Аймак

МАЙЛУУ-СУУ МИЛИЦИЯСЫ 10 КГ АШУУН БАӉГИЗАТЫН АНЫКТАДЫ

МАЙЛУУ-СУУ МИЛИЦИЯСЫ 10 КГ АШУУН БАӉГИЗАТЫН АНЫКТАДЫ

 1,491 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан “Кара куурай” ыкчам иликтөө иш-чарасы өткөрүлгөн.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чаранын  жүрүшүндө  Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2 кылмыш ишинин бети ачылган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2 жаран мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган. Бул фактылар  Майлуу-Суу  ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-283-беренесинин  негизинде  катталып, кылмыш иши козголгон. Майлуу-Суу  ШИИБдин кызматкерлери тарабынан  жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга  шектүү катары  Майлуу-Суу шаарынын тургундары 1971-ж.т. К.А. жана 1989-ж.т. И.И. кармалып,  алардан жалпы салмагы 10 кг ашуун  баӊгизаты алынган. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган зат марихуана бангизаты экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар Майлуу-Суу ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17