Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
2,257 Бардыгы / Жалал-Абад шаарында «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында “Күрүч өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери” боюнча талкуу өттү. Талкууга, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысы Жумалиев Ж., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Экономика министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон райондорунан күрүч өстүргөн жеке […]
2,258 Бардыгы / Жалал-Абад шаарында «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында “Күрүч өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери” боюнча талкуу өттү. Талкууга, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысы Жумалиев Ж., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Экономика министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон райондорунан күрүч өстүргөн жеке […]
КҮРҮЧ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР ҮРӨН МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАШТЫ
14.09.2020 / Автор aymak2,259 Бардыгы /
Жалал-Абад шаарында «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында “Күрүч өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери” боюнча талкуу өттү. Талкууга, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысы Жумалиев Ж., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Экономика министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон райондорунан күрүч өстүргөн жеке чарбалар, дыйкандар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Өлкөдө, күрүчтүн үрөөнүнүн жоктугу, бул талкууда – күрүч өндүрүүчү фермерлердин, дыйкандардын башкы көйгөйү катары каралды. Бир гектар жерден 8-10 тонна түшүм алууга мүмкүн болсо, сапаттуу үрөндүн жоктугунан бүгүнкү күндө төрт тоннанын тегерегинде түшүм алышууда.
Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты Караев Нурбектин айтуусунда Кара-Дарыя аймагынын элинин 90 пайызы күрүч менен алектенишет. Быйыл 1000 гектардан ашуун жерге күрүч эгилди. 2019 жылы 805 гектар жерге шалы эгилип, орто эсепте 44,9 центнерден түшүм алынган. Элибиз мээнеткеч, күрүч өндүрүүдө тажырыйбасы чоң. Бирок, күрүчтүн таза, жаңы үрөнү жоктугунан, бир эле урук кайра-кайра кайталанып эгиле берип, өзүнүн асылдуулугун таптакыр жоготуп алды. Түшүмдүүлүк жылдан жылга азайып баратат. Үрөн мурда Өзбекстандан алынып келчү. Азыр, Өзбекстандан күрүчтүн үрөнүн экспортко чыгарууга уруксат жоктугунан келбей калды.
Базар-Коргон, Сузак райондорунан келген дыйкан фермерлер күрүчтүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы репродукциядагы үрөн менен камсыз кылуу маселесине чоң басым жасашты. Учурда, коңшу Өзбекстандан расмий түрдө үрөн алып келүү маселесин чечүүнү талкууга катышып отурган бийлик өкүлдөрүнөн суранышты.
Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине жогорудагы көрсөтүлгөн маселелерди мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргузүү менен күрүч эгүүчү дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу маселесин чечип берүү боюнча кайрылуу жөнөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысы Жумалиев Ж. бул багытта Өкмөт, министрлик тарабынан иштер жүрүп жаткандыгын, 2019 жылы үрөнчүлүктү дотациялоо боюнча мыйзам кабыл алынгандыгын билдирди. Ал эми аталган маселелер боюнча министрлик көзөмөлгө алып жакындан жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.
Талкууну, Евро биримдиктин жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүгүү федерациялык министрлигинин колдоосунда, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Абад” коомдук фонду уюштурду.
“Аймак”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
24.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ФИЛАРМОНИЯ САЛЫНАТ
-
26.08.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ «КАРКЫРА» БЕКЕТИ КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТЕЙ БАШТАДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17




You must be logged in to post a comment.