Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ТУУРА ТАМАКТАНУУ БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ТУУРА ТАМАКТАНУУ БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ

 7,814 Бардыгы /

Жалал-Абад Айылдык Кеӊеш кызматы «Тоолуу Агро-экосистемаларда азыктанууну жакшыртуу»  долбоорунун алкагында Айылдык Кызмат көрсөтүүчүлөргө түркүндөштүрүп, туура тамактануу боюнча вебинар өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 70 айылдык кызмат көрсөтүүчүлөр катышышты.

Жаӊы ыкмадагы бул тренингдин артыкчылыгы Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун алыскы райондорундагы Айылдык Кызмат көрсөтүүчүлөр үйлөрүндө олтуруп телефондорунан атайын тирекеме аркылуу презентацияларды көрүп сабак алып, суроолорун бере алышат. Ал эми вебинарды 4 консультант ай сайын бир саатан алып барышат.

Анда айтылгандай күнүгө окшош эле азыктардан жасалган тамак аш түркүндөштүрүп тамактанууга кирбейт. Мисалы картошка,сабиз, пияз, гүрүч, макарондон кезектетип биринчи же экинчи тамак жасоодо курамы бир эле азыктар болуп эсептелет жана андан тоё жебестик келип чыгат. Тамактанууну түркүндөштүрүү үчүн белок, майлар, татаал жана жөнөкөй углеводдорду туура өлчөмдө, зыянсыз ыкмада бышырып кабыл алуудан сырткары айына 33 түрдүү жашылча-жемиш жеп туруу талапка ылайык. Андан башка балыкты, ак жана кызыл этти, сүт азыктарын, чанактуу өсүмдүктөрдү, жаӊгактарды сөзсүз колдонуу керек. Бул түркүндөштүрүп тамактануу болуп саналат.

Консультанттардын айтымында кыргызстанда 5 жашка чейинки  балдардын өлүмүнүн 21%ы тоё жебестиктин кесепетинен болсо, өспүрүмдөрдө бойдун өспөй калышынын 50 пайызы да ушул эле себептен келип чыгууда. Андан сырткары туура эмес тамактанууда дароо билинбеген кыйыр таасирлер бар. Алар интеллектуалдык өнүгүүнүн кечеӊдеши, унутчаактык, ден соолугундагы жалпы алсыздык.

Долбоордун улуттук фасилитатору Махабат Караеванын айтымында долбоордун максаты тоолуу аймактардагы калктын толук кандуу тамак-ашка карата болгон мүмкүнчүлүктөрүн, тамактанууга багытталган мыкты айыл чарба практикаларын, инновациялык ыкмаларын өнүктүрүү жана жайылтуу аркылуу жакшыртууга салым кошуу болуп саналат.

Кошумчалай кетсек долбоор IFOAM уюму тарабынан каржыланып, Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматы, Био Сервис коомдук фонду жана Кыргызстандагы «Bio-KG» Органикалык кыймыл Федерациясы менен биргеликте 2015-2018-жылдары биринчи фазасы ишке ашкан. 2019-2020-жылдар аралыгында экинчи фазасы жүзөгө ашып жатат.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17