Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,231 Бардыгы / АКШнын Эл аралык Республикалык институту (мындан ары IRI – ЭРИ) Кыргызстандын бир нече маанилүү тармактарында ачык-айкын сурамжылоо жүргүзүп, аларга карата коомчулуктун ой-пикирлерин – баасын абдан дыкаат байкаштырды. Ошондуктан, дал ущул кеңири алкакты камтыган ар тараптуу иликтөөнүн жыйынтыгын жана мунун чоо-жайын IRI – ЭРИнин өлкөбүздөгү директору Димитар СТОЙКОВдон капыл–тапыл сураштырдык. – Димитар мырза, куттуу Кыргыз жергесине куш келипсиз! АКШнын […]
2,232 Бардыгы / АКШнын Эл аралык Республикалык институту (мындан ары IRI – ЭРИ) Кыргызстандын бир нече маанилүү тармактарында ачык-айкын сурамжылоо жүргүзүп, аларга карата коомчулуктун ой-пикирлерин – баасын абдан дыкаат байкаштырды. Ошондуктан, дал ущул кеңири алкакты камтыган ар тараптуу иликтөөнүн жыйынтыгын жана мунун чоо-жайын IRI – ЭРИнин өлкөбүздөгү директору Димитар СТОЙКОВдон капыл–тапыл сураштырдык. – Димитар мырза, куттуу Кыргыз жергесине куш келипсиз! АКШнын […]
ДИМИТАР СТОЙКОВ: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ КҮЧТӨР ӨЗДӨРҮН ДЭЭРЛИК ДИСКРЕТИЗАЦИЯЛАП БҮТҮШТҮ»
25.02.2020 / Автор aymak2,233 Бардыгы /
АКШнын Эл аралык Республикалык институту (мындан ары IRI – ЭРИ) Кыргызстандын бир нече маанилүү тармактарында ачык-айкын сурамжылоо жүргүзүп, аларга карата коомчулуктун ой-пикирлерин – баасын абдан дыкаат байкаштырды. Ошондуктан, дал ущул кеңири алкакты камтыган ар тараптуу иликтөөнүн жыйынтыгын жана мунун чоо-жайын IRI – ЭРИнин өлкөбүздөгү директору Димитар СТОЙКОВдон капыл–тапыл сураштырдык.
– Димитар мырза, куттуу Кыргыз жергесине куш келипсиз! АКШнын Сиз жетектеген Эл аралык Республикалык институтунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн мекендеш шайлоочуларыбызды дыкаат сурамжылоосу ириде эмнелерди катуу ашкереледи?
– Алишер, биздин бул сурамжылообузга эң активдүү аралашкандар Кыргызстанда ЖЕМКОРЛУК жана ЖУМУШСУЗДУК апогейине – туу чокусуна жеткендигин биротоло ырастады. Иликтөөбүзгө катышкандардын дээрлик 87 пайызы баягыл эле ЖЕМКОРЛУК балакети ачыктан ачык кендирди кесип, ого бетер гүлдөп гана бараткандыгын моюндашты. А калкыбыздын 92 пайызы ЖЕМКОРЛУК акыркы жылдарда Кыргызстандын сакайгыс башоорутмасына алйнгандыгын дегеле жашырышкан жок! Анан алар бул өңүттө Мамлекет жетекчилиги өтө эле жеткиликсиз иш жүрүгүзүп жатышкандыгын дагы баса белгилешти.
– Анан калса бул иликтөөңүздөрдүн жүрүшүндө дагы эмнелерди өзгөчө байкадыңыздар?
– Биздин баамыбызда, Кыргызстандагы дээрлик бардык саясий күчтөр өздөрүн дискретизациялап бүтүшүптүр. Дал ушунун кесепетинен карапайым калк буларга – саясий күчтөргө таптакыр эле ишенишпей калышыптыр. Албетте, БУЛ – ӨТӨ ОПУРТАЛДУУ КОҢГУРОО!Андыктан, бул олуттуу эскертүүдөн Кыргызстандын бардык Саясий Күчтөрү ачуу сабак алышып, оркойгон катачылыктарын чукул арада оңдоп-түзөшүп, анан дагы бара-бара өз ара биригишип-ирилешип, шайлочулардын идиректүү ой-пикирлери менен токтоосуз түрдө эсептешүүгө тийиш!
Мындан тышкары кыргызстандыктар мындан ары Жогорку Кеңеш депутаттары округдардан – аймактардан гана шайланышы зарыл деп эсептешет. Алардын оюна караганда,акыркы жылдарда Батыш жана Америка таңуулаган Шайлоо Системасы өзүн-өзү дээрлик актаган жок! Тескерисинче, эл-журттун, а түгүл үй-бүлөлөрдүн дагы ич ара бөлүнүп-жарылуусун – ырктын биротоло бузулушун гана ого бетер күчөттү. Мындан башкага жараган жок!
– Сиздердин баамыңыздарда, биздин мекендештерибиз маалымат булактары сыңары көбүнэсе эмнелерге бекем таянышат экен?
– Биз сурамжылагандардын дээрлик бардыгы «Азаттык» үналгысын үзгүлтүксүз тыңдашат экен. Ал эми 58 пайызы интернет булактарын такай урунушса, дагы 63 пайызы Социалдык түйүндөрдү, ФейсБуктарды жана ИнстраГамды кадимкидей эле пайдаланышат турбайбы.
– Баса, Сиздер сурамжылаган жарандар өтө олуттуу көйгөйлөрүн деле жашырышпагандыр?
– Ооба. Таптакыр сапатсыз жолдор, медициналык тейлөө, мектептердеги жеткиликсиз билим берүү, бөбөктөрдү бала бакчаларга жайланыштыруудагы жемкорлук дагыле көпчүлүгүнүн кендирин катуу кесип жатыптыр. Айрыкча Ош шаарында үй салуу үчүн жер тилкесине ээ болуу кадимкидей азап экен. Жалпылап айтканда, Бажы, МАИ жана Сот органдары Кыргызстанда жемкорлуктун чыныгы уюгуна гана айланыптыр.
– А Кыргыз саясаты өзү кантти экен?
– Сурамжылообуздун корутундусуна таянсак, саясатчылар – «Ата Мекен» партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев менен «Республика» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов алдыңкы сапта гана баратышат. Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков экинчи планынан түшө элек.
Дагы кызыгы: Ош облусунда Президент Сооронбай Жээнбековдун рейтинги өтө эле жогору. Анткени, бул инсан көп жылдар бою бул аймакты башкарган турбайбы. Ал эми Ош шаарында «Ата Мекен» партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев менен «Республика» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов биринчи, ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков булардан кийинки сапты ээледи. Демек, мындай күтүүсүз кырдаал алдыдагы Жергиликтүү Кеңештердин жана Жогорку Кеңештин шайлоолоруна дагы ачык эле жана түздөн-түз таасирин тийгизээринде менин шегим жок!
– Димитар мырза, дегиңкиси Сиздин бул айткандарыңыз жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий Бийлиги билеби, ыя?
– Албетте! Биз мобул коомдук ой-пикирлерди изилдөөлөрүбүздүн Корутундусун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өз колуна карматтык. Ошондой эле Президенттин Аппаратына дагы өзүнчө тапшырдык. Эми булар мындан кандай жыйынтык чыгарышат? Муну мен так жана кесе айта албаймын. Анын үстүнө буга кийлигишкенге биздин акыбыз деле жок!
Бирок, азыркы Кыргыз бийлиги бир нерсени көңүлүнө бекем тутууга тийиш! Чукул арада Шайлоо Чөлкөмдөрүн (тилкелерин) азыркыдан дагы өтө майдалаш керек! Ошондо гана буларды такай көзөмөлдөө абдан жеңил болот. Анан дагы мындайда шайлоонун жыйынтыктарын фальсификациялоого – бурмалоого таптакыр мүмкүн эмес! Анткени, чоң-кичине шайлоо тилкелерин жарандар өздөрү жана кызыкдар тараптар сөзсүз түрдө такай көзөмөлдөп турушат. Алардын көзүн кантип жазгырасың?!? Мындай шарт шайлоо чыр-чатактарын дагы кыйла эле азайтат.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
АКШнын Эл аралык Республикалык институту (мындан ары IRI – ЭРИ) 2004-жылдан тартып Кыргызстандагы стратегиялык өнүгүүнү максаттаган саясий партияларды үзгүлтүксүз кубаттап келатат. Ара чолодо Кыргыз Өкмөтү, Президенттик Аппарат, Жарандык ком жана Эл аралык Уюмдар менен дагы тыгыз, ошондой эле туруктуу кызматташат.
Кыргызстандагы Саясий Уюмдардын аймактык бөлүмдөрүн, алардын Жаштар жана Аялдар канаттарын ашкере активдештирүү максатында дагы IRI– ЭРИөзүнүн Аймактык Өкүлчүлүктөрүн ачып, ушал тапта анын ишин ого бетер жандантты.
Айтмакчы, ушул тапта IRI – ЭРИ Дүйнө жүзүнүн 70 өлкөсүндө өз жумушун ырааттуу түрдө жүргүзүп келатат. Бул абройлуу мекеменин болочоктуу демилгелерин АКШнын Эл аралык өнүгүү Агенттиги (ЮСАИД), Демократияны колдоо Улуттук Фонду (NED) жана АКШнын Мамлекеттик Департаменти үзгүлтүксүз каржылап жаткан чагы.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
04.05.2023 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБге АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ
-
24.05.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.