Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,204 Бардыгы / “Сапат” лицейинин эки окуучусунун өлүмү менен аяктаган окуядан улам эки лицей жетекчиси кызматтан алынып, 20дай адиске чара көрүлдү. Бул тууралуу “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директору Амир Султанмуратов “Азаттыкка” билдирди.Ал Бишкектеги Айтматов атындагы балдар лицейинин жана Кара-Балта шаарындагы жалпы билим берүү лицейинин директору кызматтан алынганын кошумчалады. “Бул окуянын болгону биз үчүн […]
1,205 Бардыгы / “Сапат” лицейинин эки окуучусунун өлүмү менен аяктаган окуядан улам эки лицей жетекчиси кызматтан алынып, 20дай адиске чара көрүлдү. Бул тууралуу “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директору Амир Султанмуратов “Азаттыкка” билдирди.Ал Бишкектеги Айтматов атындагы балдар лицейинин жана Кара-Балта шаарындагы жалпы билим берүү лицейинин директору кызматтан алынганын кошумчалады. “Бул окуянын болгону биз үчүн […]
“САПАТ” ЭКИ ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУН КЫЗМАТТАН АЛЫП, 20ДАЙ АДИСИНЕ ЧАРА КӨРДҮ
04.08.2023 / Автор anarkan_kg1,206 Бардыгы /
“Сапат” лицейинин эки окуучусунун өлүмү менен аяктаган окуядан улам эки лицей жетекчиси кызматтан алынып, 20дай адиске чара көрүлдү. Бул тууралуу “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директору Амир Султанмуратов “Азаттыкка” билдирди.Ал Бишкектеги Айтматов атындагы балдар лицейинин жана Кара-Балта шаарындагы жалпы билим берүү лицейинин директору кызматтан алынганын кошумчалады.
“Бул окуянын болгону биз үчүн абдан өкүнүчтүү. Бир эмес эки окуучубуздан айрылып отурабыз. Биз Чыңгыз Айтматов лицейинин тарбия иштери боюнча орун басарын да кызматтан кетирдик. Андан сырткары дагы 15тен ашык адиске эскертүү, сөгүш берилип, териштирүү жүрүп жатат. Албетте, биз азыр колубуздан келген аракеттерди көрүүдөбүз. “Сапат” – жатак мектеп, 300-400 бала жатып окуйт, билим алат. Албетте, мындай бала көп топтолгон жерлерде конфликт, түшүнбөстүк болбой койбойт экен. Азыркы балдардын мүнөзү, кабыл алуусу, жүрүм-туруму башкача. Биз азыр маселелерди жоюунун үстүндө иштеп атабыз”, – деди Султанмуратов.
Быйылкы окуу жылынан тарта лицейлерге тарбиячы агай-эжейлер жаңыча тандалып, алар үчүн атайы тренинг жана мастер-класстар өтө турган болду. Андан сырткары мектептердеги психологдордун санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө.
Ушул жылдын 9-июнунда Бишкектин Ботаникалык багындагы өспүрүмдөрдүн мушташында “Сапат” лицейинин бычак жеген 16 жаштагы окуучусу каза тапкан. Андан көп өтпөй 13-июнь күнү лицейдин 9-классынын бүтүрүүчүсү өз жанын кыйган. Мушташ “Сапат” билим берүү мекемесинин Кара-Балта жана Бишкек шаарындагы лицей окуучулары арасында болгону, бул чырга лицейде билим албагандар да катышканы айтылган.
Бишкектин Октябрь райондук милициясы тараткан маалыматка ылайык, бул боюнча тергөө жүрүүдө.
“Шектүү катары кармалган 16 жаштагы өспүрүм Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту шектүүнү эки айга Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү мекемесине камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда”, – деп жазылат милициянын маалыматында.
Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелери мыкты билим берет деп таанылган. Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында “Себат” лицейин “Сапат” деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган. “Сапаттын” өлкө аймагында ондогон лицейлери, бир университети бар. Анын окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп жүрөт. Мурда-кийин “Сапаттагы” окуучулар арасында мушташ же бири-бирине чоңсунуу сыяктуу көрүнүштөр катталган эмес.
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
03.10.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ
-
-
-
04.10.2023 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ “КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ЖӨНҮНДӨ” ТАЛАШТУУ МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙДУ
Маек
Сүйүнбек МАМАЗАИРОВ: “ДАТКАЛАРДЫ УЯТ КЫЛБАЙ ИШТЕЙБИЗ!”
Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан Аймактык жана Административдик реформага ылайык…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.