Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
883 Бардыгы / Өзбекстандагы эң ири мунайгаз компанияларынын бири эсептелген «Жизак Петролиум» (Jizzakh Petroleum) ишканасынын жумушчулары маяналарынын эки эсе кыскартылганына нааразылык билдирүүдө. «Азаттыктын» өзбек кызматы жарыялаган видеодо жүздөн ашык жумушчу айлыктардын кыскартылышы боюнча компания жетекчилигинен түшүндүрмө талап кылып жатканын көрүүгө болот. «Жизак Петролиум» ишканасынын жумушчулары бул видео 9-апрелде тартылганын билдиришти. – Ал күнү биз чогулуп, жетекчиликке […]
884 Бардыгы / Өзбекстандагы эң ири мунайгаз компанияларынын бири эсептелген «Жизак Петролиум» (Jizzakh Petroleum) ишканасынын жумушчулары маяналарынын эки эсе кыскартылганына нааразылык билдирүүдө. «Азаттыктын» өзбек кызматы жарыялаган видеодо жүздөн ашык жумушчу айлыктардын кыскартылышы боюнча компания жетекчилигинен түшүндүрмө талап кылып жатканын көрүүгө болот. «Жизак Петролиум» ишканасынын жумушчулары бул видео 9-апрелде тартылганын билдиришти. – Ал күнү биз чогулуп, жетекчиликке […]
ӨЗБЕКСТАНДА МУНАЙЧЫЛАР АЙЛЫКТАРДЫН КЫСКАРТЫЛГАНЫНА НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРҮҮДӨ
19.04.2021 / Автор anarkan_kg

885 Бардыгы /
Өзбекстандагы эң ири мунайгаз компанияларынын бири эсептелген «Жизак Петролиум» (Jizzakh Petroleum) ишканасынын жумушчулары маяналарынын эки эсе кыскартылганына нааразылык билдирүүдө.
«Азаттыктын» өзбек кызматы жарыялаган видеодо жүздөн ашык жумушчу айлыктардын кыскартылышы боюнча компания жетекчилигинен түшүндүрмө талап кылып жатканын көрүүгө болот.
«Жизак Петролиум» ишканасынын жумушчулары бул видео 9-апрелде тартылганын билдиришти.
– Ал күнү биз чогулуп, жетекчиликке жолдонгон катка жүзгө жакын жумушчу кол койгон. Кечки нөөмөткө бир да жумушчу чыккан жок. Ошол эле күнү Ташкенттен келген өкүлдөргө айлыктарыбыз эки эсеге кыскарганын, мурда 4 миллион сум (380 доллар) алгандар эми эки эле миллион сум алып калганын айттык. Ташкенттик жетекчилердин бири жергиликтүү башчылар алмаштырылып, айлыктар мурдагы калыбына келтириле турганын убадалаган. Андан бери бир жума өттү, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Эгер бул убадалар аткарылбаса иш таштайбыз», — деди жумушчулардын бири.
Компания жетекчилиги маяналардын кыскартылышын мунай өндүрүү көлөмүнүн азайганы менен түшүндүрүүдө.
– Жыл башында компаниянын ээси алмашканы тууралуу Ташкенттен кат алганбыз. Ал каттын негизинде биз бардык жумушчулар менен эмгек келишимдерин кайра түзгөнбүз. Анда айлык азая турганы көрсөтүлгөн, бардык жумушчулар буга макул болуп, колдорун коюп беришкен. Аларды эч ким мажбурлаган эмес», — деди компаниянын Кадрлар бөлүмүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери.
«Жизак Петролиум» (Jizzakh Petroleum) ишканасы «Өзбекмунайгаз» акционердик коому менен Gas Project Development Central Asia компаниясынын (Орусиянын «Газпром» компаниясынын туунду ишканасы) катышуусунда 2017-жылы түзүлгөн. Алгач Gas Project Development Central Asia компаниясынын бул ишканадагы үлүшү 40%, «Өзбекмунайгаздыкы» 60% болчу. Бирок 5 миллион тонналык кубаттуулуктагы мунайды кайра иштетүү заводун куруу боюнча пландар ишке ашпай калгандан кийин «Өзбекмунайгаз» үлүшү 30% чейин азайганын билдирген.
Быйыл жыл башында өзбек бийлиги президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык өлкөдөгү бир нече компания, анын ичинде «Жизак Петролиум» ишканасы сатыкка коюла турганын кабарлаган.
Өзбекстандын Ишканалар менен уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтарга ылайык, «Жизак Петролиум» компаниясынын акцияларынын 68% Кипрде катталган BELVOR HOLDINGS LIMITED аттуу оффшор компанияга таандык. 30 пайызына «Өзбекмунайгаз», калган 2 пайызына Gas Project Development Central Asia компаниясы ээлик кылат.
Айрым маалыматтарда BELVOR HOLDINGS LIMITED компаниясынын артында Бахтияр Фазылов турары айтылып келет. Ал Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүндө иш алып барган Eriell жана Enter Engineering өңдүү бир катар компаниялардын негиздөөчүсү жана негизги ээси.
Анжиян, Карши жана Мубарек шаарларындагы ишканаларга ээлик кылган «Жизак Петролиумдун» сайтындагы маалыматка ылайык, компания 2020-жылы 498,7 миң тонна мунай жана 497,4 миллион куб метр жаратылыш газын өндүргөн.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
10.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУ БОЮНА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg АВТОЭЭНБАШТЫК ЖАСАГАН АЙДООЧУГА 15 МИҢ АЙЫП САЛЫНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.