Аймак

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВДИН ИНИСИ БОЛАТ НАЗАРБАЕВ КАЗА БОЛДУ

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВДИН ИНИСИ БОЛАТ НАЗАРБАЕВ КАЗА БОЛДУ

 1,239 Бардыгы /

13-ноябрь күнү эртең менен Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев 70 жашында каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

“Эртең мененки саат 9:28де анын жүрөгү токтоп калган (асистолия). Өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган 23 мүнөттүк реанимациялык аракеттер жардам берген жок”, – деп жазды Ratel.kz басылмасы өз булактарына таянып.

Ноябрдын башында Болат Назарбаевдин саламаттыгы начарлап, ал Алматыдагы борбордук клиникага жаткырылганы маалым болгон. Басылмалар анын бейтапканага “миокард инфарктына” байланыштуу жеткирилгенин жазышкан. Кийинчерээк абалы оорлоп баратканы кабарланган.

Болат Назарбаев — Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси.

Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана алардын байлыгы тууралуу 2022-жылкы Январь окуяларынан кийин көп айтыла баштаган. Кандуу окуядан соң Назарбаевдин жакындары өлкөдөгү таасирин жоготкону да айтылып келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17