Аймак

ЖАРЫМ КЫЛЫМДАН БЕРИ УРАН АЗАБЫН ТАРТКАН МАЙЛУУ-СУУЛУКТАР

ЖАРЫМ КЫЛЫМДАН БЕРИ УРАН АЗАБЫН ТАРТКАН МАЙЛУУ-СУУЛУКТАР

 2,020 Бардыгы /

Тоңдогу Кызыл-Омпол уран кенин казууга уруксат берилиши күндүн темасына айланып, элдин кыжырын келтирип жаткан учуру. Азырынча өкмөт лицензияны кайтарып алып, убактылуу иштер токтотулду. Эми өздөрү каршы чыгымыш болгон менен, убагында уранды чалгындоого уруксат берген эл өкүлдөрү, жарым кылым өтсө да Майлуу-Суу эли уран калдыктарынан дале ууланып жатышканын билишпейт сыягы.

Майлуу-Суу шаарында 1946-66-жылдары көмүлгөн уран калдыктары азыркы күндө да бүткүл Орто-Азияга коркунуч туудурат. 1967-жылдары завод жардырылып, кийинчерээк шахталар бекитилген. Уран калдыктары көмүлгөн жерлер сайды жээктеп жайгашкандыгы эң чоң коркунуч. Жер көчкү ыктымалы күч Майлуу-Сууда көчкү сайды жиреп, уран калдыктарын жууп кетүү коркунучу турат.

Каныбек ТАШКЕНБАЕВ, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн алдындагы калдыктар менен иштөө агенттигинин башчысы:

-Ар бир уран калдыгы сакталган жайга сел-сууларын жеткирбөө чараларын көрөбүз. Айланасы арык менен курчалган, жамгыр көп жааганда адырдан топтолуп түшкөн агын-суулар атайын жасалган каналдар аркылуу сайга түшүп кетет. Уран көмүлгөн жайга жетпейт. Сайдагы суунун көбөйүшү менен жер астынан жиреп уран сакталган жайга жетип калбасы үчүн жээктерин таштар тизилип,коргонуу чаралары көрүлгөн. Мындай иш-аркеттер 2015-жылдан тарта болуп, былтыркы жылы акча каражаты азыраак бөлүнүп калган. Сел-каналдарын тазалоого гана жетишкенбиз. Быйылкы жылы да жогоруда айтылгандай багытта иштерди аткаруу үчүн болжолдуу 5 миллион сомдой каражат керек. Былтыркы жылга 3 миллон сом бөлүнгөн. Сметасын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылган. Ал эми жер көчкү коркунучу уран көмүлгөн жайга жакын болуп, өтө опурталдуу болуп турган 2-3 аймак бар. Маселе ал жерде көмүлгөн уранды башка жака ташып көчүрүү менен чечилет. Ал үчүн көп каражат керек. Европа биримдиги тарабынан каралып жаткан жаны долбоордо аталган маселе камтылган.

Майлуу-Суу шаарында жалпы 23 уран көмүлгөн жайлар, 13 радиоактивдүү үймөктөр бар. Аларда топтолгон уран калдыктарынын көлөмү 3 миллион кубометрге жетет. Өкүнүчтүүсү аталган жайлар тосмолонбой, ачык калып, мал-жандыктардын жайытына айланган. Тийиштүү адистер коюлган тосмолор жергиликтүү тургундар тарабынан уурдалганын билдиришти.

Каныбек ТАШКЕНБАЕВ, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн алдындагы калдыктар менен иштөө агенттигинин башчысы:

-Тосмолор, уурдалып кеткен. Өтө көп каражат кетет бирок натыйжалуу болгон альтернативдүү жолу бар. 12 километр алыстыктан ак турпак ташып келип, шагыл менен үстүн балык жоон кылып көмүү. Ошондо суу өтпөйт, чөп чыкпайт, аба да өткөрбөйт. Мисалы азыр турган жерибиз 2006-жылы тосмолонгон, бирок кароолчу жоктугунан зымдарын уурдап кетишкен. Азыр уран сакталган жайларды баарын эсептегенде 50 гектар жерди тосмолоо керек. Андан көрө биринчи айткан жол ыңгайлуу, ошондо мал-жандыктар кирбейт, зыяндуулугу такыр болбойт. Мындай долбоор тууралуу Европа биримдигинин докладында болжолдуу 50 миллион евро сарпталары айтылды. Эгерде ошол каражат бөлүнүп калса, албетте долбоор бир жылда эмес, 3-4 жылда аяктайт, ошондо чындап Майлуу-Суу шаары тазаланат. Долбоорго муктаждыкты аныктоо 2017-жылы башталган, 2019-жылдын ноябрь айында аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен Европа биримдиги каражат бөлөбү жокпу аныкталат.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында 53 жыл мурда көмүлгөн уран калдыктары алигече элге зыянын тийгизүүдөбү? Адистер уран калдыктары сакталган жайлар өз убагында көмүлүп, зыянсыздандырылганын, элдин саламаттыгына жана экологияга анчейин таасири жоктугун айтышса, жергиликтүү тургундар азырга чейин андан жабыр тартып келатышканын айтышат.

Базаркан САГЫНДЫКОВА, Майлуу-Суу шаарынын тургуну:

-Мен өзүм рак менен ооругам, неберем жүрөк оорусу менен төрөлдү. Тукумубузда мындай оору болбогондуктан себебин урандан көрүп жатабыз. Бир эле биз эмес, айылда бойдон түшүүлөр көп болот. Колу же буту жок болуп төрөлгөн учурлар да кездешкен. Биздин жогорку Көг-Ой айылында бир үй-бүлөдө экиден баласы майып болгондор бар. Дарыгерлер себебин так деп айтышпайт, бирок өзүбүз ошол себептен эле көрөбүз. Радиациялык аймакта жашап жатканыбыз үчүн дарыланууда жеңилдиктер жок. Мисалы мен,неберем экөөбүз Ошко, Жалал-Абадка барып дарыланып туруубузга 50 миңге чейин каражат кетет. Небереме операция жасатыш керек, ага чамабыз жетпей турат.

 


Каракыз АБДУЛЛАЕВА, Майлуу-Суу шаарынын тургуну:

Урандын зыяны тиет, эч убакта тийбей койбойт. Биздин организм көнүп калган. Мисалы менин бир туугандарым мейманчылыкка келгенде, кан басымы көтөрүлүп ооруп калышат. Бүгүн жашап жатып мүрт кетип өлгөндөр бар. Башка жака көчүп кетүү кыйын, мисалы биздин айыл Түштүк-Кайрагачта жер көчкү болду. Башка жактан жер беришти, бирок ал жакка турак-жай салып көчүп барганы шартыбыз жок.

Калбү НУРМАМБЕТОВА, Майлуу-Суу шаарынын тургуну:

30 жылдан бери жашайбыз, биздин каныбызга сиңип калган, билинбегендей эле болуп жатат. Бирок кийинки муундарга таасирин тийгизип жатат. Эми оору-сыркоо болгону менен байкалбайт. Башка жака барып ата-конуш курууга жок дегенде он жыл керек. Андайга биздин шартыбызда жок. Айла жок. Кайыл болуп, ушул жерде эле жашаганга ыраазыбыз.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17