Аймак

ОШ ШААРЫНДА ЭКИ ДЕҢГЭЭЛДҮҮ ӨТМӨКТҮН ДОЛБООРУНА ТУУРА КЕЛГЕН ОБЬЕКТИЛЕРДИН АЛГАЧКЫЛАРЫ БУЗДУРУЛДУ

ОШ ШААРЫНДА ЭКИ ДЕҢГЭЭЛДҮҮ ӨТМӨКТҮН ДОЛБООРУНА ТУУРА КЕЛГЕН ОБЬЕКТИЛЕРДИН АЛГАЧКЫЛАРЫ БУЗДУРУЛДУ

 426 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Ы. Монуев, А. Шакиров жана Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар менен жөө жүргүнчүлөр өтүү үчүн жол куруу боюнча иш аракеттер башталды.

          Ош Аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиев билдиришинче, тиешелүү адистер, долбоордун аймагына дал келген обьекттердин ээлерине өз аракеттери менен бузуу иштери боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында, кээ бир обьекттердин ээлери өз каалоосу менен бузуу иштерин башташты.

          – Алгачкы долбоорго ылайык, бузууга тийиш делген 13 обьект аныкталган. 13 обьектинин экөө өз каражаты менен бузуп коюшту. Ал эми бул долбоорго дагы бара-бара кошумча-алымчалар болот. Азырынча долбоор толук түрдө даярдала элек, – деди Ош Аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиев.

          Буга дейре Ош шаарынын мэриясы Ысакбек Монуев, Аскар Шакиров жана Алимжанов көчөлөрүнө эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу башталаарын билдирген. Буга ылайык, Аскар Шакиров көчөсүнөн Алимжанов көчөсүнө жүрүүчү унаалар айлампадан айланып түрдүү багыттарга кетээри көрсөтүлгөн.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17