Аймак

ӨСПҮРҮМДҮ КОРКУТУП, АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

ӨСПҮРҮМДҮ КОРКУТУП, АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

 168 Бардыгы /

Жашы жете элек өспүрүмдөн акча талап кылган ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Маалыматты Башкы прокуратурадан блдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 6-июлунда милициянын күзөт кызматкери электрондук тамеки чегип отурган өспүрүмдү административдик жоопкерчиликке тартуу жолу менен коркутуп, андан акча талап кылып, банкоматтан чечтирип алган.

Моралдык-психологиялык кысымдын кесепетинен жашы жете элек өспүрүм окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, “геморрагиялык инсульт” диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми, милиция кызматкери өзүнүн кылмыштуу аракетин жашыруу максатында, оор абалда жаткан өспүрүм баланы окуя болгон жерге калтырып, изин жашырып качып кеткен.

 Аталган факт боюнча кызматкерге “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Коркунучта калтыруу” беренеси боюнча  кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмышка шектүү катары милиция кызматкери С.Б.Б. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17