Аймак

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ СТАТУСУН КАНЧАЛЫК САКТАЙ АЛДЫ?

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ СТАТУСУН КАНЧАЛЫК САКТАЙ АЛДЫ?

 3,330 Бардыгы /

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши Кыргызстандагы тил маселесине кайрылып, кыргыз тилин – мамлекеттик тил деп жарыялаган эле. Андан бери 30 жыл убакыт өттү. Саналуу күндөрдөн соң бул күндү салтанаттуу белгилөө менен өлкөдө түрдүү иш-чаралар өтөт. Ооруну жашырсаң, өлүмү ашкере кылат – демекчи 30 жыл болду деп көкүрөк какканыбыз менен артыбызда тилибиздин ашмалтайы чыгып жатканы баарыбызга маалым. Мына ушул отуз жыл аралыгында кыргыз тилинин макамы канчалык чыңдалып, калк арасында кадыр-баркка ээ болду? Мамлекеттик тил коомдо өз ордун таап,  статусун сактай алдыбы?

Токтоназар АКУНЖАНОВ, кыргыз тили жана адабияты мугалими, пенсионер: “КЫРГЫЗ ТИЛИ ТООНУН ЖОЛУНА ТҮШҮП АЛГАН, ТРАССАГА ЧЫГА АЛБАЙ ЖҮРӨТ”

-Кыргыз тилинин каны менен жаны айыл менен кыштактарда. Айылдарда гана кыргыз тили кенен колдонулат. Мурунку мезгилде Жалал-Абадда бир да кыргыз мектеп жок болчу. Бишкекте бирөө, Ошто экөө гана бар эле. Азыркы мезгилде Россияга  барып акча тапкан мигранттар тилден кыйналбасын деп балдарын орус тилдүү мектептерге берүүдө. Бир убакта орус мектепте окуганбы айтор бирөө “Мен орус тилин билбеген дуракмын, кыргыз тилин билбеген жиндимин” – деп айтты эле. Бул да чындык сөз. Биздин башчыларыбыздан жетекчи катары  И.Раззаковдой киришкен инсан жок. “Балык башынан” демекчи, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары өсүп-өнүгүшүнө эң биринчи бийликтин жогорку органдары ага канчалык деңгээлде маани берерине байланыштуу. Мамлекеттик тил катары канат жайышына өлкө башчыларыбыз киришкенде гана алдыга жылат деп ойлойм. Бизде “Кыргыз тил” коому түзүлгөн, ага бюджеттен да чоң акча бөлүнөт. Аталган коомдун район-шаарларындагы өкүлдөрү менен сүйлөшүп көрдүм. Тилекке каршы алардын тилге күйүп-бышканын көрө албадым.

Тил – кыргыз элинин жүзү. Учурда кайсы тармакты карабайлы, ката кетирүү салтка айлангандай. Мисалы, соцтармактарда, айрыкча “ютуб” каналында катасыз  сөздү учуратуу кыйынга туруп калды.  Негизи мектепте бир одоно ката кетирсең жат жазууда “4” деген баа аласың. Бизде олчойгон каталарды кетирип жатышпайбы. Бир катаны бетиңдеги бир тырыкка салыштырсак болот. Биз кириллица алфавитиндебиз, бирок көрнөк-жарнактарда кириллица эмес эле латын, кытай, араб алфавитинде жазылып жатат. Бул көрүнүштү ал тоо менен бул тоонун чөбүн эңсеген текеге салыштырам. Булар биринчи кыргызча анан расмий тилде жазылыш керек болчу. Азыркы күндө орус класстар ачылып жатат. Ачылганы менен аларды кыргыздар эле окутуп жатпайбы. Бир мугалимди көрдүм түшкө чейин да түштөн кийин да окутат экен. Эртеден кечке иштесе окуучуларга билим берүүгө күчү жетпейт. Бизде тил боюнча илимдин докторлору, профессорлору көп. Бирок тилге күйгөнү жок болуп жатпайбы. 4-5 ай мурун республика боюнча жат жазуу акциясы өттү. Анын эмне кереги бар? Бул жөн гана бир “шоу” болду окшойт. Мисалы, мен 15 эле сөздү жаздырмакмын. Анткени “үй-бүлөлүү”, “ден соолук” деген сөздөрдү азыркы күнгө чейин жаза албай жаткандар көп. Кыргыз тили тоонун жолуна түшүп алган, трассага чыга албай жатат.

Орфографияга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ката жазган мекемелердин баарына айып пул салыш керек. Билим берүү тармагы ушунчалык аксап турат. Мисалы, Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесин окуучулар өткөндө повесть деп айтып жатат. Повесть менен аңгеменин айырмасын билбейт. Бул жаш селкини келин деп айтканга барабар.

Аззамбек ЖЭЭНБАЙ уулу, жарандык активист: “ӨЛКӨДӨ КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛБЕГЕН НОРМА ДАГЫ, ОРУС ТИЛИН БИЛБЕГЕН КЕМЧИЛИК…”

-23-сентябрь кыргыз тилинин “Мамлекеттик тил” статусун алганына 30 жыл болот. Бул аралыкты көп же аз деп айтуу кыйын. Бирок эгемендүү мамлекет катары кыргыз тилине жетишерлик көңүл бурулбай келет. Бир өлкөдө бирдиктүү тил болмоюнча элдин башын бириктирүү оор. Андыктан бардык жерде кыргыз тилине артыкчылык берилип, бардык эл тегиз кыргыз тилинде пикир алышуусу шарт. Бирок бизде Советтер союзунан келген орус тили дагы эле үстөмдүк кылып келет. Айыл жерлерде кыргыз тили колдонулганы менен шаарларда, мамлекеттик мекемелерде, эл аралык уюмдарда орус тили практикаланат. Андан сырткары, ар бир улут өз тилинде эркин сүйлөйт да, улуттар аралык орток тил катары да орус тилин пайдаланышат.

Буга биринчиден, орус тилине “расмий тил” макамынын берилиши себеп болсо, экинчиден кыргыз тилин башка элдер оңой үйрөнүп кете тургандай методикалардын иштелип чыкпагандыгын айтса болот.

Бирок акыркы учурларда кыргыз тили көп колдонула баштады. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардагы, ММКлардагы, китептердеги каталардын көрүнүп талкууга алынып жатканы, тилге кайдыгер эмес жарандардын көбөйүп бараткандыгынан кабар берет. Ошого карабай каталардын жоюлбай жатканы менен тилди өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын жоктугун түшүнөбүз. Тил комиссиясынын бул багытта иш алып барбаганы даана көрүнүп турат. Ошонун айынан көпчүлүк ата-энелер балдарын орус мектептерге окутууга аракет кылышууда. Антпесе жумушка орношуу кыйын, орус тилдүүлөрдүн алдында бир тепкич ылдый туруп калат. Кыргызстанда кыргыз тилин билбеген норма дагы, орус тилин билбеген кемчилик катары көрүлүп калды.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн эки гана жол жетиштүү: биринчиси, орус тилден расмий макамды алып, бардык мамлекеттик кызматтарда жана окуу жайларда иш кагаздарды кыргыз тилде жүргүзүүнү талап кылуу; экинчиси, башка улуттар жана орус тилдүү кыргыздар үчүн кыргыз тилин үйрөнүү боюнча атайын жеңилдетилген программаларды иштеп чыгуу. Тил маселесине олуттуу мамиле жасап, катуу саясат жүргүзүлүүсү зарыл.

Жаныбек КАРАБАЕВ, Амбулаториялык диагностика бөлүмүнүн башчысы: “БАРДЫК ЖЕРДЕ ТИЛИБИЗДИ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЮШУБУЗ КЕРЕК”

-Быйылкы жыл менен эсептегенде эне тилибиз мамлекеттик тил статусуна ээ болгондугуна 30 жылдын жүзү болуптур. Ушул 30 жылдан бери тилибиз коомдо өз ордун таба электиги баарыбызга маалым. Андыктан биз, намысызыбызга келип, бардык жерде тилибизди биринчи орунга коюшубуз керек. Чындыгында толугу менен мамлекеттик тилге өтө элекпиз. Мисалы, дүйнөнүн кайсы өлкөсүн карасаң өз тилинде иш жүргүзүп келет. Моюнга алыш керек, биздин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында расмий тил менен иш жүрөт. Мен жумуш менен көп район аймактарына барам. Көп байкайм, жарнактарды, эшик сыртында жазылган түшүндүрмөлөрдү биринчи англис тилинде же орус тилинде жазып акырында кыргызча жазып коюшкан болот. Биринчи орунда мамлекеттик тилде жазылыш керек. Улуттун даңкын да, тарпын да чыгарган тил – деп бекеринен айтылган эмес.  Ар бир жетекчи мекемесиндеги кесиптештерине кыргыз тилинде сүйлөөнү, өз тилинде жазууну талап кылыш керек. Ошону менен бирге расмий тилди да колдонуу шарт.  Мисалы, саламаттыкты сактоо тармагында көпчүлүк оорулардын аты латын тилинде жазылган же орус тили аркылуу кирген сөздөрдү, терминдерди көп колдонобуз. Аларды кыргыз тилине которсок,  кайсы бир деңгээлде өзүнүн маанилик түшүндүрмөсүн жоготуп коет. Ошондуктан да көбүнчө латын, орус терминдерин колдонобуз.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17