Аймак

КОНСТИТУЦИЯБЫЗДЫ КИМ ОҢДОЙТ ЖЕ БАШ МЫЙЗАМДЫ КАЧАН САБАТТУУ ЖАЗАБЫЗ?

КОНСТИТУЦИЯБЫЗДЫ КИМ ОҢДОЙТ  ЖЕ БАШ МЫЙЗАМДЫ КАЧАН САБАТТУУ ЖАЗАБЫЗ?

 1,620 Бардыгы /

1. “Баш мыйзамдын долбоору кыргызча жазылып жатат”

Быйыл 5-майда Негизги мыйзамыбыздынкабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоогокамынып жатабыз.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештекаралууда. Ушул окуяларга же процесске байланыштуу Баш мыйзамдынтекстинин сабаттуулугу жөнүндө сөз кылуу ашыктык кылбас деп ойлойм.

Көз карандысыз жана эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынган 1993-жылдан тартып, 28 жыл ичинде Негизги мыйзамга 11 жолу өзгөртүү киргизилсе, алардын баары орус тилинде даярдалып, кыргыз тилине которулгандыгын эч ким танбайт. Ал эми Конституциябыздын акыркы редакциясы (2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган)кайсы тилде жазылган?

Конституциялык кеңешменин төрагасы Б. Бөрүбашев 2021-жылы 10-февралда “Азаттык” радиосуна маегинде “алгачкы жолу Баш мыйзамдын долбоору кыргызча жазылып жатат”, -деп билдирди (https://www.azattyk.org/a/31095882.html).Андан эки ай мурда Конституциялык кеңешменин мүчөсү, учурда Минкабдын Төрагасынын орун басары болуп иштеген Э. Байсалов “Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат. Буга чейин ал орус тилинде жазылып, кыргызча которулганда мааниси өзгөрүп кетчү. Учурда ар бир сөз талкууланып жазылууда”, – деп жар салган (http://kg.kabar.kg/news/birinchi-zholu-konstitutciia-kyrgyz-tilinde-zhazylyp-zhatat-bai-salov/).

Аттуу-баштуу бул адамдардын расмий билдирүүлөрүн укканда, башкаларды билбейм, мен “эми прецедент пайда болду, мындан ары мыйзамдарыбыз эне тилибизде жазыла баштайт экен” деп, кубанганымды жашырбайм (бул менин Баш мыйзамдын долбоорун, концепциясын, маани-мазмунун колдогонумду айгинелебей тургандыгын, алар тууралуу жеке көз карашымды өз кезегинде ачык жазып, коомчулукка билдиргенимди эскерте кетейин).

Мамлекеттик тилдин тагдырына күйгөн, мурда кабыл алынганКонституция, мыйзамдардын сабатсыз котормолоруна байланыштуу ой-пикирлеримди жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялап жүргөн адам катары мен акыркы Баш мыйзамдын текстинин кыргыз тилинде кандай жазылгандыгына кызыктым. Лингвистикалык өңүттө кылдат талдоо жүргүзүүнүн натыйжасы мени күтүүсүз, ошону менен бирге өкүнүчтүү эки тыянакка алып келди:

1. акыркы Конституциябыздын тексти кыргыз тилинде жазылган эмес, орусчадан которулган;

2. колдонуудагы Баш мыйзамдын кыргыз тилиндеги тексти ага чейинкилерге салыштырмалууөтө сабатсыздыгы менен айырмаланат.

2. Конституциянын долбоорунунтексти орусчадан которулган

Жогоруда белгиленгендей, акыркы Конституциябыздын долбоорунун тексти кыргыз тилинде жазылбагандыгын, орусчадан которулгандыгын толук айгинелеген кыргызча тексттеги теориялык,гносеологиялык (логикалык жана предметтик) каталарга жол берилген айрым мисалдарды келтирейин.Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн тексттердин кыргызча жана орусча варианттарын, аларга комментарийлеримди таблица түрүндө берүүнү ылайык көрдүм (1-таблицаны караңыз).

1-таблица

Преамбула,беренеМамлекеттик тилдеги текстРасмий тилдеги текст
Преамбуласоциалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуп;  стремясь к социальной справедливости, экономическому благосостоянию, развитию образования, науки и духовности;
Комментарий:Мааниси бурмаланып которулган. Туурасы: “социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билим берүүнү, илимди жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө умтулуп;”
1-берене5. Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.Народ Кыргызстана составляют граждане всех этносов Кыргызской Республики.
Комментарий: орусча так, даана баяндалган сүйлөмдүн мазмуну кыргызчага которулганда бурмаланып калган.Сүйлөм “Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын бардык этносторунан турган жарандар түзөт” деп которулуш керек эле. (Дүйнөдө 6 миңге жакын этнос бар болсо, Кыргызстанда 80ден ашык этнос топтору бар).
2-берене3. Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу3. Граждане Кыргызской Республики осуществляют свою власть непосредственно на выборах и референдумах (всенародное голосование), а также через систему государственных органов и органов местного самоуправления
Комментарий: мында котормочу орусча тексттеги “систему” деген терминди эске  алган эмес б.а. Сүйлөм “мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ТУТУМУ аркылуу”деп которулуш керек эле.
2-берене6. Мыйзам менен тыюу салынган каржылык, администрациялык жана башка ресурстарды пайдалануу менен шайлоочулардын эркин шайлоосуна таасир этүүгө тыюу салынат.6. Запрещается влиять на свободу выбора избирателей, используя запрещенные законом финансовые, административные и иные ресурсы.
Комментарий: мында котормочу “выбор” (тандоо) деген сөздү “выборы” (“шайлоо”)деген сөз менен чаташтырып алганы көрүнүп турат.
4-берене– өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн гана жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгы;– открытости государственных органов, органов местного самоуправления и их должностных лиц, осуществления ими своих полномочий в интересах народа;  
Комментарий: мында орусча так жана туура түзүлгөн сүйлөм кыргызчалаганда мааниси бузулуп калган б.а.сүйлөм “мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгы, алардын өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн жүзөгө ашыруусу” деп которулуш керек эле.  
6-берене5. Жаңы милдеттерди белгилеген же жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.5. Закон или иной нормативный правовой акт, устанавливающий новые обязанности или отягчающий ответственность, обратной силы не имеет.
Комментарий: мында“отягчающий”деген сөз “күчөткөн” (60-беренеде “күчөтүүчү”) деп которулган.“Күчөткөн – усиливающий”. Мында орусчасынын уңгусу – “силь”. “Отягчающий” деген сөздүн уңгусу – “тяж”. Бул сөз “оордотуучу” деп которулуп, укук тилине кирип калган: КР КЖ кодексинин 74-беренеси “Жазаны оордотуучу жагдайлар” (Статья 74 УК КР. Обстоятельства, отягчающие наказание), тяжкие преступления – оор кылмыштар ж.б.
7-берене2. Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат.2. Организация и порядок деятельности Народного Курултая определяются Конституцией и конституционным законом.
Комментарий: конституциялык органдардын уюштурулушун жана иштөө тартибин белгилеген ”Организация и порядок деятельности” деген сүйлөм ар кайсыл беренеде ар башкача которулган. Мисалы, ушул жана 64-беренелерде “уюштурулушу жана ишмердүүлүгү” деп которулса,  91-беренеде ж.б. беренелерде “ишинин уюштурулушу жана тартиби” деп которулган.
13-берене3. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет.3. Представителям всех этнических групп, образующих народ Кыргызской Республики, гарантируется право на создание условий для сохранения, изучения и развития родного языка.
Комментарий: мында “групп” деген сөз(б.а. “топторунун”) которулбай калган.  
19-берене3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн тутумун өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат.3. Кыргызская Республика развивает систему социальных служб, медицинского обслуживания, обеспечивает гарантии государственных пенсий, пособий и иные гарантии социальной защиты.  
Комментарий:“Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн тутумун өнүктүрөт, мамлекеттик пенсиялардын, жөлөк пулдардын кепилдиктерин жана башка социалдык коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат”.  
20-беренеМамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.Государство создает условия, способствующие разностороннему духовному, нравственному, интеллектуальному и физическому развитию детей, их гражданско-патриотическому воспитанию.
Комментарий: сүйлөм бурмаланып которулган. Туурасы:“Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө, алардын жарандык жана мекенчилдик тарбия алуусуна өбөлгө болуучу шарттарды түзөт.”
21-берене4. Мамлекет этностор жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылат.  4. Государство обеспечивает межэтническое и межконфессиональное согласие.
Туурасы:  Котормочу этностор менен этностордун ортосундагы жана конфессиялар менен конфессиялардын ортосундагы ынтымакты (орусча мааниси: “межэтническое и межконфессиональное согласие”) чаташтырып,этностор менен конфессиялардын ортосундагы ынтымак катары (орусча мааниси “согласие между этносами и конфессиями”) которгон.
22-берене5. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ырааттуулук жана илимий прогресстик принциптерге негизденүү менен фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координациялайт.5. Национальная академия наук Кыргызской Республики, основываясь на принципах преемственности и научного прогресса, координирует направления в сфере фундаментальных и прикладных наук.
Комментарий: мында сөз “ырааттуулук” тууралуу эмес,  “ишин улантуучулук” тууралуу болууда. К. Юдахиндин сөздүгүндө да “преемственность” 1. ордун басуучулук, жолун жолдоочулук; 2. иш бирөөдөн бирөөгө өтүүчүлүк, көчүүчүлүк деп которулган.
23-беренеАлар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.Они признаются в качестве абсолютных, неотчуждаемых и защищаемых законом и судом от посягательств со стороны кого бы то ни было.
Комментарий: бул сүйлөм сөзмө-сөз жана ката которулган.Туурасы: “Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголуучу укуктар катары таанылат”.  
28-берене3. Согуш, табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну, ошондой эле сот чечимин аткаруу тартибин кошпогондо, мажбурланган эмгекке тыюу салынат.3. Запрещается принудительный труд, кроме случаев войны, ликвидации последствий стихийных бедствий и других чрезвычайных обстоятельств, а также в порядке исполнения решения суда.
Комментарий: “Согуш, табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу учурларын, ошондой эле сот чечимин аткаруу тартибин кошпогондо, мажбурланган эмгекке тыюу салынат.
37-берене1. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.1. Граждане Кыргызской Республики имеют право избирать и быть избранными в государственные органы и органы местного самоуправления, а также участвовать в референдуме.
Комментарий: бул сүйлөм дагы сөзмө-сөз жана ката которулган.“Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга (“органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга” эмес – Ж.Т.), ошондой эле референдумга катышууга укуктуу”.
59-берене3. Эч ким соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер жана тартиптер боюнча гана кармалышы, камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.3. Никто не может быть задержан, заключен под стражу, лишен свободы иначе как по решению суда и только на основаниях и в порядке, установленных законом.
Комментарий: Баш мыйзамыбыздагы сандырак сөз, абракадабра! Бул сүйлөмдү сабаттуу адам он жолу окуса дагытуура түшүнө албайт. Бул сүйлөмдүн мааниси мындай: адам “мыйзамда белгиленген негиздер жана тартиптер боюнча гана кармалышы, камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес”.Андай болсо, “адам кайсы негиздер жана тартиптер боюнча гана кармалышы, камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн?” деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Орусча тексттиокуганда гана сүйлөмдүн мааниси түшүнүктүү болот: “Эч ким соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздерден жана тартиптен башка учурларда кармалышы, камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес”. Бул жобону төмөнкүдөй вариантта дагы берсе болот: “Адам соттун чечими боюнча жана мыйзамда белгиленген негиздерде жана тартипте гана кармалышы, камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн”.
76-беренеШайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.  Депутатом Жогорку Кенеша может быть избран гражданин Кыргызской Республики, достигший на день выборов 25 лет, обладающий избирательным правом.    
Комментарий: мында сөз жалпы эле шайлоо укугу жөнүндө болууда.Себеби жарандардын ШАЙЛОО УКУГУ экиге бөлүнөт: жарандардын шайлоого катышуу укугу (жигердүү шайлоо укугу) жана жарандардын шайлануу укугу (пассивдүү шайлоо укугу). Орусчасы: право граждан избирать (активное избирательное право),  право быть избранным (пассивное избирательное право). Ошондуктан “шайлануу укугуна” эмес, “шайлоо укугуна” деген так болот.
89-берене5. Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет.5. Президент несет персональную ответственность за результаты деятельности Кабинета Министров и исполнительной власти.
Комментарий: Конституциянын дээрлик  бардык беренелерде “ответственность” “жоопкерчилик” деп которулган. Мисалы, 90-берене: “Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгү үчүн Президенттин алдында жоопкерчилик тартат.” Ушулберенеде гана “Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүнжыйынтыктарына жеке жооп берет” деп өзгөчөлөнүп жазылып калган.
103-берене1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.1. Для решения вопросов внутренней деятельности судов действует судейское самоуправление.
Комментарий: мында “судейское самоуправление” деген терминди мыйзам чыгаруучу (же котормочу) “судебное самоуправление” деп туура эмес түшүнүп (которуп) алган (бул институттун туура эмес аталышы беренеде дагы 5 жолу кайталанат).“Судейское самоуправление” деген термин “судьялардын өз алдынча башкаруусу” деп которулууга тийиш. Судейская должность – судьянын кызмат орду,судейское сообщество – судьялар жамааты же бирикмеси, судейский корпус – судьялар корпусу ж.б.
108-беренеЭсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт.Счетная палата осуществляет аудит исполнения республиканского и местных бюджетов, внебюджетных средств, использования государственной и муниципальной собственности.
Комментарий: бул жободагы ката которулган.“Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүүбюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каражаттардын аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт”.
116-берене5. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда Конституцияны кабыл алуу жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.5. Запрещается принятие Конституции и внесение изменений и дополнений в Конституцию во время чрезвычайного и военного положения.  
Комментарий: бул берене дагы ката которулган, туурасы: “Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда Конституцияны кабыл алууга жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.”

3. Буга чейин мындай сабатсызБаш мыйзам болгон эмес

Ошентип, Баш мыйзамдакыргыздын адабият тилинин ченемдери бузулганучурлар, грамматикалык жана стилдик каталаркөп кездешет. Расмий тилден мамлекеттик тилге которууда орун алган сапатсыз жана сабатсыз, башаламан жана бурмаланган котормо, ошондой эле төмөндө келтирилген мисалдар колдонуудагы Баш мыйзамдын кыргыз тилиндеги тексти ага чейинки Баш мыйзамдардан өтө сабатсыздыгы менен айырмаланарын дагы бир жолу далилдейт (2-таблицаны караңыз).

2-таблица

Преамбулаукук үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыз кылуу максатында;в целях обеспечения верховенства права, справедливости и равноправия;    
ПреамбулаЧыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп;утверждая основы подлинного народовластия;
2-берене2. Кыргыз Республикасында элдик бийлик бийликтин толугу менен элге таандыктыгы,    2. В Кыргызской Республике народовластие основывается на принципах принадлежности всей полноты власти народу,
10-берене3. Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот.3. Информационная безопасность в Кыргызской Республике охраняется государством.
24-беренеЭч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы  Никто не может подвергаться дискриминации по признаку пола, расы, языка, инвалидности, этнической принадлежности
51-беренеКыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамдардын башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы 3. Өзүнүн Кыргызстан элине таандыктыгынЗа лицами, являющимися гражданами Кыргызской Республики, признается принадлежность к гражданству другого государства 3. Каждый, доказавший свою принадлежность к народу Кыргызстана
Комментарий: 1. преамбулада “справедливости” деген сөз “адилеттүүлүк” жана “адилеттик” деп 2 түрдүү берилген. Менимче, 1 термин 1 мыйзамда 1 өңчөй (таризде) колдонулганы туура болот. Ошол сыяктуу эле “верховенство” деген сөз “үстөмдүүлүк” (преамбулада) “үстөмдүк” (97-беренеде) деп 2 түрдүү которулган. Ал эми “принадлежность” деген сөз “таандыктыгы” (2-беренеде, 24-беренеде жана 51-беренеде бардыгы 4 жолу) деп которулган. Мында котормочулар (авторлор) кыргыз тилине “үстөмдүүлүк” жана “таандыктык” деген жаңы сөздөрдү  (неологизм) киргизишкен. Себеби бул сөздөрдү мен залкар түркологдор К. Юдахин менен Х. Карасаевдин сөздүктөрүнөн издеп таба албадым…   2. Негизи эле Баш мыйзамдын авторлору –тык, -лык ж.б.у.с. мүчөлөрдү ыгы келсе да, келбесе да колдоно беришкен. Мисалы, жогоруда белгиленген “үстөмдүүлүк”,“таандыктык” деген сыяктуу эле башка беренелерде “элдик бийлик”, “маалыматтык коопсуздук”, “майыптуулук” деп жазылган.Зарылдыгы болбосо да “-тык”, “-дик”, “-лук” деп “ыктытып”, чубалжытып, тилибиздин кооздугун бузуп албайбызбы?!“Эл бийлиги”,“маалымат коопсуздугу”, “майыптык”деп кыска айтса, кулакка жагымдуу угулат, негизгиси ар бир кыргыз түшүнөт.
43-берене2. Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттык сактоонун мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка мекемелерди өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.2. Государство создает условия для медицинского обслуживания каждого и принимает меры по развитию государственных, муниципальных, частных и иных организаций здравоохранения.
Комментарий: Конституциянын ушул жана 46-беренелеринен башка бардык беренелеринде “учреждение” – мекеме,  “организация” – “уюм” деп туура которулган
68-берене1. Президент болуп 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.1. Президентом может быть избран гражданин Кыргызской Республики, достигший 35-летнего возраста, владеющий государственным языком и проживающий в республике в совокупности не менее 15 лет.
Комментарий: бул сүйлөм кыргызчага келегей тил менен которулган. Кыргыздар чаргытпай минтип эле айтат: “35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат.”
80-берене9) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт; 1) Президенттик шайлоону дайындайт;  9) рассматривает вопросы административно-территориального устройства Кыргызской Республики; 1) назначает выборы Президента;
Комментарий: 1) 3 жана 113-беренелерде “администрациялык-аймактык” деп туура берилген. 2) Туурасы: “Президентти шайлоону дайындайт”.
95-берене3. Эч кимдин конкреттүү иш боюнча судьядан отчёт талап кылууга укугу жок.3. Никто не вправе требовать от судьи отчета по конкретному делу.  
Комментарий: бул сүйлөм да кыргызчага келегей  тил менен которулган. Кыргыздар жөнөкөй тил менен минтип эле айтат: “Конкреттүү иш боюнча судьядан отчёт талап кылууга эч кимдин укугу жок.”
116-берене6. Конституцияны кабыл алуу, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга Президент тарабынан кол коюлат.  6. Закон о принятии Конституции, внесении изменений и дополнений в Конституцию подписывается Президентом.  
Комментарий: расмий документтерде “тарабынан” деген сөздү ыгы жок көп колдонуу тилибиздин жөнөкөйлүгүн, кооздугун бузуп коюуда.  Минтип айтса түшүнүксүз болуп калабы: “Конституцияны кабыл алуу, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамгаПрезидент кол коёт”?

Корутунду

Жогоруда айтылгандардан улам төмөнкүдөй мыйзам ченемдүү суроо туулат: Конституциябыздагы ушул кемчиликтер жакында четтетилеби же ошол боюнча колдонула береби? Эгерде оңдолууга тийиш болсо, ким, качан оңдойт?

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамда жазылгандай, “Конституция – эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана эң маанилүү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууда негиз болуучу принциптерди жана ченемдерди бекитүүчү, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн укуктук негиз түзүүчү ченемдик укуктук акт”. Демек, Конституциянын тили ага ылайык кабыл алынуучу мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардындолбоорлорун даярдоочулар, ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) үлгү тута турган, адабият тилинин ченемдерине негизделген, сабаттуу тил болууга тийиш.

Экинчиден жана эң негизгиси, Конституциябаш болгон бардык ченемдик укуктук актылардын жоболору бурмаланбаган, сабаттуу жана түшүнүктүү тилде жазылганда гана укукту (мыйзамдарды) колдонуучулар аларды Негизги мыйзамда белгиленгендей, “так жана бирдей” аткарып, колдонушуна мүмкүнчүлүк түзүлөт, адамдардын укуктук аң-сезиминин, укук маданиятынын деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болот (Конституцияга ылайык бул дагы мамлекеттин милдети болуп саналат).

Мыйзам тилинин сабаттуулугу ченем жаратуучу органдардын (кызмат адамдарынын), биринчи кезекте, мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган катарыпарламенттин эркине, уюштуруучулук жөндөмүнө, жигердүү жана чечкиндүү аракетине жараша чечилүүчү маселелерден экендиги шексиз. Бул өңүттө Жогорку Кеңештин Төрагасы Н. Шакиевдин “Парламент коомду алдыга сүрөп, агартуучулук милдетти да аркалашы кажет. Ар бир кабыл алган мыйзамдарыбыз, токтомдорубуз жана чечимдерибиз өлкөбүздүн жаркын келечегине кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербөө негизги милдетибиз болушу шарт”деген демилгеси толук колдоого татыктуу.

Албетте, бул каржылык, уюштуруучулук жана адам ресурстарын (даярдык деңгээли жогору котормочу, редактор, корректорлорду, башка кесипкөй адистерди) талап кылган нары жоопкерчиликтүү, нары оор жана татаал иш. Парламент башчысынын демилгеси ишке ашса, бул абалы күндөн күнгө оорлоп бараткан мамлекеттик тилибизди өнүктүрүүдөгүчоң прогресс болору талашсыз.

Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ,

публицист, котормочу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17