Аймак

ЛАТВИЯДА “РОССИЯ” ТЕЛЕКАНАЛЫН КӨРСӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

ЛАТВИЯДА “РОССИЯ” ТЕЛЕКАНАЛЫН КӨРСӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 938 Бардыгы /

Латвиянын Электрондук ММКлар боюнча улуттук кеңеши (NEPLP) үч ай “РТР-Россия” телеканалын алып көрсөтүүгө тыюу салды. Орусиялык канал улут аралык жек көрүүчүлүктү козутууга айыпталууда.

NEPLP төрагасынын орун басары Иварс Аболиньш бул чечимди: “Латвия Кремлдин пропагандасына чыдабайт. Биз маалымат айдыңын коргоп келгенбиз жана коргой беребиз”, деп түшүндүрдү.

Мыйзам бузуулар “Вечер с Владимиром Соловьёвым” жана “60 минут” көрсөтүүлөрүндө аныкталган.

Мекемеге кайрылган эксперттер бул программалар Украина жарандарына карата жек көрүүчүлүк сезимдерди козутууда деп эсептешет.

2015-жылы Литва дагы “Рен ТВ Балтия” телеканалын үч айга көрсөтүүгө тыюу салган. Комиссия бул телеканалдын “Теория заблуждений” программасынан “согуш жана жек көрүүчүлүктү тутантуу белгилерин” тапканын ырастаган.

 

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17