Аймак

ӨЗБЕКСТАНГА СЫРТТАН КОТОРУЛГАН АКЧАНЫН КӨЛӨМҮ АЗАЮУДА

 744 Бардыгы /

2020-жылы Өзбекстанга чет өлкөлөрдөн акча которуулардын көлөмү 5,4% азайды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын алгачкы сегиз айында чет өлкөлөрдөн Өзбекстанга 3,7 миллиард доллар которулган. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 209 миллион долларга же 5,4% аз.

Январда Өзбекстанга сырттан 400 миллион, февралда 385 миллион доллар которулган. Акча которуулар март жана апрель айларында эң аз болгон — мартта 296 миллион, апрелде 250 миллион доллар. Май айында акча которуулардын көлөмү апрелге салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйүп, 485 миллион долларды түзгөн. Июнда чет өлкөлөрдөн 621 миллион доллар, июлда 597 миллион доллар которулган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17