Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,510 Бардыгы / К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) негиздөөчүсү Кыргыз кооперативдер биримдигинин 2019-жылдын 23-январындагы №2 токтому менен ЭАУнун ректору болуп экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков дайындалды. э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков 1962-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Кулжа районунда туулган. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы […]
1,511 Бардыгы / К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) негиздөөчүсү Кыргыз кооперативдер биримдигинин 2019-жылдын 23-январындагы №2 токтому менен ЭАУнун ректору болуп экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков дайындалды. э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков 1962-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Кулжа районунда туулган. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы […]
ЭАУга ЖАҢЫ РЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ
25.01.2019 / Автор aymak

1,512 Бардыгы /
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) негиздөөчүсү Кыргыз кооперативдер биримдигинин 2019-жылдын 23-январындагы №2 токтому менен ЭАУнун ректору болуп экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков дайындалды.
э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков 1962-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Кулжа районунда туулган. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин эсеп-экономика факультетин “Бухгалтердик эсеп” адистиги боюнча аяктап, экономист квалификациясына ээ болгон. Жогорку билимдүү адис катары эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик университетинин өнөр жайдагы бухгалтердик эсеп кафедрасынын окутуучусу болуп баштаган. 1990-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Экономика институтунун аспирантурасында окуган. 1994-жылы экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон. 1995-1996-жылдары Кыргыз Айыл-чарба институтунун агрардык бизнес факультетинин агрардык экономика кафедрасынын ага окутуучусу. 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Агрардык академиясынын агрардык бизнес факультетинин экономика жана финансы кафедрасынын доценти. 1996-2018-жылдары ЭАУда бухгалтердик эсеп, аудит жана финансы кафедрасынын доценти, кафедра башчысы, эсеп-финансы факультетинин деканы, ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, Магистратура, аспирантура жана докторантура департаментинин директору, экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын башчысы кызматтарында иштеген. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Экономика институтунда доктордук диссертациясын жактап, экономика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болгон. 2015-жылы Аймактык Менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор окумуштуулук наамын алган. Америка Кошмо Штаттарынын, Россия Федерациясынын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында, илимий мекемелеринде илимий тажрыйба алып келген.
э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков бир катар монографиялардын, окуу китептеринин жана колдонмолорунун, экономикалык сөздүктөрдүн, көптөгөн илимий макалалардын автору. Өрнөктүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы төш белгиси жана башка сыйлыктар менен сыйланган. Муну менен бирге, С.А. Өмүрзаков Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу.
э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков үй-бүлөлүү, бир кыздын жана бир уулдун атасы. Жубайы кесиби боюнча врач.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
11.04.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПКО ТИЕШЕСИ БАР ЖАРАН КАРМАЛДЫ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg 23-АПРЕЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ «СЕН КИТЕПТИ АЧАСЫҢ, АЛ СЕНИ…”
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.