүндө ачылган айрым кылмыш иштерине токтоло кетсек, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Германияга виза берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргыз
Республикасынын 100 жаранынын акча каражаттарын тартып алган
компаниянын биринин директору кармалган. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) жана 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз миграция каналын уюштурган Пакистан Ислам Республикасынын жарандарынын кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюлду.
Пакистан Ислам Республикасынын эки жараны материалдык пайда табууну көздөшүп, 2022-жылдын июлунан ушул күнгө чейин өздөрүнүн жасалма фирмаларын пайдаланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына
жалган маалыматтарды берүү жолу менен кызмат көрсөтүп келишкен. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
21.10.2024 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН 120 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ
-
-
06.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ: ЖАҢЫ ГИМН ҮЧҮН АЧЫК, ТАЗА СЫНАК ӨТКӨРӨБҮЗ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.