Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ЗИЯДИН ЖАМАЛДИНОВ ОШ ОБЛУСУНУН ДИНИЙ ИШМЕРЛЕРИ МЕНЕН МАСИЛЕТТЕШТИ

ЗИЯДИН ЖАМАЛДИНОВ ОШ ОБЛУСУНУН ДИНИЙ ИШМЕРЛЕРИ МЕНЕН МАСИЛЕТТЕШТИ

 102 Бардыгы /

ОШ. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун казысы Садамир ажы Жейналиев жана Дин агенттигинин Түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков менен жолугушту.

  • Өлкөбүздө ар кайсыл диний агымдарга кирип кетишкен жарандарыбыз

толтура. Алар намазды жаңы үйрөнүп жатышкан балдарды дагы башка багытка үндөшүп коюшу толук ыктымал. Ошондуктан,  биз салттуу динди гана бекем тутунуп, ал эми Сиздер бул өңүттө үзгүлтүксүз иш алып барып жана терроризм менен экстремизимге каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүшүңүздөрдү абдан суранам? – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов. – Ислам дини негизи тазалыкты гана сүйөт. Ошондуктан, өзүбүздүн эле тазалыкка маани бербей, мечиттерди дагы ирээтке келтиришибиз абзел! Ош облусундагы жалпы мечиттердин ичи жана сыртындагы пакизалыкка сөзсүз көңүл буруңуздар?

          Ошентип, расмий кездешүү маалында ашкере ысырапкерчиликти мындан ары тыюу, той-аш жана кишини акыркы сапарга узатуудагы каада-салттарды аткарууда бирдиктүү эрежелерди киргизүү боюнча ачык-айкын сүйлөшүлдү. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов экстремизмди жана терроризмди алдын-алуу үчүн түшүндүрүү жараянын ого бетер күчөтүү жана салттуу динди кармануу зарыл экендигин дагы бир ирет баса белгиледи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17