Аймак

КАРА-КУЛЖАДА КЫЗ АЛА КАЧЫП БАРАТЫШКАН ЖИГИТТЕР КАРМАЛЫШТЫ

КАРА-КУЛЖАДА КЫЗ АЛА КАЧЫП БАРАТЫШКАН ЖИГИТТЕР КАРМАЛЫШТЫ

 651 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда кыз ала качып баратышкан жигиттер кармалышты. Бул туурасында  Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган окуя үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде болжол менен саат 16:30да жүз берген. Белгисиз жарандар Ош шаарынын 19 жаштагы тургунун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага салышып, белгисиз тарапка ала качып кетишкен.

Ошентип, бул факты Ош ШИИБсинде дароо катталып, «Курчоо» иш мерчеми киргизилген. Ыкчам аракеттердин иш-жүрүшүндө ала качууга шектелишкен жигиттер кармалышып, Тергөө кызматына өткөрүп берилдин. Ал эми унаа айып короосуна киргизилди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17