Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ДҮЙНӨЛҮК БАНК КЫРГЫЗСТАНГА 150 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛӨТ

ДҮЙНӨЛҮК БАНК КЫРГЫЗСТАНГА 150 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛӨТ

 420 Бардыгы /

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга климатка туруктуу суу кызматын жакшыртуу долбооруна 100 миллион доллар бөлө турганын билдирди.

Банктын расмий сайтына жазылгандай, 19-апрелде Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова макулдашууга кол койгон.

“Бул долбоорду каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу өтө жеңилдетилген шарттарда берилет. Каржылоонун жарымы кайтарымсыз грант түрүндө, калганы 0,75% административдик төлөм менен кредит, аны төлөө мөөнөтү 38 жылга, алты жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Дүйнөлүк банктын Баткен облусун өнүктүрүү долбооруна 50 млн. доллар бөлө турганы айтылган.

Ушул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо жумушчу сапар менен жүрөт.

Жумушчу сапарынын алкагында Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышат, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Өкмөт сапардын алкагында экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу, кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелер талкууланарын билдирген.

Расмий делегациянын курамында финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов бар.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн. доллар бере турганы айтылган. Анын жарымы жардам, калган бөлүгү насыя түрүндө берилет. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында насыянын пайыздык чени 0,75% түзө турганын айткан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17