Аймак

ОШ ШААРЫНДА ИРИ ӨЛЧӨМДӨ МАҢЗАТ ТАШЫГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

ОШ ШААРЫНДА ИРИ ӨЛЧӨМДӨ МАҢЗАТ ТАШЫГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

 753 Бардыгы /

          ОШ. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү наркотикалык зат ташыган эки жаран кармалгандыгын шардана кылды. Алар а түгүл изин жашырып качууга дагы аракет көрүшүп, кылмышын жашыруу максатында алып бараткан маңзатын талаага ыргытып жиберишкен.

          Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун аймагында, 42 жаштагы Б.К., жана 45 жаштагы М.С., аттуу жарандардын башкаруусундагы “Toyota Crown” үлгүсүндөгү автоунаага жол коопсуздугунун эрежесин сактоо боюнча жана текшерүү үчүн токтотулган.  Унааны дыкаат текшерүү маалында жүргүнчү сыёары бараткан жаран качууга аракет кылып,  баштыкка оролгон эки даана заттарды кылмыштын бетин жашыруу максатында талааны көздөй ыргытып жиберген. Жыйынтыгында автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү дароо кармалды.

          Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган наркотикалык зат “Каракуурай чайыры” (смола канабисса) болуп чыкты. Анын салмагы 1 кило 992,4 граммды түзгөн.
Аталган факт Кылмыш-Жаза Кодексинин 282-берененин 3-бөлүгү менен (маңзат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы дароо эле каралып, булар эки айга камакка алынды. Ушул тапта тергөө иштери кызуу улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17