Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
640 Бардыгы / Тажикстанда камактагы 70 адам түзөтүү жайларында массалык башаламандык уюштурууга аракет кылгандыгы үчүн кошумча жаза алды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары дагы 30 адамга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Башкы прокурор өлкөнүн кайсыл абагында отурган адамдар кошумча жаза мөөнөттөрүн […]
641 Бардыгы / Тажикстанда камактагы 70 адам түзөтүү жайларында массалык башаламандык уюштурууга аракет кылгандыгы үчүн кошумча жаза алды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары дагы 30 адамга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Башкы прокурор өлкөнүн кайсыл абагында отурган адамдар кошумча жаза мөөнөттөрүн […]
ТАЖИКСТАНДА ТОПОЛОҢ УЮШТУРУУ АРАКЕТИ ҮЧҮН КАМАКТАГЫ 70 АДАМ КОШУМЧА ЖАЗА АЛДЫ
27.01.2020 / Автор aymak

642 Бардыгы /
Тажикстанда камактагы 70 адам түзөтүү жайларында массалык башаламандык уюштурууга аракет кылгандыгы үчүн кошумча жаза алды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары дагы 30 адамга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Башкы прокурор өлкөнүн кайсыл абагында отурган адамдар кошумча жаза мөөнөттөрүн алышканын айткан жок. Акыркы бир нече жылдын ичинде Тажикстандагы эки түрмөдө тополоң чыккан. 2019-жылы май айында Вахдат шаарындагы түрмөдө бычак менен куралданган камактагылар тополоң чыгарып, үч абак кызматкерин барымтага алышкан. Башаламандыкты токтотуу учурунда камактагы 29 адам жана түрмөнүн үч кызматкери каза болгон.
2018-жылы ноябрда Хожент шаарында жайгашкан катаал режимдеги абакта тополоң чыгып, жыйынтыгында камактагы 21 адам каза болгон. Мындан тышкары түрмөнүн эки кызматкери өлтүрүлүп, беш күзөтчү оор жаракаттарды алышкан.
Өткөн жылы жайында «Озоди» радиосу Жазаларды аткаруу кызматындагы өз булактарына таянып, Душанбедеги №1 абакта камакта отурган 20га жакын адам массалык башаламандык уюштурууга аракет кылганын билдирген. — Экстремисттик уюмдардын мүчөсү деген айып менен узак мөөнөттөргө соттолгон 20га жакын адам тополоң чыгарууга катуу даярданышкан. Жашыруун жайдан арматура жана темирдин сыныктары табылган, — деген булак.
2019-жылы октябрда Тажикстандын Жогорку соту Вахдат түрмөсүндө отурган 26 адамды «Терроризм, «Экстремизм» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 19 жылдан 29 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан. Соттолуучулар абактагы тополоңго катышпаганын айтып, өкүм адилетсиз экенин билдиришкен.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму өткөн жумада жарыяланган баяндамасында тажик түрмөлөрү менен тергөө абактарындагы кыйноого алуу учурлары олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын белгилеген.
www.
Автор aymak
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg КОЧКОР РАЙОНУНДА МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
-
06.03.2025 / Автор anarkan_kg АЯЛЗАТ- ААЛАМ АЖАРЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.