Аймак

ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО МАКСАТЫНДА СПАРТАКИАДА БОЛУП ӨТТҮ

ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО МАКСАТЫНДА СПАРТАКИАДА БОЛУП ӨТТҮ

 1,584 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Мугалимдердин ынтымагын, ден соолугун чыңдоо максатында Жалал-Абад шаарында мектеп мугалимдери арасын спорттун 5 түрү менен спартакияда болуп өттү.

Аталган иш-чара ушул жылдын 28-29 январь күндөрү Т.Темирбаев атындагы №6 орто мектебинде болуп өттү. Иш чарага жалпы шаардык мектептин мугалимдери өз калоолору менен катышышты. Аталган иш чара өтө кызуу болуп, жыйынтыгы 3-февраль күнү аталган мектепте сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

“Жалпы шаардык мектептин мугалимдери арасында спорттук спартакия өткөрдүк анын максаты мугалимдердин достугун бекемдеп, аларды дени сак жашоого чакыруу болду. Спартакияда оюндун 5 түрү алар волейбол, шахмат, теннис, тогуз коргоол жана ордо оюндары менен мелдеш өткөрүлдү.  Жалпы эсеп менен алганда, 1-орунду №13 Тойгонбай Кошматов мектеби жеңишке жетип, диплом, баалуу белектер жана спартакиянын өтмө кубогу тапшырылды. 2-орунду болсо №14 Сатыбалды Давлетов инновациялык мектеби, 3-орунду №1 Михаил Бабкин мектеби багындырды”,дейт Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин жетекчиси Мамасадыков Максат.

Эске сала кетсек оюндун волейбол түрү менен биринчиликти №10 мектеп, шахмат оюнун №1мектеп жана Ариет балдар чыгармачылык борбору багындырса, ордо оюнунан №4мектеп биринчиликти багындырды.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17