Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,399 Бардыгы / Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда сегиз киши набыт болду, 11 киши жараат алды жана 70тен ашууну кармалды. Бул тууралуу 18-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Министрлик каза тапкандарды “куралчан топтун мүчөлөрү” деп атады. “Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө таштаган жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып […]
1,400 Бардыгы / Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда сегиз киши набыт болду, 11 киши жараат алды жана 70тен ашууну кармалды. Бул тууралуу 18-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Министрлик каза тапкандарды “куралчан топтун мүчөлөрү” деп атады. “Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө таштаган жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып […]
ТООЛУУ БАДАХШАНДА 8 КИШИ КАЗА БОЛДУ, 11И ЖАРАКАТ АЛДЫ
19.05.2022 / Автор anarkan_kg

1,401 Бардыгы /
Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда сегиз киши набыт болду, 11 киши жараат алды жана 70тен ашууну кармалды. Бул тууралуу 18-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Министрлик каза тапкандарды “куралчан топтун мүчөлөрү” деп атады.
“Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө таштаган жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып жатышты. Соңунда алар террордук мүнөздөгү аракеттерге өтүштү. Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары антитеррордук операция баштады. Анын натыйжасында террордук топтун 8 жоочусу жок кылынды, 11и жарадар болуп, 70и кармалды. Жабыркагандар арасында жергиликтүү тургундар жок экенин белгилейбиз”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Бийлик бир офицер окко учканын, 13 аскер жараат алганын кошумчалады.
Аймак менен байланыш жок болгондуктан, маалыматты бышыктоо же чоо-жайын билүү мүмкүн эмес.
Байланыш үзүлө электе жергиликтүү тургундар Рушанда эч кандай куралчан топтор болбогонун, атышууда карапайым кишилер мерт кеткенин “Озоди” радиосуна билдиришкен. Алардын айрымдары атайын операциянын жүрүшүндө ондон ашык жергиликтүү тургун окко учканын, бир тобу жараат алганын айтып беришти.
Ушул эле күнү тажик Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшанда “антитеррордук операция” башталганын жарыялаган.
“17-майда уюшулган кылмыш тобунун мүчөлөрү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында Дүйшөмбү-Кулма эл аралык автожолунун участогун мыйзамсыз бууп салышты”,- деп билдирген Ички иштер министрлиги.
Мекеме ал окуяга “чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын” кошумчалады. Ал кайсы уюмдар экени такталган жок.
Алдыңкы күнү министрлик 16-майда облус борбору Хорогдо милицияга кол салгандардын бири, жергиликтүү тургун каза тапканын билдирген.
16-майда милиция шаар борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.
Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.
Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын “мыйзамсыз” деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин “Озоди” радиосуна айткан.
Өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин “Памирдеги азчылыкты” коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
-
-
08.08.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ: УБАДА УНУТУЛБАЙТ. АТКАРЫЛАТ!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.