Аймак

ЖАҢЫ-ӨЗӨНДҮК ҮЧ ЖАРАН НУР-СУЛТАНДА ПИКЕТ ӨТКӨРДҮ

ЖАҢЫ-ӨЗӨНДҮК ҮЧ ЖАРАН НУР-СУЛТАНДА ПИКЕТ ӨТКӨРДҮ

 1,605 Бардыгы /

1-фервалда Жаңы-Өзөн шаарынын бир нече тургуну Нур-Султанда пикет өткөрдү. Алар ишсиздикти кыскартып, өздөрүн мунай тармагында туруктуу жумушка орноштурууну талап кылышты.

Марат Жангаштиев, Акжол Шами жана Асылбек Бейсембай “Жумушсуздук жоюлсун!”, “Өзенмунайгазга” жумушка орноштурушсун!”, “Адилетсиздик жоюлсун!” деген плакаттарды көтөрүп турушту. Аларды атайын бөлүктүн аскерлери Акордону көздөй өткөрүшкөн жок.

Бир аздан кийин аларга Нур-Султандын Есил райондук акимчилигинин өкүлү келип, уруксатсыз пикет өткөрүп жатканын эскертип, жазага тартылышы ыктымал экенин айтышты. Андан соң алар менен эмгек министринин кеңешчиси сүйлөшүп, “КазМунайГаз” жана “Өзенмунайгаз” компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууга чакырды.

Январь окуяларынан кийин да Жаңы-Өзөндө нааразылык токтой элек. Өткөн аптада жумушсуз жаштар иш талап кылып, акимчиликтин алдына жыйналышкан.

Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаев аймакты өнүктүрүү боюнча комплекстүү план иштелип жатканын, ал жүзөгө ашса, 55 миң жаңы жумуш оруну түзүлө турганын айткан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17