Аймак

ТАЖИКСТАНДА БЫЙЫЛ ЛИМОН КӨП ЖЫЙНАЛЫП, БААСЫ ДА ЖОГОРУ БОЛУУДА

ТАЖИКСТАНДА БЫЙЫЛ ЛИМОН КӨП ЖЫЙНАЛЫП, БААСЫ ДА ЖОГОРУ БОЛУУДА

 1,470 Бардыгы /

Быйыл Тажикстандын Хатлон облусундагы Жайхун районунда лимондун түшүмү мол болуп, баасы да былтыркыга салыштырмалуу жогору болууда.

Жергиликтүү багбан Хоким Азимов баалардын жогорку болуп жатышын чет өлкөлөрдө лимонго болгон суроо-талаптын өскөнү менен байланыштырууда.

“Былтыр бир килограмм лимондун баасы 3,5-4 сомони болсо, быйыл 15-16 сомониге чыкты. Быйыл чет өлкөлөрдө цитрус өсүмдүктөрүнө болгон суроо-талаптын жогорулаганы байкалууда”, – деди Азимов.

Анын айтымында, өткөн жылы лимон чет өлкөлөргө сатылбай, ички базарда көп болуп, багбандардын көбү жакшы киреше таба албай калган.

Жайхун райондук акимчилигинин айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Диловаршо Собирзода быйыл Өзбекстан менен Казакстандын ишкерлери лимонду көп сатып алып жатканын билдирди.

Бүгүнкү күндө ишкерлер багбандардын өзүнөн лимондун килограммын 15-17 сомониден (14 доллар) алып кетүүдө. Хатлон шаарындагы базарда анын баасы 18-20 сомониге жетет. Өткөн жылы бул мезгилде Тажикстанда лимондун килограммы 4-7 сомониден сатылган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17